Британия Украинага жапырт сокку урчу система берет. Эмне өзгөрүшү мүмкүн?

Мындай куралдан канчасы берилээрин расмийлер тактаган жок, бирок Би-Би-Си алган маалымат боюнча азырынча үчөө экени айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындай куралдан канчасы берилээрин расмийлер тактаган жок, бирок Би-Би-Си алган маалымат боюнча азырынча үчөө экени айтылууда.

АКШны улай эле Британия Орусия менен алакасы бузулаарына карабай Украинага алыска сокку уруучу артиллериялык курал бере турган болду. Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин сөзүнө караганда, М270 реактивдүү системасы Орусиянын агрессиясынан коргонууда Украинага көмөгү тиет.

Мындай куралдан канчасы берилээрин расмийлер тактаган жок, бирок Би-Би-Си алган маалымат боюнча азырынча үчөө экени айтылууда.

Батыштагы аскер иштери боюнча кээ бир экспертер Орусиянын Донбастагы айрым бир жылыштарын айтууда. Северодонецкидеги ээлеп алуулар дал ушул артиллериялык жана оор куралдардын көмөгү менен ишке ашканы сөз болууда. Украиналык аскерлер батыштан келе турган бул куралдар орусиялык күчтөрдү натыйжалуу басканга жардамы тиет деп үмүт артууда.

Өткөн аптада АКШ өзүнүн ракеталык системасын Украинага жеткирээрин жарыялаган.

Украинадагы согушта аба соккулары дагы чечүүчү ролду ойноду

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушта аба соккулары дагы чечүүчү ролду ойноду

Вашингтондун M142 (HIMARS) деп аталган мобилдүү артиллериялык ракеталык системасын Украинага берүү чечими Москванын көз жаздымында калган жок. Жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин, эгер батыш өлкөлөрү алыска сокку ура турган артиллериясын Украинага бере турган болсо Орусия сокку ура ала турган буталардын тизмесин кеңейте турганын айтып коркутту.

Британиянын өкмөтү жакынкы апталарда Украинанын аскерлери жаңы куралды колдонуу боюнча Британияда окуудан өтө турганын билдирди.

Жапырт сокку ура турган М270 реактивдүү системасы 80км радиустагы бутаны өтө таамай согуп, жок кылуучу 12 ракетаны коё бере алат. Бул азыркы Украин армиясындагы артиллерияга караганда кыйла алыска жете турган ракета.

Украинада орус аскерлерине да оңой болгон жок. Жоготуулардын чыныгы саны так белгисиз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада орус аскерлерине да оңой болгон жок. Жоготуулардын чыныгы саны так белгисиз

Уоллестин сөзүнө караганда, украин аскерлерин "аба-суудай зарыл курал" менен камсыздоо жагынан Британия сап башында турган өлкөлөрдүн бири.

"Орусиянын тактикасынын өзгөргөнүнө жараша биздин Украинага колдообуз дагы ошого шай келгидей өзгөрүшү керек. Бул өтө натыйжалуу реактивдүү жапырт сокку ура турган система путиндин күчтөрү шаарларды кыйратуу үчүн оңду-солду аткылоосунан коргонууда украин досторубузга көмөгү тиет",- деп билдирди ал.

АКШ менен Британия Украинага айтаарлык курал берди. Би-Би-Синин кабарчысы Жонатан Билдин баамында, алыска сого турган ракеталардын берилишин сезилээрлик жылыш деп баалоого болот. Бул ошол эле учурда Украина Орусиянын чоң артиллериялык арсеналына атаандаша албай турганын ырастаган факт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кургактыктагы салгылашууларлар боюнча британиялык эксперт Жек Уотлингдин сөзүнө караганда, АКШ менен Британиянын Украинга мындай куралдарды бериши фронттогу кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн, бирок бир заматта эле эмес.

Коргонуу боюнча биргелешкен Каролдук институтта эмгектенген Уотлинг М270 оракеталык системасы Британ армиясынын көзгө басар куралдарын бири экенин Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

Анын пикири боюнча, бул системалар Украинанын чыгышында орусиялык артиллерияны "мойсоп" салышы мүмкүн. Бирок украиналаыктар аны кандай колдонууну үйрөнүшу керек болот. Британиянын өзүндө деле мындай курал саналуу. Орус президентин Путиндин "Эгер батыш алыска сого турган турган ракеталарын бере турган болсо, Украинада бутага алчу обьекттердин тизмеси узарат» деп коркутканы "жөн эле ишке аша койбойт" дейт. Анткени Москва ансыз деле буга чейин эле Украинанын экономикасы жана армиясы үчүн маанилүү позицияларга сокку урууда.

Би-Би-Синин Киевде жургөн кабарчысы Жо Инвуд Донбасс үчун салгылашууну артиллерия чечип коюшу толук мүмкүн деп белгиледи.

"Орусиянын согушта колдоно турган курал-жарагы бар. Бирок системалуу эмес. Британия жөнөтө турган жаңы ракета системалары Орусиянын кыйратуучу чоң замбиректери менен ракеталарына атаандаш боло албашы мүмкүн, бирок алар так таамай соккулар менен чабуулдарга жооп кайтарып, жыйынтыгында бүктөп коюшу мүмкүн",- дейт Жо Инвуд.

Жапырт сокку ура турган М142 НIMARS реактивдүү системасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапырт сокку ура турган М142 НIMARS реактивдүү системасы

Саналуу күн мурун Северодонецктин алынышы түшүнүктүү болуп калган эле дейт Инвуд. Бирок украиналыктар кайрадан чабуулга өткөндө орусиялык күчтөрдүн эң эле жөнөкөй максаттарынын ишке ашуусу кыйын болот.

Өткөн аптада АКШ Украина тараптын Орусия аймагына атпай турганы тууралуу убадасын алган соң Украинага жапырт сокку ура турган HIMARS системасынан төрттү бере турганын билдирген. Ушундай эле чектөөлөр британдык системаларга да тиешелүү.

 Жекшембиде Путин "Россия-1" телеканалына маек курду. «Кошумча курал тартуу дегендин баары куралдуу конфликтти мүмкүн болушунча узакка созуу деген гана максатты көздөйт»,- деп билдирди Путин.

Ошол эле күнү Орусия бир нече апталык тыныгуудан кийин Киевди кайрадан аткылады.