Иран президентинин өмүрүн алган тик учак тууралуу эмне билебиз?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандын президенти Ибрагим Раиси жекшемби күнү тик учак кырсыгынан каза болгондон бери дүйнө өлкөлөрүнүн дүрбүсү Иранга карай бурулду.
Көптөгөн мамлекеттердин жетекчилери көңүл айтуу телеграммасын жолдоп жатышат. Өлкөнүн өзүндө беш күндүк аза күтүү жарыяланып, кечээтен бери тик учак кырсыгында каза болгондор менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат.
Жекшемби күнү кыйраган Bell 212 тик учагынын ичинде президент Ибрагим Раиси баштаган аткаминерлер, экипаж мүчөлөрүн кошкондо тогуз адам болгон.
Алар Иран-Азербайжан чек арасындагы Каз-Каласи жана Худа-Афарин дамбаларынын ачылыш аземинен кийин Тебриз шаарына баратышканда учак кырсыкка учурап, баары мерт кеткен.
Ибрагим Раисини делегациясы үч тик учак менен жүргөн. Экөө көздөгөн жерине аман-эсен жеткен.
Кырсыктын себептери расмий түрдө айтыла элек. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары алгачкы себеп катары аба ырайынын начардыгын аташкан.
Ушул тапта дүйнөлүк басылмаларда кырсыкка учураган тик учак тууралуу да кызуу талкуу жүрүп жатат. Биз учак тууралуу учкай маалыматтарга токтололу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Bell 212 тик учагы жөнүндө эмне билебиз?
Bell 212 тик учагы UH One-N-Twin тик учагынын бир варианты. Ал 1960-жылдардагы Вьетнам согушунда колдонулган.
Бул тик учакты башкы кеңсеси Техас штатында жайгашкан америкалык Bell Textron компаниясы чыгарган.
Reuters маалымат агенттигинин маалыматына караганда, бул тик учак 1960-жылдары Канада армиясы үчүн жасалган жана UH-1 Iroquois деп аталган тик учактын жаңы үлгүсү.
Жаңы үлгүдө эки кыймылдаткыч орнотулган, мурункуга караганда көбүрөөк жүргүнчү батат.
АКШнын аскердик машыгуу документтерине ылайык, бул тик учак 1971-жылы АКШ жана Канада тарабынан флотко кошулган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул тик учакты кимдер кандай максаттарда колдонот?
Бул тик учакты жүргүнчүлөрдү ташууга, өрт өчүрүү, жүк ташуу, курал жеткирүү ж.б. иштерге колдонсо болот.
Ибрагим Раиси бара жаткан тик учак жогорку бийлик өкүлдөрүн иш сапарларга ташып жүрүүгө ылайыкталып өзгөртүлгөн.
Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинен алынган документтерге ылайык, экипажды кошкондо учакка 15 киши батат. Узундугу 17 метр, бийиктиги төрт метрге жакын.
Global Air веб-сайтына ылайык, Bell 212 тик учагын башкаруу үчүн саатына 1,5 миң доллар сарпталат.
Weapon System сайтынын маалыматы боюнча, тик учак саатына 230-260 км ылдамдыкта учат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Bell 212 тик учакгын Жапониянын Жээк коопсуздук кызматы, АКШда өрт өчүрүүчүлөр жана күч органдары колдонот.
Таиланддын Улуттук полициясы да бул тик учакты колдонот.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Иранда Bell 212 үлгүсүндө канча тик учак бар экени так белгисиз.
Бирок Flight Global уюмунун Дүйнөлүк аскер аба күчтөрү боюнча 2024-жылга карата маалыматына ылайык, Иранда аскер күчтөрү колдогон мындай үлгүдөгү 10 тик учак бар. Кырсыкка учураган тик учакты алар канча жылдан бери колдонуп келгени белгисиз.
Bell 212 канчалык коопсуз?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыркы жолу мындай үлгүдөгү тик учак 2023-жылдын сентябрында кулаган. Андан мурдарак Бириккен Араб Эмираттарында жеке компанияга таандык ушундай эле учак кулап түшкөн.
Кудум эле ушундай учак 2018-жылы Иранда да кырсыкка учурап, төрт адам каза болгон.
2013-жылы сентябрда Мумбайда Bell 212 тик учагы кырсыктап, беш адам каза болгон.
Aviation Safety Network веб-сайтына ылайык, 1972-жылдан 2024-жылга чейин болжол менен Bell 212 үлгүсүндөгү 432 тик учак кырсыкка кабылып, болжол менен 630 адам каза болгон.
Иранда аба флотунун абалы кандай?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Иранга көп жылдардан бери киргизилген санкциялар анын аба флотун аябай алсыратты. Мындан улам өлкөнүн аба транспортунун коопсуздугу начар көрсөткүчкө ээ экени айтылып келет.
Буга АКШнын көп жылдан бери киргизген санкциялары башкы себеп.
Буга чейин Ирандын коргоо жана транспорт министрлери жана аба күчтөрүнүн командирлери да учак жана тик учак кырсыгынан каза болгон.
2001-жылдын майында Ирандын транспорт министринин учагы кыйрап, борттогу 28 адам мерт кеткен.
Иран өкмөтү тарабынан ата мекендик учактарды жаңылоо үчүн Батыш өлкөлөрү менен айрым келишимдер түзүлүп, чектөөлөрдү алуу талкууланган.
Бирок ошол кездеги АКШ президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип бул аракеттер токтоп калган.
Би-Би-Синин эл аралык иштер боюнча редактору Жереми Боуэндин айтымында, Иран көп жылдардан бери санкция астында болгондуктан, учактарга тетик алуу же аларды жаңылоо маселесинде көп көптөгөн көйгөйлөргө кабылып келет.
Боуэндин 1990-жылы Иранда болгон катуу жер титирөөнү чагылдырып жүрүп, өзү күбө болгон көрүнүштү эскерди.
"Мен Ислам революциясына чейин шах дооруна таандык Америкада жасалган тик учакта болгом. Анын кыймылдаткычтарынын бири иштен чыгып калгандыктан авариялык конууга аргасыз болгон. Бир нече жумадан кийин ошол тик учак кулап түшүп, борттогулардын баары каза болгонун уктум", – деди Жереми Боуэндин. (SA)












