"Жаш кызды сексуалдык аракетке түрткөн". Үч милиция кызматкери кармалды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ош облусунун Өзгөн районунда жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге тарткан милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматка ылайык, тилкелик улук милиция кызматкери жана жашы жете электер менен иштөө боюнча эки инспектор алдын ала сүйлөшүп алып, 2008-жылы туулган кызды айрым жарандар менен жыныстык мүнөздөгү аракеттерге барууга азгырган деп шектелүүдө. Андан соң алар бул эркектерди кармап, психологиялык басым жана шантаж аркылуу акча талап кылышканы айтылат.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 4-февралда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте шектүү кызматкерлерди кармаган. Алар Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө учурунда кармалгандар күнөөлөрүн моюнга алганы жана буга окшош башка да ушундай эле иштер атайылап уюштурулганы аныкталганы белгиленген.
"Кармалган кызматкерлердин арасында жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун да болгондугу өзгөчө тынчсызданууну жаратат, алардын кызматтык мүнөздөмөсү боюнча кылмыштуулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана тарбиялык иштер менен алектенүү талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.
УКМК учурда алардын бардык мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, gknb.gov.kg
ИИМ былтыр декабрь айында Бишкек шаарында 20 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген милиция кызматкери кармалганын кабарлаган.
Расмий маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 2005-жылы туулган А. кызы А. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 28-ноябрь, түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен автоунаанын ичинде отурган кезде белгисиз адам ыдык көрсөткөнүн айткан. Даттануучу арызында ал киши өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, шеригин дүкөнгө жиберип, аны коркутуп, психологиялык басым жасап, күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын билдирген.
Тергөө учурунда ал 37 жаштагы жаран К.Ж. аттуу милиция кызматкери экенин аныкталган. Тартип сакчысы кармалган.
ИИМ өз катарындагы тартип бузган же мыйзамсыз иш-аракеттерге барган кызматкерлерди тазалоо иштерин улантып жатканын билдирген.
































