Пальма майы зыян, бирок колдонууга тыюу жок

Пальма майы

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жакында эле Кыргызстанда сүткө пальма майын аралаштырып сатып, мыйзамсыз иш алып барып жүргөндөр аныкталды. Пальма майы ден соолукка зыяндуу заттардын бири катары эсептелет жана аны тамак-аш азыктарына кошуу сунушталбайт. Колдонгон учурда тиешелүү нормадан ашырууга болбойт, бирок аны колдонууга дагы тыюу салынбайт.

Кыргызстанда сүт азыктарына пальма майын аралаштырып сатып келген он кишинин аты-жөнү атайын кызматка өткөрүлүп берилди. Муну айткан айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев сүт азыктарына мындай майды колдонууга тыюу салынганын эскертти.

“Бул адамдар кургак сүткө пальма майын кошуп, андан алынган продукцияны заводдорго өткөрүп жүрүшкөн”, - деди Төрөбаев.

Пальма майынын зыяны

Пальма майы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Пальма майы дүйнөдөгү эң кеңири таралган өсүмдүк майларынын бири. Ал тамак-аш өнөр жайында, косметикада, медицинада жана био отун өндүрүүдө кеңири колдонулат.

Ошондой эле баасы арзан жана көп тармакка колдонууга боло тургандыктан популярдуу ингредиент болуп саналат. Ал тамак-ашты бузулуп кетүүдөн сактайт. Тропикалык өлкөлөрдө көп өндүрүлөт жана кайра иштетүүдө баасы арзан болот.

Бирок окумуштуулар бул майды колдонуудагы олуттуу экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү айтып келет.

Пальма майы малдын майы сыяктуу күчтүү болот. Аны кадимки эле тоң май менен салыштырып караса болот.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушундан улам тамак-аш азыктарында колдонууда кан тамырларды жабыркатып, май басып кетүүгө алып келет же коомдо кеңири тараган түшүнүк менен айтсак, холестеринди жаратат.

Организмдеги мындай өзгөрүү адамда жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат.

Андан тышкары семиртип жиберет жана тамак сиңирүү органдарын жабыркатат.

Тамак-аш өнөр жайында пальма майы көпчүлүк учурда кондитер азыктарын, маргарин майын чыгарууда колдонулат.

“Пальма майы жаман деп айта албайбыз. Бул деле кадимки өсүмдүк майларынын бир түрү. Болгону гидрогенизация процессинде же жалпак тил менен айтканда аны коюлтуп кайра иштетүүдө, трансмайлар пайда болот. Мына ошол майлар организмге зыянын тийгизет”,- деди Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Аида Алимбекова.

Анын айтымында, сүт азыктарына байланыштуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында техникалык регламент кабыл алынган. Ага ылайык, ар бир майдын курамында трансмайлар эки пайыздан ашпашы керек.

“Андан тышкары сүт азыктарына же майларга кандайдыр бир өсүмдүк майы кошулган болсо, продукциянын таңгагында ал так көрсөтүлүшү шарт. Ошол таңгакта сүт майы алмашкан деп жазылган болсо, демек, ага өсүмдүк майы колдонулган. Сатып алуучу ушул нерсеге көңүл бурушу керек. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарына бирдей талап коюлган”,- деп кошумчалады ал.

Аида Алимбекова жакында эле сүткө пальма майын кошуп сатып кармалгандар эч жерден каттоодон өтпөй, көмүскө иш алып барып келгенин маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму трансмайдын курамын азык-түлүктө бир пайызга чейин азайтууну максат кылып келген. Учурда такыр эле колдонуудан алып салууну көздөп жатат.

Пальма майы канча өлчөмдө жана кайсы өлкөлөрдөн келет?

Пальма майы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанга бул май Малайзия, Индонезия, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстан, Орусия мамлекеттеринен келет.

2022-жылы 424 миң доллардан ашык суммага 482 тонна пальма майы сатып алынган.

2023-жылы 538 тоннадан ашык май 306 миң доллардан ашык суммага сатылып алынды.

“Сүткө пальма майын кошуп саткандар толтура"

Сүттү кайра иштетүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тиешелүү мамлекеттик органдар Кыргызстанда ишкердик кылып сүт азыктарын өндүргөн компаниялардын көпчүлүгү шайкештик декларациясына жараша иш алып бара турганын, эгер мыйзам бузгандар болсо текшерилип айыпка жыгыларын айтып келишет.

Бирок ошол учурда абийирдүү иш алып баргандарга көө жаап, сүт азыктарын чыгарууда коопсуздук эрежелерин одоно бузгандар дагы жок эмес экенин айткандар бар.

Калыйнур Сатаров төрт жыл мурун сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачкан. Заводу Токтогул районунда болгондуктан, чыгарган продукция Токтогул өрөөнүндө жана Кара-Көл шаарында сатылат. Негизинен айран, быштак, каймак, йогурт жана пастеризацияланган сүт чыгарышат.

Анын айтымында, технологияга ылайык сүт саалганда эки саат аралыгында пастеризацияланып же температурасын 4 градуска түшурүү керек. Кыргызстанда көпчүлүк учурда бул норма сакталбайт.

“Маселен, жайлоодо уйду кечинде саагандан кийин ал муздаткычка салынбайт. Эшикте эле турат. Айрым учурда арыктагы сууга салып коюшат. Ага эртең мененки саанды кошуп өткөргүчө кеминде дагы бир сааттай убакыт өтөт. Ошондо сүттүн жарымы 12-14 саатка чейин туруп калат. Биз аны иштеткенге араң жетишебиз. Ал эми Токтогулдан Кара-Балта жана Таласка ташып саткандар дагы бар. Алар кантип чогултуп, муздатып ошол жакка чейин жеткирип жатышат мен үчүн чоң табышмак. Ар кандай кошулмаларды кошуп сүттү сактаганга аракет кылышат деп ойлойм”,- деди ал.

Калыйнур Сатаровдун сүт заводу

Сүрөттүн булагы, Калыйнур Сатаров

Ишкер Кыргызстанда сүт азыктарында пальма майын кошкондор толтура экенин айтты.

“Баары кошот деп айта албайм, бирок бул майды көпчүлүк сүт азыктарын өндүрүүчүлөр колдонот. Негизинен бааны карап көрсө эле белгилүү болуп калат. Маселен, айрым каймактар 35-40 сомдон сатылат. Бул баа азыркы базар рыногунда реалдуу эмес. Көпчүлүк табигый азык менен курамында ар кандай кошулма бар азыктын айырмасын түшүнө бербейт”,- деди ал.

Калыйнурдун айтымында, сүттүн майлуулугун алмаштыруучу заттын бир килограммынын баасы 150 сомдун тегерегинде сатылат. Бир килограмм таза каймак болсо 400-450 сом болот.

“Айрымдар үчүн табигый каймакты алып калып, анын ордуна көк сүткө кошулмаларды кошуп калыбына келтирип сатып жиберген ыңгайлуу болуп жатпайбы. Убагында сырттан азыктар ошондой жол менен кирсе керек. Анан ага туруштук бере албаган жергиликтүү ишкерлер дагы бул ыкманы колдоно баштаганбы деп ойлойм. Кийин ошол бойдон сакталып калган. Өзүңөр билгендей бизде катуу деле текшерүү жок да, баардык эле азыктарга табигый деп жаза беришет”,- деди ал.

Ветеринардык кызмат эмне дейт?

Өлкө кайра эле Орусия, Казакстан, Белорус мамлекетинен сүт азыктарын сатып алат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ветеринардык кызматтын маалыматына караганда, Кыргызстанда 88 сүт өндүрүүчү ишкана катталган. Алардын арасынан 44 ишкана ЕАЭБ мамлекеттерине продукцияларын сатат.

Мыйзамга ылайык, бул ишканалар жылына пландык текшерүүдөн өтүп турат, андан тышкары лабораториялык изилдөө жасалат.

Эгер кандайдыр бир нормалар бузулган шартта чыгарылган товар жок кылынып, ишкерлерге айып салынат.

Жеке жактарга 3000 сомдон 5,5 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 3000 сомдон тартып 23 миң сомго чейин айып каралган.

Кыргызстан негизинен сүт азыктарын Орусия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттерине экспорттойт. Анча мынча АКШ жана Сауд Аравияга жөнөтүлөт.

Өлкө кайра эле Орусия, Казакстан, Белорус мамлекетинен сүт азыктарын сатып алат.

Расмий маалыматка караганда, былтыр 16 миң 345 тонна сүт азыктары экспортко чыгып, 6 миң 644 тонна азык-түлүк импарттолгон.