Зеленский: Россия Украинанын аймагынын бештен бирин басып алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украина президенти Владимир Зеленский россиялык аскерлер анын өлкөсүнүн аймагынын 20% басып алганын билдирди. Москванын Украинага кол салганына жакында жүз күн болот.
Люксембургда парламент депутаттарына кайрылып жатып, Зеленский фронттун сызыгы миң километрден ары созулуп жатканын белгиледи.
«Бул агрессияда Россия болгон бардык аскердик күчтөрүн салып жатат», — деди ал депутаттарга видео байланыш учурунда.
Россиянын күчтөрү ушул убакта Донбасстагы Северодонецкиге чабуулду күчөтүп жатат.
Улуу Британиянын коргоо министрлигиндеги расмий булактардын айтымында, Россия бул шаардын чоң бөлүгүн ээлеп алды жана артиллериядан үстөкө-босток аткылап, улам үстөмдүккө ээ болууда.
Северодонецк — Украина көзөмөлдөп турган эң чыгышта турган шаар, областтын губернатору Сергей Гайдайдын айтымында, Россия шаардын коргонуусун «бүт бардык тараптан» жырып салууга аракет кылууда.
Ошол эле учурда украин аскерлери дагы кайра каршы чабуулга өтүп, «душманды кээ бир көчөлөрдө артка сүрүп, бир нечесин туткунга алды».
Анын айтымында, көчөдөгү улам күчөп басылбай жаткан атышуулардан улам жашоочуларды эвакуация кылуу кыйын болуп калды.
Бейшембиде кечиндеги видео кайрылуусунда Зеленский Донбасстагы кырдаал ошол күнү анчалык деле өзгөргөн жок, бирок украиндер Северодонецкидеги согушта бир топ ийгиликтерге жетти деп айтты.
Шаардын он беш миңден ашуун жашоочусу камалып калды, алардын көбү «Азот» химиялык заводунда баш калкалоодо.
Дал ушул жерге орус аскерлери артиллериядан сокку урганда Зеленский Россияны кем акыл деп айыптады.

Түштүктөгү оккупацияланган шаар Марипуолдун мэри россиялык күчтөрдү Москванын колдоосундагы жаңы бийликке баш ийбеген мамлекеттик кызматкерлерди жазалап жатканын айтууда.
Мариуполдон басып алына электе чыгып кеткен Вадим Бойченко Оленевск түрмөсүндө ондогон адамдар камалып турганы, аларга оккупациялык күчтөр уруп-сабап, кыйноо көргөзүп жатканы тууралуу кабарларды алганын билдирди. Би-Би-Си согуш шартында анын айткандарынын чындыгын текшегенге мүмкүнчүлүгү жок.
Өткөн аптада Бойченконун кеңешчиси CNN компаниясына шаарды камалоо, бомбалоо учурунда кеминде 22 миң адам өлгөнүн айтты.
Түндүк-Чыгыштагы Харьковдо Россиянын күчтөрүнүн артиллериялык соккусунан бир аял каза таап, бир эркек жаракат алганын жергиликтүү бийликтер кабарлады.
Ал эми Украинанын чыгышында Львовдо ракеталык соккулардан беш шаар тургуну жабыркаганын бул региондун башчысы Максим Козицкий билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батыш лидерлери Россия президенти Путиндин негизги союздаштарына дагы санкцияларды күчөтүүдө.
Бейшембиде АКШнын финансы министрлигинин өкүлдөрү санкциялардын жаңы пакетин жарыялашты, анын ичинде Путин менен байланыштагы бир нече яхтага, ошондой эле россиялык лидерге ортомчу болуп жатканы айтылган виолончелистке да санкция салынды.
АКШнын расмий өкүлдөрү Путиндин жеке активине тийиштүү деп аныкталган эки кемени – россиялык желек илген «Грейсфул», Кайман аралынын желегин илген «Олимпия» яхталарын ээлеп алуунун аракетин көрүүдө.
Виолончелист Сергей Ролдугин айрым маалыматтар боюнча орус президентинин офшшордогу активдерин сактап жүргөн адам.
Путин менен байланышы бар беш олиграхтын, ошондой эле Россиянын ТИМ расмий өкүлү Мария Захарованын дагы АКШдагы активдери тоңдурулмай болду, америкалык корпорациялар менен иштешүүгө аларга тыюу салынды. (КС)












