Украина менен АКШнын делегациялары Флоридада тынчтык планын талкуулашты

Марко Рубио менен Рустам Умеров.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марко Рубио менен Рустам Умеров.

Украина жана Америка делегациялары Флоридадагы жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу планын талкуулашты. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сүйлөшүүлөрдү продуктивдүү деп атады, бирок "иш али алдыда" деп кошумчалады. Ал эми Украина делегациясын жетектеген Коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров аларды "продуктивдүү жана ийгиликтүү" деп мүнөздөдү.

Эми тынчтык планын Орусиянын президенти Владимир Путин менен талкуулоо үчүн АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барат. Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Уиткофф Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен бирге дүйшөмбү күнү Москвага учуп кетет, ал эми Путин менен жолугушуу шейшембиде өтөт.

"Биз Женевада жетишкен нерселерибизден жана ушул аптадагы окуялардан улам, дагы бир абдан продуктивдүү жолугушуу өткөрдүк, – деген АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио «бирок иш али алдыда" деп кошумчалады.

"Анын көптөгөн компоненттери бар жана, албетте, бул теңдеменин бир бөлүгү болушу керек болгон дагы бир тарап бар. Мырза Уиткофф Москвага баргандан кийин, бул иштер ушул аптанын аягында улантылат. Биз ошондой эле Орусия тарап менен байланышта болуп, алардын да көз караштарын жакшы түшүнүп жатабыз," – деди Рубио.

Флоридадагы жолугушуунун жыйынтыгында Умеров: "Биздин максатыбыз – гүлдөгөн, бекем Украина. Биз Украина үчүн маанилүү болгон бардык маселелерди талкууладык. АКШ бизди абдан колдоду," – деп айтты.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, Флоридадагы сүйлөшүүлөр "оңой-олтоң болгон жок", ал эми CNN булагы аларды "оор, бирок абдан конструктивдүү" деп мүнөздөгөн.

АКШ президенти Дональд Трамп өз кезегинде сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатканын жана "келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк бар" деп комментарий берди.

"Алар жүрүп жатат жана жакшы жүрүп жатат. Биз адамдардын өлүмүн токтоткубуз келет... Менимче, биз келишим түзө алабыз деген жакшы мүмкүнчүлүк бар," – деди Трамп Air Force One учагында журналисттерге.

АКШ тарабынан сунушталган жана Орусия менен биргеликте иштелип чыккан алгачкы тынчтык планы 28 пункттан турган. Көптөгөн батыш ЖМКлары жазгандай, ал негизинен Орусиянын позициясын чагылдырып, башка нерселер менен катар Киев үчүн кабыл алынгыс болгон. Мисалы, Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алганын таануу, Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн санын чектөө жана Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартуусу сыяктуу жоболорду камтыган.

Бирок, Украина жана европалык өнөктөштөр менен Женевада кеңешкенден кийин план өзгөртүлгөн. Анын акыркы редакциясы жарыялана элек, бирок Киев менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресске жетишилгенин айтышууда.

Батыш ЖМКлары эң татаал маселелер: аймактар жана АКШ тарабынан берилүүчү коопсуздук кепилдиктери "талкууга киргизилбей" президенттер Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин кароосуна калтырылышы мүмкүн деп жазышкан.

"Сүйлөшүү конструктивдүү болду"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Владимир Зеленский Флоридада тынчтык планы боюнча өткөн Украина-Америка сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары ага "диалогдун негизги параметрлери, акценттери жана айрым жыйынтыктары" жөнүндө баяндама беришкенин билдирди.

"Сүйлөшүүдө конструктивдүүлүк бар экендиги маанилүү жана жолугушууларда бардык маселелер ачык, Украинанын суверенитетин жана улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган мүнөздө талкууланды", – деп жазды Зеленский өзүнүн социалдык тармактарында.

Ал сүйлөшүүлөрдүн башка аки-чүкүсүн тактаган жок жана "мындан ары да иштөөгө" убада берди. "Командабыздын толук баяндамасын жеке жолугушууда күтөм," – деп кошумчалады Зеленский.

Батыш ЖМК булактары сүйлөшүүлөрдү "жеңил эмес" жана "оор", бирок конструктивдүү өттү деп сыпатташты.

Жекшемби күнү Bloomberg агенттиги АКШ президенти Дональд Трамп "согуш аракеттерин токтотуу үчүн Киевди Москвага аймактык жана башка жеңилдиктерге барууга мажбурлоого аракет кылып жатат" деп кабарлаган.

Америкалык Wall Street Journal гезити америкалык администрациянын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип, Флоридадагы Украина-Америка сүйлөшүүлөрүндө башка нерселер менен катар "Украина менен Орусиянын ортосунда аймакты алмашуу мүмкүнчүлүгү" талкууланганын жазган.

Басылманын маектеши делегациялар Украинада шайлоо өткөрүү убактысын да талкуулап жатканын билдирген.

Америка администрациясынын тынчтык планынын алгачкы версиясында Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алышын эл аралык таануу мүмкүнчүлүгү айтылган, бирок, Украина муну бир нече жолу жол берилгис деп атаган. Айрым батыш ЖМКларынын маалыматы боюнча, натыйжада аймактар маселесин президенттер Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жеке жолугушуусуна калтыруу чечими кабыл алынган.

ЖМКлар Орусия ок атышууну токтотуунун шарты катары украин аскерлерин Донецк облусунун бүткүл аймагынан чыгарууну талап кылууда деп жазышкан. Айрым маалыматтарга караганда, Москва ошондой эле Украинанын көзөмөлүндө калган Херсон жана Запорожье облустарынын бөлүктөрүн басып алуу аракеттерин токтотуу ниетин билдирет, бирок, Орусия бийлиги муну расмий түрдө тастыктаган эмес.

"28 пункттан турган план" ок атышуу токтогондон кийин 100 күндүн ичинде Украинада шайлоо өтүшү керек деп да айтылган.

Ошондой эле Киевде ушул аптада тынчтык планын андан ары талкуулоо үчүн Трамптын атайын чабарманы Дэн Дрисколлду да күтүшүүдө.