Маразыков: Мигранттарга “инвестор” статусу берилиши керек
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Чет жакта иштеген кыргыз жарандары 2021-жылдын октябрь айына чейин 2 миллиард 285 миллион доллардын тегерегинде акча которду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1 миллиардга көп. Улуттук банктын эсеби боюнча бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч.
Москвадагы кыргыз ишкерлеринин бири Акбар Маразыков мигранттарга “инвестор” деген статусту бериш керек деп эсептейт. Анын айтымында, ар бир мигранттын үй-бүлөсүнө салган акчасы Кыргызстанга инвестиция болуп эсептелет. Алгач кара жумушта иштей баштаган Акбар азыр бир нече бизнести башкарат.
Би-Би-Си Акбар Маразыков менен азыркы мигранттар жана алардын максаттары тууралуу маектешти.

Сүрөттүн булагы, Akbar Marazykov/Facebook
Би-Би-Си: Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
Акбар Маразыков: Аты-жөнүм Акбар Мааразыков, 41 жаштамын. Ысык-Көлдүн кулуну болом. Россияга 2003-жылы келгем. Мен ал күндү кечээкидей билем. 19-май болчу. Ошол кезде мигранттардын бул жакка башкача бир агымы болуп жаткан. Поезд менен “зайчик” деп коёт го, билети жок эле тобокелчиликке салып келгенбиз. Андан бери 18 жыл өтүптүр, кудайга шүгүр азыр ошондо келип, көчө шыпырып же жүк ташып иштеген балдардын 80%ы өзүнүн иши менен алектенип калышты.
Би-Би-Си: Ошол кездеги мигранттар менен азыркы мигранттардын айырмасы барбы?
Акбар Маразыков: Асман менен жердей. Ал убакта биз телефон чалып, ар кимден угуп, элестетип алып эле келе берчүбүз. Анда видеочат, смартфон деген жок болчу да. Керек болсо, барсаң ким тосуп алат деген да суроо турчу. Азыр болсо, мигранттар келерде, интернеттен баарын такташат, Whatsappта ар бир район, облус, айылдын чаттары бар, Facebookта группалар бар. Ал жактан баарын сүйлөшүп алышып келишет. Видео чалуу менен шарттарын көрүшөт. Керек болсо, жата турчу батиринен бери алдын ала төлөп коюп келишет. Кыргыздын бир өзгөчөлүгү бар. Алар дайыма өсүүнү каалашат. Жогоруда айткандай, башында көчө шыпырып келген мигранттар азыр ишкерлер болуп калышкан.
Бирок мага бир нерсе катуу тиет. Мигранттарды бир байкуш элестетишет баары. Бул жакка саясатчылар келип калганда же Кыргызстанга барганда деле боор оорушуп, байкуш көрө беришет. “Көчө шыпырып, силер Кыргызстанды багып жатасыңар” дей беришет. Азыр андай эмес да. Көчө шыпырмай ал мурун болчу. Азыр такыр башкача.
Жээнбеков президент болуп турганда, бизге мигрант эмес, инвестор деген статус бергиле деген сунуш менен барганбыз. Эмнеге инвестор? Бул жакта айлыкка иштеген бала Кыргызстанга салган акчасын кайра албайт да, ал акча Кыргызстанда калып жатпайбы.

Сүрөттүн булагы, Akbar Marazykov/Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Сунушуңуздар эмне болду, кабыл алынган жокпу?
Акбар Маразыков: Ал айтылды, ошол жерде калды. Анын үстүнөн эч ким иштей элек.
Инвестор деп жатам го, биз акча эле эмес, өнүгүү үчүн жаңы идеология, жаңы максаттар менен кирип жатабыз. Азыр мисалы, биз бир канча долбоордун үстүнөн иштейбиз. Алар бир гана биздин мекендештердин өнүгүүсүнө арналган.
Бул жакта Оштонсуңбу, көлдөнсүңбү, Нарындансыңбы, эч мааниси жок. Биз аябай ынтымактуубуз жана баарыбыз Кыргызстандын келечегине чын жүрөктөн күйөбүз. Жаңы бир муун пайда болду бизде, алар заманбап, технологияны, илимди, бизнести – баарын түшүнгөн, билген муун. Жана баарыбыздын максатыбыз, оюбуз бир. Ал – Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу. Ошондуктан мен дагы бир жолу кайталагым келет, биз баягы “көчө шыпырган, байкуш мигранттар” эмеспиз. Биз бутка турдук, акча чогултканды, аны иштеткенди үйрөндүк, эми биз өлкөбүздүн пайдасы үчүн иштегибиз келет. Мисалы, мамлекеттик деңгээлде иштерди алып барып, Кыргызстандагылар менен миграцияда жүргөндөрдүн ортосундагы байланышты жакшыртууга жардам бергибиз келет. Мекендештердин жашоосун жакшыртууга, шарттарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергибиз келет.
Мен депутаттыкка талапкерлердин программаларын окуп жүрөм да. Карасам, ал жакта жазылгандардын баарын биз бул жакта иш жүзүндө кылып эле жүрөбүз. Анан ойлоп коём, биз депутат кылчу иштерди кылып жаткан турбайбызбы деп.
Би-Би-Си: Азыр кандай долбоорлорду ишке ашырып жатасыздар?
Акбар Маразыков: Буга чейинки бир долбоор жөнүндө айтып коеюн. “Күнөстүү Кыргызстан. Ысык-Көл-2019” форумун өткөргөнбүз. Анын максаты – Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлер менен миграциядагыларды жакындатуу болчу. Кантип десеңиз, облустун губернаторлору менен Москвадагы ар бир облустун жетекчилери менен жолугуштуруп, маселелерди талкуулап, байланышты бекемдөө. Анткени чет жактагы мекендештердин көйгөйүн саясатчылар түшүнөбүз, колдойбуз дегендери менен, эч кимиси түп тамырынан билбейт, анткени баштарынан өткөн эмес. Ал эми бул форум аркылуу биз атайын топ түзүп, байланышты күчөтөлү дегенбиз. Байланыш болбосо, маселе кантип чечилет?
Учурда биз атайын мекендештерди колдоо үчүн курулуш компаниясын негиздедик. Мен бул жакка келген ар бир мигрант Кыргызстандан үй алгысы келет деп так айта алам. Бирок муну ишке ашырыш оңой эмес да. Ошондуктан биз атайын чет жакта жүргөн жарандарга алгачкы төлөмү жок эле үйдү бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен батир беребиз. Эки жылда үй даяр болуп калат, ремонту менен. Себеби үйдү алган соң, анын ремонтун да кылыш керек, ага да чоң суммадагы акча кетет. Ошондуктан дароо ремонту менен беребиз. Биз бул ишти мекендештерди өз мекенине кайтарып келүүнүн биринчи кадамы деп эсептейбиз. Курулуш компанияны негиздөөгө Америкадагы жана Москвадагы мекендештер жардам беришти.
Андан тышкары, биздин “Акыл муун” деген долбоорубуз бар. Аны атайын Кыргызстандын региондорундагы жаштарга арнап ишке киргизгенбиз. Ал аркылуу биз белгилүү бир чектөөлөрдүн ичинен чыга албай, илгерки “окууга таанышың менен өтөсүң”, “жумушка таанышың менен гана киресиң” деген ой жүгүртүүлөрү менен калып калган жаштарды долбоор жазууга үйрөтөбүз. Аны үйрөнүп алышкандан кийин алар өзүлөрүнүн идеясын долбоорго айлантып, андан акча табууну үйрөнүшөт. Алардын арасында окуучулар да бар. Жөн эле сөз болбосун, биз мунун пилоттук версиясын ишке ашырганбыз. Жыйынтыгы дароо көрүндү. Караколдон 5 кыз биригип, телефондун жабдыктарын сатуучу интернет-магазин ачып иштеп башташты. Чолпон-Атадан дагы беш кыз биригип, кондитердик ишкана менен барып келишим түзүп, интернетке жайгаштырып, сатып жатышат. Бул биздин долбоордун ийгиликтери.

Сүрөттүн булагы, Akbar Marazykov/Facebook
Акбар Маразыков азыр Эл аралык ишкерлер ассоцациясынын башчысы болуп эмгектенет жана кошумча жогорудагыдай долбоорлорду ишке ашырып, мекендештерге көмөк көрсөтүүнү максат кылат.
Расмий маалыматтарга ылайык, чет жакта 1млндон ашык кыргыз жараны миграцияда. Алардын ичинен 700 миңден ашууну Россиянын аймагында, басымдуу бөлүгү жаштар.












