Путин: кыргыз-орус соода төлөмдөрүнүн 97% улуттук валюталарда жүргүзүлүүдө

путин

Сүрөттүн булагы, president.kg

Былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 13,6% өсүп, рекорддук көрсөткүчкө, тактап айтканда 4,1 млрд. долларга жетти.

Бул тууралуу 26-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары учурунда билдирди. Быйыл тогуз айда бул көрсөткүч дагы 17% көбөйгөн. Төлөмдөрдүн 97% улуттук валюталарда жүргүзүлгөн.

Путин мындан тышкары орус инвестициянын көлөмү 2 млрд. долларга жеткенин, кыргыз жергесинде Орусиянын катышуусунда 1700дөн ашуун ишкана иштеп жатканын да кошумчалады.

Ал экономикадагы мындай оң динамикага ички саясаттын туруктуулугу жана ишенимдүү өнөктөштүк шарт түзүп жатканын белгиледи.

"Орусиядагы алдынкы мунай-газ компаниялары Кыргызстанды жаратылыш газы жана мунай өнүмдөрү менен камсыз кылууда. Тынч өзөктүк программа боюнча кызматташууда, күн панелдерин жана шамаал электр станцияларын курууда, санариптик экономикада, транспорттук-логистикалык тармакта чоң потенциал бар экенин көрүп турабыз", – деди Владимир Путин.

Путинин алдында сөз сүйлөгөн кыргыз президенти Садыр Жапаров Орусия Кыргызстан үчүн стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана ынак дос бойдон калганын белгиледи.

"Биздин эл күнүмдүк жашоосунда бардык негизги багыттар боюнча, өзгөчө энергетика жана азык-түлүк тармактарында Орусиянын көрсөткөн колдоосун сезип келет. Сиздин саясатта ырааттуулукту жана стратегиялык багытты сактай билүү жөндөмүңүз биздин өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ болуп, союздук кызматташууну чыңдайт. Биз муну терең баалайбыз жана түзүлгөн ишенимдүү мамилелерди бекем сактайбыз", – деди Жапаров.

Путин

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрдын кечинде мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Аны "Манас" аба бекетинен президент Садыр Жапаров тосуп алган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырып, улуттук кийимчен кыздар салттуу бий бийлешти. Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды",- деп билдирген Президенттик администрациянын маалымат кызматы.

Путин Кыргызстанга жоон топ делегация менен келе жатканы маалымдалган.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков буга чейин билдиргендей, делегациянын курамында өкмөттөр аралык комиссияны жетектеген вице-премьер Алексей Оверчук, ички иштер министри Владимир Колокольцев, ошондой эле экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, энергетика министри Сергей Цивилев, саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, транспорт министри Андрей Никитин, спорт министри Михаил Дегтярев жана илим министри Валерий Фальков бар.

Ошондой эле делегация курамына Борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллина, "Роспотребнадзордун" башчысы Анна Попова, "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев жана ФСВТС жетекчисинин орун басары Михаил Бабич киргени айтылган.

Мындан сырткары, Президенттик администрациянын жогорку кызмат адамдары келишти.

Орус президентин коштоп, ири бизнес өкүлдөрү да келери маалымдалган. Алардын арасында таанымал ишкерлер Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана бар.

Орусиянын президенти Кыргызстанга акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 2019-жылы, ал эми расмий сапар менен 2023-жылы келген.