Эмне үчүн Бишкек–Ош, Бишкек-Манас багытында билет баасы арзандабайт?

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз бийлиги жаңы жылдан кийин бир катар ички каттамдарда, атап айтканда, Бишкек-Талас, Бишкек-Нарын, Бишкек-Кербен, Бишкек-Казарман, Бишкек-Баткен, Бишкек-Раззаков, Бишкек-Каракол, Ош-Караколго авиабилеттерди арзандатып, ортодогу айырма мамлекеттик Турукташтыруу фондунун эсебинен жабылып турарын жарыялаган. Бирок Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас багыттары арзандатылган багыттарга кирген эмес. Буга байланыштуу бир катар жарандар аталган багыттарга билеттер эмне үчүн арзандабаганы тууралуу суроо коюп жатышкан.
"Кыргызстан аэропорттору" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов авиакаттамдардын баа саясаты жана эмне үчүн айрым багыттар субсидияланбай турганы тууралуу түшүндүрмө берди.
Самидиновдун айтымында, мамлекеттик «Asman Airlines» авиакомпаниясы ишке киргенден бери алыскы аймактарга билет баасы кескин арзандаган. Мисалы, мурда Баткен жана Раззаков багыттарына билеттер 6000–9000 сом болсо, учурда баалар 3600–5100 сомдун тегерегинде сакталууда.
Ошондой эле, 1990-жылдардан бери токтоп калган Талас, Нарын, Кербен жана Казарман багыттары кайра жанданып, алар Турукташтыруу фонду аркылуу субсидияланууда. 2026-жылдын 4-январынан тарта бул каттамдардын жыштыгы жумасына эки ирет көбөйтүлөт. Мындан тышкары, Бишкек–Каракол жана Ош–Каракол каттамдарын да субсидиялоо чечими кабыл алынды.
Белгиленген арзан тарифтеги билеттер ортомчуларсыз, «Asman Airlines» авиакомпаниясынын мобилдик тиркемеси аркылуу гана түз сатылат.
«Ошол эле учурда Бишкек - Ош жана Бишкек - Манас каттамдары ички рынокто эң маанилүү жана суроо талап жараткан багыт болуп саналат. Бул багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы туруктуу жогору жана авиакомпаниянын учурдагы мүмкүнчүлүктөрүнөн бир кыйла жогору. Мындай шарттарда тарифтерди субсидиялоо мүмкүн эмес, анткени бир авиаташуучу тарабынан бааларды жасалма төмөндөтүү сөзсүз түрдө рыноктук атаандаштыкты бурмалап, башка авиакомпаниялар үчүн бирдей эмес шарттарды түзөт», - деп түшүндүрдү Манасбек Самидинов.
Ал ички авиацияны өнүктүрүү жана маршруттук тармакты кеңейтүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон каларын кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов 23-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылга карата өлкө ичиндеги аймактык авиакаттамдарга базар баасынан төмөн болгон туруктуу тарифтер белгиленгенин маалымдаган. Мында билеттин базар баасы менен белгиленген социалдык баасынын ортосундагы айырма өлкөнүн Турукташтыруу фондунун каражаттары аркылуу жабыларын айткан.
Аскат Алагозовдун айтымында, бул демилге социалдык мүнөзгө ээ жана жарандардын мобилдүүлүгүн арттырууга, аймактык байланыштарды чыңдоого багытталган.
«Мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды. Мурдагыдай болуп кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт», — деп белгиледи Алагозов.












