Украинадагы согуш кандай бүтөт? Потенциалдуу беш сценарий

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Джеймс Лэндейл
- Role, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы
Кандай гана согуш болбосун бир түрүлүп толкуп, бир тартылып турган океанга окшош, Украина менен Россиянын кандуу кармашында дагы ушундай циклдар болбой койбойт.
Согуш башталганда Украина бат эле күм-жам болот деген кооптонуу болуп жаткан, бирок Киевдин алдында украин армиясы катуу каршылык көрсөтүп, орус аскерлерин чегинүүгө аргасыз кылды. Андан кийин Россия күчүн топтоп, Украинанын чыгышындагы кайрадан катуу чабуулга өттү.
Кандуу кармаш башталгандан бери 100 күн өттү. Эми анын кандай бүтөрүн айтууга болобу?
Бул жакта беш потенциалдуу сценарий бар, алар бири-бирин жокко чыгарбайт, бирок ар бири кайсы бир деңгээлде чындыкка коошуп турат.

1. Алсырткан узак согуш
Согуш дагы бир топ айга, а балким, жылдарга да созулуп кетиши мүмкүн, украин жана орус аскерлери ушундай «ит согушун» салып тура бериши мүмкүн.
Бир тарап тактикалык жеңилүүгө учурап же ийгиликке жетсе гана олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок эч бир тарап жол бергиси келбейт. Россиянын президенти стратегиялык үстөмдүккө таянып, акыры Батыш Украинага жардам берүүдөн чарчап, өзүнүн экономикасына жана Кытай коркунучуна көбүрөөк көңүл буруп баштайт деген ойдо жеңишке жетем деп турат.
Батыш өз кезегинде чечкиндүүлүктү көрсөтүп, Украинага курал-жарактан жардам берип жатат. Согуш талаасында иш жүзүндө фронттун сызыгы чийилип калды, согуш бара-бара позициялык «бүтпөс согушка» айланып баратат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Кыска мөөнөттөн караганда мен кайсы бир тараптын орчундуу тактикалык же стратегиялык жеңишин көрбөй турам,-дейт Австралиянын отставкадагы генералы Мик Райан. - Согушуп жаткан тараптардын бири дагы чечүүчү стратегиялык сокку урганга күчүн көрсөтө албады».
2. Путин жарашуу жарыялайт
Эгер Путин дүйнөнү таң калтырып, жарашуу жарыялап жиберсечи? Ошондо ал басып алган аймактарын бекемдеп, өзүнүн жеңишин да жарыялап алмак.
Путин «согуштук операция» максатына жетти: Донбасстагы Кремль колдогон жикчилдер бекем коргонууга жөндөмдүү болуп калды, Крымга болсо кургактан коридор ачылды деп, эми ушундай моралдык үстөмдүктүн позициясынан Украинаны согушту токтотууга мажбурлап көрсө болмок.
"Россия бул ыкманы каалаган учурда колдоно алмак, эгер Украинаны кол көтөрүп, шарттуу тынчтык үчүн өзүнүн аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартууга көндүр деп Европа менен ойногусу келсе»,-дейт Королдук эл аралык мамилелер институтунун (Чатем-Хаус) Россия боюнча эксперти Кир Джайлс.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мындай көз караш Парижде, Берлинде жана Римде айтылды: согушту улантуунун эмне кереги бар, глобалдык экономикалык проблемаларды чечели, жарашуу жараянын баштайлы деген сөздөр болбой койгон жок.
Бирок буга АКШ, Улуу Британия жана Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрү каршы чыгууда. Алардын саясатчылары Россия башка жеп кайра артына кайтышы керек, бул Украина эле эмес бүт Европанын, керек болсо эл аралык кызыкчылык үчүн керек деп жатышат.
Демек, Россия бир тараптуу жарашуу жарыяласа кырдаал өзгөрүшү мүмкүн, бирок согуштун аякташына алып келбейт.
3. Туюк кырдаал
А эгер Россия да, Украина дагы согуш менен иш бүтпөй турган болуп калды деп саясий жол менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө барсачы?
Алардын аскери да, согуштук техникасы да түгөнүп баштады дейли. Кан төгүп, ресурстарды чачып согушту улантуунун мааниси болбой калды. Аскердик жана экономикалык зыяндын орду толгус болуп турат. Украин эли согуштан чарчады, мунарыктаган жеңиш үчүн көкүрөгүн окко тосконду адамдар каалабай калды.
Эгер Киевдеги жетекчилик, Батыш дагы эле жардамын аябайт деп ишене бербей, сүйлөшүүгө барбаса болбой калды деген бүтүмгө келсечи?
АКШнын президенти Жо Байден өзү деле ачык айтып атпайбы, америкалыктардын максаты сүйлөшүү учурунда Украинанын позициясынын күчтүү болушуна жетишүү деп.
Батыштын Россия жеңилсин деген тилеги Украина жеңсин дегенге барабар эмес деген сөздү айтып жатпайбы бир даары.
Бирок мындай туюк кырдаалды дагы көп айлап күтүш керек, ал эми саясий чечимге жетишүү абдан татаал болот. Бул жерде Киев Москвага ишенбей жатканын айтыш керек: алар Путин менен кандай гана келишим болбосун, ал тыныгып алып, күчүн жыйнап кайрадан кол салат деп ойлошууда.
Демек, тынчтык келишими көпкө деле созулбай, согуштук аракеттер кайрадан жанданышы ыктымал.
4. Украина жеңет
Кандай болсо дагы Украина жеңишке окшогон бир үстөмдүккө жете алабы? Сегиз жыл мурдагы тарттырып жиберген аймагын айтпай эле коелу, кечээки эле басып кирүүгө чейинки чек арага чейин чегинүүгө Россиянын аскерин мажбурлай алабы?
"Украина бул согушта жеңип чыгары калетсиз", - деп айтты өткөн аптада голландиялык телекөрсөтүүгө берген маегинде Владимир Зеленский.
Эгер Россиянын Донбассты ээлеп алуу аракети оңунан чыкпай, жеңилүүгө учураса, эмне болот?
Россиянын аскердик машинасы ансыз деле батыштын олчойгон санкцияларынын соккусунда турат. Ал эми Украина алыска таамай атуучу ракеталар колго тийсе, контрчабуулга өтүп, орус армиясы чубалжып чачылып жаткан аймактын баарын бошотуп алышы мүмкүн да.
Эгер Украина өзүнүн армиясынын күчүн чыңдап, коргонуудан чыгып, чабуулга өтүп баштасачы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай сценарий болуп кетиши да мүмкүн, ошондуктан саясатчылар алды-артын карап иш кылышы керек. Эгер Путин жеңилип баратса, конфликтти курчутуш үчүн химиялык же өзөктүк куралын көтөрүп чыкпайбы деген да чоң суроо бар.
"Путиндин колунда өзөктүк курал турганда, ал кадимки согушта жеңилгенди моюнга алат деп ойлобойм",-деп билдирди жакында Королдук колледждин тарыхчысы Ниалл Фергюсон.
5. Россия жеңет
Ал эми Россиянын «жеңиши» канчалык реалдуу?
Батыштын баамында, Россия кээде мүдүрүлүп чалынып жатканына карабастан, Киевди басып алуу, Украинанын чоң бөлүгүн каратып алуу планынан кайта элек.
Өкмөттөгү бир чоңдун айтымында, бул программа-максимумду эч ким жокко чыгара элек.
Россия Донбасстагы ийгиликтеринен пайдаланып, аскеринин бир бөлүгүн башка багыттарга жибериши, мисалы, ошол эле Киевди алгыла деп кайра команда бериши мүмкүн.
Ошондо, болжомдо, орус армиясынын сандык артыкчылыгы жана командирлердин аскер өмүрүн аябаган көктүгү үзүрүн берип, украин күчтөрү оор жоготууга кабылбайбы.

Сүрөттүн булагы, EPA/UKRAINIAN PRESIDENTIAL PRESS SERVICE
Президент Зеленский өзү айткандай, согушта күнүгө жүзгө чейин украин жоокери курман болууда, ал эми жарадар болгондор андан беш эсе көп.
Эл ичиндеги пикирлер да экиге ажырашы мүмкүн: украиндердин бир даары согушту уланталы десе, башкалары тынчтык келишимин талап кылышы да ыктымал. Батыштын кээ бир өлкөлөрү да жардам берүүдөн акыры чарчашы мүмкүн.
Экинчи жагынан, эгер Россия жеңип баратса, Украинанын союздаштары конфликтти жаңы деңгээлге чыгарбайт деген ишеним жок.
Батыштын бир дипломаты мага өзүнчө айткандай, Батыш Россиянын тизгинин тартыш үчүн Тынч океанда өзөктүк куралын сынап жиберсе болбойт беле.
Ошентип, бул согуштун эртеңи али дагы бүдөмүк. (КС)












