Психолог: Кризистик борборго келгендер дарбазадан чыккандан да коркушат

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Аялзат" кризистик борбору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кризистик борборго келген айымдар менен иштешүү учуру

Улуттук статистика комитетинин берген маалыматында, 2022-жылы кризистик борборлорго кайрылгандардын саны 14.525 болду. Он миңге жакыны үй-бүлөдө зомбулукка кабылган. Бул андан мурдагы жылга караганда эки жарым миңге көп. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан улам барар жери жок калган айымдар үчүн Кыргызстанда түрдүү кризистик борборлор бар. Аларга берилчү алгачкы жардам тууралуу “Аялзат” кризистик борборунун психологу Айнур Кыдыралиева менен баарлаштык.

А. Кыдыралиева: Биздин борборго аялдар, кыздар коргоо ордери менен келишет. Келгенде эле дароо бөлмө берилип, жайгаштырылат. Алгач психологиялык абалы оор болот деп айта алам. Биринчи күндөн тарта эч ким менен сүйлөшүүнү дагы каалашпайт. Бөлмө бергенден кийин кирип эле чыкпай жатып калышат. Анан айымдар көпчүлүк учурда балдары менен болушат. Көп балалуу аялдар дагы келишет. Эң эле аз дегенде үч баласы, көп дегенде жети балалууларды көрдүм. Айыл жеринен келген кыз-келиндерди көп кездештирдим. Же болбосо айылдан иштейбиз шаарга келип, батирди ижарага алышып, жашап жаткан аялдар болуп саналат. Булар көп балалуу болгондуктан балдарын караш керек. Эч жакка чыга албай үйдө отурушат дагы, күйөөсү иштейт. Ошол учурда аял деле балдарын карап, тамак жасап кызмат аткарып жатат. Бирок көпчүлүк учурда биздин эркектер ошону баалабай, үйдө отурасың, мен жалгыз иштеп жатам деп уруш чыгарып, көпчүлүк учурда үйүнөн кубалап чыгат, же денесине келтирилген зомбулуктун айынан качып кеткенге, милиция чакырганга туура келет.

Биздин борбордо аябай ур-токмокко алынып келген аялдарды көрдүм. Бул аялдар өздөрү эле психологиялык жактан жабыркабастан, балдары дагы кошо жабыркайт. Айыл жеринен келсе дагы келгенден бир-эки күн өткөндөн кийин психолог ким экенин билип, мага психолог керек, жардам керек деп айта башташат. Биринчи эле келгенде ушул абалга кандайча дуушар болгонун дароо айта башташат, ыйлашат, көп нерсени эстешет. Мен психолог катары аябай кунт коюу менен угам. Бул жардам көрсөтүүнүн биринчи этабы деп айта алам. Булар ичиндеги болгон арманын айтып алып, кичине жеңилдей түшөт. Андан кийин биздин борбордо канча болсо ошого чейин бул аялдар менен ар кандай методикаларды, түрдүү тесттерден өтөбүз, арт-терапияларды колдонобуз. Жекече оңдоп-түзөө, жардам берүү, кеңеш берүү, багыт берүү иштерин кылабыз.

Эң биринчи аялдын эмне талабы бар, азыркы учурда эмнеге муктаж, эң биринчи кезекте эмне кылгысы келип жатат, ошого жараша жардамдарды беребиз. Жекече кеңеш берүүдөн тышкары топ-топ менен иштеп, кеңеш берүү деген бар. Андан башка дагы кыз-келиндерге йога үйрөтөбүз. Йога ар бир аялга жакты. Стресс болгон абалда кандай кылып дем алуу керек, демди кантип чыгаруу зарыл, кандай көнүгүүлөрдү жасаш керек дегенди үйрөтүп жатам. Бул нерсе кризистик борбордон кеткенден кийин дагы абдан керек болчу көндүмдөр.

Кризистик борборго келгенден кийин аялдарда мен жалгыз эмесмин деген сезим пайда болот, коркуу сезиминен арыла башташат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кризистик борборго келгенден кийин аялдарда мен жалгыз эмесмин деген сезим пайда болот, коркуу сезиминен арыла башташат

Би-Би-Си: Кризистик борборго келгендерге эң биринчи кандай жардам берилет?

А. Кыдыралиева: Кризистик борборго келип түшкөндө эң биринчи көрсөткүч бул коопсуздук деп эсептейм. Анткени көп учурда аялдар дарбазадан ары чыккандан да коркуп калышат. Зомбулук жасаган адам так ушул дарбазанын жанында күтүп тургандай элес келе берет. Ушундай коркуп калышат, түнкүсүн уктай албай, зордук-зомбулук көрүп жаткан учурун кайра-кайра эстешет. Биздин борбордо кароолчу менен кирип, кароолчу менен чыккандыктан, коопсуздук жактан кичине өздөрүн эркин сезишет.

Мен азыр коркпой эле коюшум керек, анткени мен ушундай жердемин деп өздөрүн психологиялык жактан коопсуз сезет да. Анан экинчиси реабилитация деп коёбуз го, өздөрүн калыбына келтиришет. Анткени бул жакта эшикке чыкпайт, жаткан жери даяр, тамак-ашы даяр, бардык шарты бар. Анан өздөрүндө мен жалгыз эмесмин деген сезим пайда болот, коркуу сезиминен арыла башташат.

"Аялзат" кризистик борборунун психологу Айнур Кыдыралиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аялзат" кризистик борборунун психологу Айнур Кыдыралиева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Сиз азыр бул жактын кызматкери эмес, психолог катары жооп берсеңиз. Алыскы региондо бирөө ушундай зордуктоого кабылды, анан ошол кыз азыр жалгыз, эмне кыларын билбей, жакындарына айта албай кыйналып турат. Ошого кандай кеңеш берет элеңиз?

А. Кыдыралиева: Азыр онлайн кеңеш берүү деген бар. Ошол учурда кыз-келиндерди биринчи кезекте угабыз, анан абалына жараша эң биринчи жардамды, кеңешибизди беребиз. Керек болсо жашагысы келбей калган учурлар болот. Ошондо өз окуясын талкуулап, бул андай деле эмес, сени жакшы нерселер күтүп жатат деп көтөрмөлөп, кубат берип турабыз. Биз сен жалгыз эмессиң, азыр мындай кыл деп турсак, жабырлануучуда ишеним пайда болот да. Анан өзүнө келе баштагандан кийин түрдүү психологиялык инструменттерди, анын ичинде психологиялык карталарды колдоно баштадым.

Кыргызстанда кризистик борборлордун саны өсүп жатат. Учурда отузга жакындады. Адистердин айтымында, бул үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көбөйгөнүнөн кабар берет. Өткөн жылы кризистик борборлордун жетекчилери президент Садыр Жапаровго зомбулукту токтотуу чараларын көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.