Жазуучу Нафиси: "Ирандын зулум бийлиги чындыктан коркот"

Ирандык жазуучу Азар Нафиси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандык жазуучу Азар Нафиси
    • Author, Светлана Рейтер
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Декабрдын этегинде экономикалык кырдаалдан улам Иранда нааразылык акциялары башталган. Январдын башында дээрлик бардык ири шаарларда митингдер жана демонстрациялар өтүп, миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Январдын орто ченинде бийлик нааразылык акцияларын күч менен басты – көз карандысыз булактардан алынган маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 30 миңден ашты. Дональд Трамп бир нече жолу Иранга сокку урарын айтып коркутту – АКШнын президенти Тегеранды өзөктүк келишим түзүүгө мажбурлагысы келүүдө.

Би-Би-Си ирандык жазуучу, "Лолитаны Тегеранда окуп" китебинин автору Азар Нафиси менен маектешти. Нафиси Иранда көп жылдардан бери жашырып келатышкан чындыкты биринчилерден болуп айтып чыккан аял.

Азар – Тегерандын экс-мэри Ахмад Нафисинин жана парламенттин депутаты Нежат Нафисинин кызы. Ал Иранда төрөлүп, Улуу Британияда жана АКШда билим алып, 1970-жылдары мекенине кайтып келгенде, шах Махмуд Реза Пехлевиге каршы нааразылык акцияларына катышкан. Азар Тегеран университетинде англис адабиятынан сабак берчү. 1981-жылы паранжа кийүүдөн баш тартканы үчүн иштен алынган. Ушундан кийин ал бир нече студенттер менен англис жана америкалык адабияттарды жашыруун окуп, мунун негизинде кийинчерээк "Тегеранда Лолитаны окуп" китебин жазган. Бул китеп дүйнөлүк бестселлерге айланган. 1987-жылы ал кайрада мугалим болуп ишке кирип, Free Islamic University жана Алламе Табатабаи атындагы университетте лекция окуган. Бул университет Ирандын гуманитардык жана коомдук илимдер тармагындагы ири билим берүү жана изилдөө борбору болуп саналат. 1990-жылдары Азар Нафиси Ирандан чыгып кеткен. Учурда АКШда жашайт.

Би-Би-Си: Ирандагы нааразылык акциялары ондогон жылдардан бери аялдар менен байланыштырылып келет – Махса Амини жөнүндө окуп, Хомейнинин сүрөтүн өрттөп, тамеки күйгүзүп жаткан аялды же бети канга боёлгон, "Мен эч нерседен коркпойм, өлгөнүмө кырк беш жыл болду!" деп кыйкырып жаткан аялды көрүп келебиз. Эмне үчүн Иранда аялдар [көчөгө чыккандан] коркпойт?

Азар Нафиси: Сиз санап өткөн окуялар саясий эмес, алар адамдын эркиндигине байланыштуу. Мен — аялмын, мугалиммин, жазуучумун — мен кандай болсом, [Иранда] да ошондой бойдон калуу укугунан ажыратылдым. Бул укукту менден Ислам Республикасы тартып алды. Тоталитардык режимдин чү дегенде эле жасай турганы иши – сага калп айта баштайт. Чындыкты бурмалайт. Алар [аятоллалар] адегенде Ирандын бүт тарыхы калп экенин айтышып, андан соң жарандарды да өздөрү каалагандай кылып өзгөртүүгө киришти. Ушундан улам адамдар аман калбай турганын билсе да көчөлөргө чыгып жатышат. "Өлсөм өлөм да, бирок өзүмдү өзгөртпөйм", - дешүүдө. Себеби режим сени турган жериңде эле атып салбаса да, баары бир акыры сени жок кылат. Режим аялга каалаганын айтууга жол бербей жатат.

Ирандагы демонстранттарды колдогон митингде түрк аял полициянын колунан каза тапкан 22 жаштагы Махса Амининин сүрөтүн кармап турат. Стамбул, 2022-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандагы демонстранттарды колдогон митингде түрк аял полициянын колунан каза тапкан 22 жаштагы Махса Амининин сүрөтүн кармап турат. Стамбул, 2022-жыл

Би-Би-Си: Сиз көптөн бери АКШда жашап, иштеп келатасыз, бирок Иранда досторуңуз, туугандарыңыз бар чыгар?

А.Н.: Ооба, Иранда туугандарым, жакын досторум бар, алар менен көп нерсени башыбыздан өткөрдүк – үйгө ракета түшөбү деп коркуп, аткылоо болуп жатканда чогуу отурганбыз. Эки жума мурун бир досум менен сүйлөшкөн элем, эми болсо аны менен байланыша албай жатам.

Би-Би-Си: Ал сизге ошондо эмнелерди айтты эле?

А.Н.: Менимче, экөөбүздө окшош эле сезимдер болду го дейм – бир жагынан үмүтсүздүк, экинчи жагынан кыжырдануу. Бул караңгы түн эч качан бүтпөчүдөй сезилди. Ошол эле учурда досторумда үмүттүн оту жанып турду. Ирандагы бул нааразылык акциялары бир нерсени өзгөртө алат деген үмүт жанды. Биринчиден, митингге аялдар жана жаштар гана эмес, эркектер, аялдар, пенсионерлер – баары чыкты. Интернетте митингге хижаб кийип чыккан эркектин сүрөтү тарады, ал муну менен аялдарга "Башыңардан эмнелерди өткөрүп жатканыңарды түшүнөбүз" деп айткысы келди.

Экинчиден, бул нааразылык кыймылы саясий гана эмес, ошондуктан бардыгына тиешелүү. Зулум бийлик саясий кыймылдын лидерин өлтүрүп, түрмөгө камай алат, аятоллалар муну жасап, үч миң адамды өлтүрүштү. Бирок алар көчөгө чыгып, ырдап, бийлеп жаткан миллиондогон адамдарды өлтүрө алышпайт. Алар дагы эмне кыла алышат? Баарын камап салышабы?

Тегерандагы нааразылык акциясындагы аял, 2022-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы нааразылык акциясындагы аял, 2022-жыл

Би-Би-Си: Үч миң адам – бул расмий эсеп, Reuters агенттиги келтирген сандар бир нече эсе көп – 16 миңден ашык адам өлтүрүлгөнү айтылууда (Time басылмасынын маалыматы боюнча, өлгөндөрдүн саны 30 миңден ашты – Би-Би-Си).

А.Н.: (үшкүрүнүп) Билем. Бул режим кан көксөп турат, аны эч нерсе токтото албайт, бул анын алсыздыгын көрсөтүүдө, себеби бийликте калуу үчүн алар дайыма бирөөнү өлтүрүп турушу керек. Ал эми экинчи жагынан, Иран элинин бул режимге каршы турууга укмуштуудай чечкиндүүлүгү бар. Бул жагынан алганда, 2022-жылдагы "Аял, жашоо, эркиндик" деген урааны болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

"Эркиндик бардыгына таандык"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Сиз Ислам ыңкылабы учурунда шах Махмуд Реза Пехлевиге каршы чыгып, нааразылык акцияларына катышкан экенсиз. Сиздин баамыңызда, Батыштын ыктымалдуу кийлигишүүсү кырдаалды сиздин убагыңызда болгондой начарлатышы мүмкүнбү?

А.Н.: Иранда эркиндик үчүн күрөш боор ооругандыктан эле колдоого алынбашы керек: "Бул байкуштарды карагылачы, келгиле, тезирээк жетип барып, аларды куткарып калалы!" дегендей болбошу керек. Алардын кайраттуулугун караңызчы. Ыңкылап учурунда миңдеген ирандык аялдар "Эркиндик – бул Батышка же Чыгышка гана эмес, ал баарына таандык" деген сөздөр менен көчөгө чыгышты.

Иран эли Батыш демократиясынан эмнелерди күтүүдө? Мен саясатчы эмесмин жана айрым саясатчыларга көп деле ишене бербейм, бирок ирандыктар сырттан башкалардын

бастырып кирүүсүн каалабайт деп ойлойм, алар зомбулукту ансыз деле көп көрүшүүдө. Ирандыктар колдоого муктаж. Ирандыктарга адамдардын ачкадан өлбөгөнү керек. Ирандыктардын эркиндик үчүн күрөшү жөнүндө ойлогон сайын Түштүк Африка жана Нельсон Мандела эсиме келет. Элди ойлогон лидер керек.

Ирандыктар, анын ичинде мен дагы бир нерсени жакшы билебиз – сен душманыңа окшоп калбашың керек. Сага канчалык кысым көрсөтүлбөсүн, сен өз кадыр-баркыңды сактап калып, адамдык көз караштан алганда баалуулуктарыңа кыянаттык кылбашың керек, себеби тоталитардык мамлекет ансыз деле сени ушундан ажыратууга аракет кылып жатат. Коррупциядан улам өлкөнүн экономикасы өтө начар абалда. Коррупция мамлекеттик органдарда, мектептерде – бардык жерде бар. Мурда Иран эң бай өлкөлөрдүн бири болчу. Ал эми азыр болсо... бир досум Иранда мектептерде балдар ачкадан эсин жоготуп жатышканын айтты. Мына бийлик бизди ушул абалга жеткирди – ал бизди түрмөгө отургузуп эле тим болбостон, ачка да калтырды. Экономиканы калыбына келтирүү үчүн ирандыктарга эркиндик керек.

Ой жүгүртүүбүздү өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Көптөгөн ирандыктар шах Махмуд Реза Пехлевиге нааразы болуп, натыйжада, бир досум айткандай, биз өзүбүз Иранга душманды (аятоллалардын режимин — Би-Би-Си) жонубузга отургузуп алып киргенбиз. Эми ирандыктар бул режим керек эместигин түшүндү.

1979-жыл. Тегерандагы аял Ислам ыңкылабы маалында аятолла Хомейнинин сүрөтүн көтөрүп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1979-жыл. Тегерандагы аял Ислам ыңкылабы маалында аятолла Хомейнинин сүрөтүн көтөрүп турат

Би-Би-Си: Сиздин "Тегеранда Лолитаны окуп" аттуу китебиңиз [көптөр үчүн] кандайдыр бир деңгээлде энциклопедиянын бир түрүнө, библияга айланды, ирандык аялдарды түшүнүүнүн ачкычы болуп калды. Иран университетинен бошотулган мугалим өлкөдө тыюу салынган батыш адабияты боюнча жашыруун сабактарды өткөрүүгө кантип батынды болду экен?

А.Н.: Китеп окуу – бул реалдуулуктан качкандай сезилет, ал эми китеп сени жөн эле башка дүйнөгө алып жөнөйт, ал жерден чындыкка башка көз менен карай баштайсың. Эгерде адабият менен искусство анчалык мааниге ээ эмес болсо, анда эмне үчүн дүйнө жүзүндөгү зулумдар сүрөтчүлөрдү, жазуучуларды, акындарды, режиссёрлорду жек көрүп, жок кылып, камап, өлтүрүп жатышат?

Эмне себептен аятолла Хомейни куралы калем болгон адамга өлүм жазасын берүүдө? Адабиятта зулум бийликти чочуткан күч бар. Алар үчүн эң жаманы эмне? Чындык. Себеби китеп окуу, китеп жазуу чындыкты көрсөтөт.

Биз үчүн адабият дүйнө менен байланыш түзүүнүн жолуна айланды – Иранда Батыш демократиясына тыюу салынган, бирок китептер сени тыюу салынган жерлерге жеткире алат. (ZMa)