ХАМАС кыймылына каршы чыккан палестиналык топтун лидери өлтүрүлдү

Сүрөттө: Ясир Абу Шабаб Рафах аймагында иш алып барган "Элдик күчтөр" тобунун лидери болчу

Сүрөттүн булагы, Yasser Abu Shabab/Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Ясир Абу Шабаб Рафах аймагында иш алып барган "Элдик күчтөр" тобунун лидери болчу

Газа тилкесинде ХАМАС кыймылына каршы чыккан палестиналык "Элдик күчтөр" тобунун лидери Ясер Абу Шабаб өлтүрүлдү. "Элдик күчтөр" ондогон куралдуу мүчөлөрдөн турат жана Газанын Израилдин көзөмөлүндөгү бөлүгүндө, тилкенин түштүгүндөгү Рафах шаарына жакын жерде иш алып барат.

"Элдик күчтөрдүн" билдирүүсүндө Абу Шабаб "палестиналык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы "жаңжалды жөнгө салуу аракети" учурунда ок жеген. Ошол эле учурда "Элдик күчтөр" алардын лидерин Израил менен кызматташат деп айыптаган ХАМАС кыймылы өлтүрдү деген маалыматты чындыкка коошпойт деп атады.

Буга чейин Абу Шабабдын бедуин уруусу болгон тарабиндер ал "каршылык көрсөтүүчүлөрдүн колунан" [израилдик оккупациядан] өлгөнүн айтып, аны Палестина элине чыккынчылык кылды деп айыптаган.

Айрым маалыматтар боюнча, Абу Шабабдын өлүмү палестиналык ар кандай топтордун бийлик үчүн ички күрөшүнө байланыштуу.

"Элдик күчтөрдүн" лидеринин өлтүрүлүшүнө жооп катары ХАМАС "Абу Шабабдын тагдыры өз элине, мекенине чыккынчылык кылып, баскынчылардын [б.а. Израилдин] колунда курал болууга макул болгондорду күтүп турарын" билдирди. Ошол эле учурда ХАМАС окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Израил армиясынын радиосу коопсуздук түзүмдөрүндөгү булактарга таянуу менен Абу Шабаб Беэр-Шева шаарындагы Израилдин ооруканасына жеткирилгенден кийин алган жарааттан каза болгонун билдирди. Бирок медициналык мекеме бул маалыматты четке кагууда.

"Элдик күчтөр" өз билдирүүсүндө "Газа жериндеги акыркы террорист жок кылынмайынча жана тынчтыкка үмүт арткан элибиз үчүн жаркын жана коопсуз келечек курулмайынча" Абу Шабабдын ишин улантууга убада берди.

Сүрөттө: "Элдик күчтөр" Израилдин көзөмөлүндөгү аймактарда аракеттенген ондогон согушкерлерден турат

Сүрөттүн булагы, Yasser Abu Shabab/Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: "Элдик күчтөр" Израилдин көзөмөлүндөгү аймактарда аракеттенген ондогон согушкерлерден турат

Израил ХАМАСтын атаандаштарын куралдандырып жатат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Июнь айында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин бийлиги Газадагы ХАМАСка каршы чыккан палестиналык кландарды куралдандырып жатканын тастыктаган.

Буга чейин Израилдин маалымат каражаттары өлкөнүн өкмөтү курал-жарактарды "Элдик күчтөргө" жеткирүүгө буйрук бергенин жазышкан. Бирок топ Израил аларды куралдандырып жатат деген маалыматты четке каккан.

"Элдик күчтөргө" согуш маалында Газага кирген гумжардам ташыган унааларды тоношкон деген айып коюлган (бул дооматты да топ четке каккан).

Израилдин медиа каражаттарында топтун эки мүчөсү мурда "Ислам мамлекети" тобу (Орусияда жана дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндө террористтик уюм катары таанылып, ишине тыюу салынган) менен байланышта болчу деген маалымат чыккан.

Кабарларга караганда, Абу Шабаб АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен макулдашылган тынчтык планын ишке ашырууда өзүнө роль алгысы келген. Сегиз жумадан бери күчүндө болуп келаткан элдешүү маалында ХАМАСка каршы палестиналык топтордун башка лидерлери да бул ролго талапкер болушкан.

Тынчтык планынын алкагында Газада убактылуу өкмөт пайда болушу керек жана ал жерге эл аралык турукташтыруучу күчтөр да жиберилиши мүмкүн. План израилдик аскерлерди Газадан чыгарып кетүүнү жана ХАМАСты куралсыздандырууну камтыйт.

Тынчтык макулдашуусунун биринчи этабынын алкагында ХАМАС аман калган 48 туткундун баарын Израилге кайтарууга макул болду. Бул үчүн ХАМАС жүздөгөн палестиналык туткундарды жана Израилдин түрмөлөрүндө кармалып отургандарды эркиндикке чыгарууну талап кылды. Израил дагы Газадан аскерлерин жарым-жартылай чыгарып, тилкеге көбүрөөк гуманитардык жардамды өткөрүүгө уруксат берди.

ХАМАС барымтадагы бир адамдын сөөгүн Израилге кайтара элек.

Израилдин бийлиги буга чейин ХАМАС барымтада каза болгондордун сөөктөрүн кайтаруу боюнча бардык милдеттенмелерин аткармайынча тынчтык планынын экинчи фазасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын билдирген. Бирок, Трамп шаршемби күнү экинчи фаза "өтө чукул арада ишке ашышы керектигин" айтты.

Газа тилкесиндеги согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кол салгандан кийин башталган, анда 1200дөй киши набыт болуп, дагы 251 адам барымтага алынган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ошондон бери Израилдин тилкеге чабуулдарынан 70 120дан ашуун киши набыт болду. (ZMa)