Балкан өлкөлөрүнүн бир тобу Лавровдун учагын учурбайт

Сергей Лавров сапарын токтотууга арагсыз болду

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Лавров сапарын токтотууга арагсыз болду

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Белградга деген эки күндүк сапарын токтотууга аргасыз болду. Себеби, жекшемби күнү Черногория, Болгария жана Түндүк Македония өздөрүнүн аба мейкиндиги аркылуу Лавровдун учагынын учушуна уруксат берген жок.

6-7-июнга Сербияга сапар пландалган эле.

“Бүгүн эле бир саат мурун Сербияны курчап турган өлкөлөр байланыш каналын жаап, Сербияга бара турган Сергей Лавровдун учуп өтүүсүнө уруксат беришкен жок. Орусиялык делегация Белгградга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. Евробиримдикке мүчө өлкөлөр жана НАТО аба мейкиндигин жаап салды, алар муну менен байланыш каналын жаап салды”, - деп ТИМдин өкүлү Мария Захарова италиялык телеканалга маек куруп жатып билдирди.

Сербиянын өкмөт башчысы Ана Брнабич Лавровго байланышкан бул иш боюнча коңшу өлкөлөр менен серб президенти Александр Вучич жеке өзү сүйлөшүү жүргүзүп жатканны билдирди.

“Чындыгында өлкөдө жана Европада жагдай бир кызык. Бир өлкөнүн президенти башка бир өлкөнүн министринин барар жерине жетеби, жетпейби деген сыяктуу иштер менен алпурушуп жатат”, -деп Брнабич жергиликтүү телеканалдардын биринде айтты (“Интерфакстын” цитатасы).

Евробиримдиктин баардык өлкөлөрү жана Британия Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери орусиялык учактардын өз аймагында учуусуна бөгөт коюшкан.

Түндүк Македония жана Черногория Евробиримдикке мүчө эмес. Бирок НАТОнун курамында. Бул өлкөлөр дагы Европанын Орусияга каршы санкцияларына кошулушкан.

Сербия Орусиянын Европадагы саналуу союздашынын бири. Ал НАТОго кирбейт жана Москвага каршы санкцияларды колдобойт. Бирок 2012-жылдан бери Евробиримдикке кирүүгө расмий талапкер деген макамы бар.

Марттын башында Белградда көп кишинин катышуусунда Орусиянын Украинадагы аракеттерин колдогон акциялар өткөн эле.

Сербия Орусиянын газына көз каранды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сербия Орусиянын газына көз каранды

Сербия иш жүзүндө толугу менен Орусиянын газына көз каранды. Бирок анын Москвага ыкташынын дагы бир себеби Косовонун көз карандысыздыгын тааныбоодо орус бийлиги аны колдогонунда.

Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын аба мейкиндигинин жабылышы Орусияны Европа аба мейкиндигине чыкчу соңку коридорунан куру жалак калтырат.

“Дипломатия азырынча телепортацияны өздөштүрө элек”,- деп билдирди жагдайга комментарий берген Орусиянын тышкы иштер министрлигиндеги булак.