Жарык өчө баштады. Президенттин жообу, эксперттердин ою
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, NESK.KG
Электр энергияны берүүдө чектөө киргизилип, учурда жер-жерлерде маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлүүдө. Муну президент Садыр Жапаров “Токтогул” ГЭСи менен “Үч Коргон” ГЭСин кайра оңдоп-түзөө, жаңылоо менен байланыштырып, келерки күз-кышка карата жүрүп жаткан даярдык катары түшүндүрдү.
Бул тапта күн сайын электр жарыгы алдын-ала эскертилбей өчүп калганына нааразы болгон видео кайрылуулар жана билдирүүлөр социалдык тармактарга улам сайын чыгууда. Мындан улам, өчүрүүлөр дагы канчага чейин уланат деген кооптонуулар дагы көбөйдү.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Президенттин комментарийи
Президент “Кабар” маалымат агенттигине берген кыскача маегинде электр энергияга болгон чектөөлөргө байланыштуу элдин сын-пикирлерине жооп берген.
Анда жүрүп жаткан реконструкция жана модернизация иштери ГЭСтер салынгандан бери жүрбөгөнүн айтып, азыр ошонун кесепетинен улам жараксыз абалга кептелгенин билдирген.
“Ушул иштерге байланыштуу электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат.
"Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет”, - деген Садыр Жапаров.

Сүрөттүн булагы, KABAR.KG
Ошондой эле президент “сууну сатып жатышат” деген сөздөргө дагы комментарий берип, “Токтогул” суу сактагычынан суу сатуу такыр мүмкүн эместигин, онлайн камералар аркылуу түздөн-түз көзөмөлдөсө болорун айтты. Бирок, буга карабастан жолун таап, сатып жаткандар болсо, аёсуз жаза аларын дагы эскерте кеткен.
Мындан сырткары, энергетикалык кубаттуулукту арттыруу үчүн “Камбар-Ата -1 ГЭСинин” курулушуна эки жылдан бери бюджеттен каражат бөлүнүп, жолдор, көпүрө, туннель жана башка иштер салынып бүтүп калганын дагы кошумчалады.
Бул үчүн Дүйнөлүк банктан дагы каражат бөлүнгөн.
Жарыктын өчүрүлүшү тууралуу маалыматты кайдан алабыз?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коомчулукта жарыктын алдын-ала эскертилбей өчүрүлүп жатканына нааразы пикирлер болууда. Кыргызстандын Улуттук электр тармагы өчүрүүлөр тууралуу маалымат алардын борбордук жана аймактардагы расмий сайттарында бир күн мурун маалымдалып турарын айтууда. Ошондой эле соңку бир күндө республика боюнча эч кандай өчүрүү болгон жок деп ишендирүүдө.
“Кыска мөөнөттүү ашыкча жүктөмдү азайтуу боюнча мүмкүн боло турган иш-чаралардын графиктерин сайттарга жайгаштыралы деп жатабыз. Буга чейин жөнгө салуу иштери болуп жаткан. Мунун баары электр энергиянын кыйла өсүп кеткенине байланыштуу болуп жатат да”, - деп билдирди Улуттук электр тармагы ишканасынын басма сөз катчысы Элзада Саркашкаева.
Жарандар өз аймагындагы электр жарыгынын өчурүлүшү тууралуу маалыматты билүү үчүн “Кыргызстан электр тармагынын” расмий сайтына кирип, жашаган аймагын тандап, мисалы шилтеме аркылуу “Бишкек электр тармактарын” тандап, анда “Абоненттерге” бөлүмүндө “Өчүрүүлөр” тууралуу маалыматка кирип, кабар алып турса болот. Эгерде бул жерде сиз жашаган аймак, көчөнүн аты жок болсо, анда электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт.
Ошондой эле Улуттук электр тармагы, жарандарга кайрылып, жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
Жабдыктардын күйүп кетүүсүнүн алдын-алуу

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп турган чакта, күн панелдери жана жарыкты үлгүлтүксүз колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн генераторлор жардамга келет. Электр жарыгы кокустан өчүп калган учурда автоматтык түрдө кошулуп кетет.
Жарык өчүрүлүп, бир топ убакыттан кийин кайра күйгөн учурда чыңалуу 220-230га чейин жетип кетет. Ошон үчүн электр өчөн кезде, сыналгы, муздаткыч ж.б. техникаларды электр туташтан сурап коюу керектигин адистер айтып келишет. Антпесе, жабдыктар күйүп кетиши ыктымал. Мындай учур трасформаторлорду алмаштыруу учурунда дагы кездешет. Бул технологияны ишке ашыруу үчүн электр тармагы боюнча эксперт Кубаныч Алимов “Манас” эл аралык университетинин “электроника жана электр инженерлиги кафедрасынын” студенттери менен бирге иш алып барып жатканын айтты.
“Мындай учурда жабдыктар күйүп кетпеши үчүн, электр жарыгы өчкөндөн бир аз убакыттан кийин, автоматтык түрдө туташ ажырап калат, ал эми жарык берилгенден бир аз убакыттан кийин автоматтык түрдө кошлууп калат. Ошондой эле айтарым, күн панелдерин коюга субсидиялар берилсе дейт элем. Күн панелдерин кура турган жерлерди бекер берип, беш жылга же белгилүү бир мөөнөткө чейин салыктан бошотууга мүмкүнчүлүк түзүш керек деп ойлойм. Мунун баары инвесторлорду тартууга жана сууга болгон талапты азайтууга шарт түзүлөт”, - деди жеке ишкер, инженер Кубаныч Алимов.

Кыргызстанда маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүү байма-бай кездешет. Муну энергетиктер оңдоп-түзөө иштери менен байланыштырып келишет. Азыркы таптагы өчүрүүлөр дагы бийликке болгон кезектеги сын-пикир жана нааразылыкты пайда кылды.
Өткөн жылдын май айында электр тарифине болгон баа бир сомго көтөрүлгөн. Электр жарыгын керектөөчү топтор он алтыга бөлүнүп, ар бирине өз-өзүнчө тарифтер коюлган. Коммерциялык эмес абоненттер 19 тыйындан тарта 287 тыйынга чейин төлөшөт. Коммерциялык уюмдардын тарифи 1 кВт саат үчүн 500 тыйындан жогору төлөө милдеттендирилген.












