Кыйноолордун алдын алуу борбору арабөк абалдан кантип чыгат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчилигин шайлоого байланыштуу талаш коомдо түрдүү пикир жаратууда. Айрымдар борбордун маанилүүлүгүн белгилеп, аны өз алдынча институт катары калыптандыруу керек деген ойдо. Ошол эле учурда милдеттери Акыйкатчы институтунан дээрлик айырмаланбай турганын айтып, мындай шартта функциялары окшош эки мекемени тең мамлекеттик бюджеттен каржылап кармап туруунун кажети жок дегендер дагы жок эмес.
Би-Би-Сиге маек берип жатып Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева эки орган ортосунда эч кандай тирешүү жок экенин билдирди.
Ошол эле учурда ал Кыйноолордун алдын алуу борборунун Координациялык кеңешин жана анын төрагасын шайлоодо бир катар мыйзам бузуулар болгонун, бул жагдай депутаттык комиссия тарабынан дагы тастыкталганын кошумчалады.
"Аталган борбордун Координациялык кеңеши 11 адамдан турат. Анын сегиз мүчөсү коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү. Экөө Жогорку Кеңештин депутаттары, дагы бири Акыйкатчы. Бирок мен бул кызматка келгенден бери кеңештин мүчөсү катары бир дагы жолу расмий жыйындарга чакырылган жокмун. Анан эле былтыр социалдык тармактардан борбордун директору шайланганын окуп калдым. Ошондон кийин эмне үчүн жыйындарга чакырылбай жатканыма кызыгып, Координациялык кеңештин төрагасына кат жөнөттүм. Бир жыл аралыгында кеңеш тарабынан өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорун сурадым. Протоколдорду алгандан кийин аларды дыкат изилдеп чыктым жана бир катар мүчүлүштүктөрдү таптым. Кеңештин курамынын жана директордун шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча суроолор жарала баштады. 2024-жылдын 30-октябрында депутаттык комиссия түзүлдү. Маалым болгондой, учурда алар ишин жыйынтыктап, Акыйкатчы тарабынан көтөрүлгөн маселелер тастыкталды деген корутунду беришти",- деди Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы ыйгарым укуктарынын алкагында гана иш алып барганын белгилеп, анын негизги максаты Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчилиги кандай жол менен шайланганын аныктоо болгонун айтты.
"Эки органды бириктирүү маселесин мен көтөргөн эмесмин. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын 6-пунктунда айтылган. Ал жерде эки органдын көпчүлүк функциялары бири-бирин кайталап калганы белгиленип, алардын максатка ылайыктуулугун карап чыгуу сунушу берилген. Бул депутаттардын чечими. Мен комиссиянын корутундусуна кандайдыр бир баа бере албайм",- деди Жаманбаева.
Ошондой эле ал Акыйкатчы институту жарандардын укуктарынын менен эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүп гана тим болбостон, жабык мекемелерге кирип, кыйноолордун алдын алуу багытында дагы иш алып барарын баса белгиледи.
Депутаттык комиссия эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аталган маселе боюнча иш алып барган депутаттык комиссиянын төрагасы Кубанычбек Самаков буларды айтып берди:
"Комиссия маселени толугу менен карап чыкты. Жыйынтыгында борбордун төрагасын шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун аныктап, бул тууралуу корутундуга жазып бердик. Ал жерде документтерди өзгөртүү фактылары, катчылыктын туура эмес иш алып барганы аныкталды. Ошондой эле процедуралык каталар дагы чыгып жатты. Иштин жүрүшүндө эки мекеменин ортосунда бири-биринин ишин кайталаган учурларга күбө болдук. Мындан улам кайталанган функцияларды жокко чыгаруу сунушун бердик".
Эки орган тең мамлекеттик бюджеттен каржылана турганын айткан депутат, алардагы бири-бирин кайталаган функцияларды кармап туруунун зарылдыгы канчалык деген суроону көтөрдү.
"Мисалы, Акыйкатчы институтуна жылына 120 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт экен. Ал эми Кыйноолордун алдын алуу борборуна болсо 30 миллион сомго жакын каражат каралат экен. Эгер экөө тең бир ишти аткарып жатса, андай чоң аппаратты кармап туруунун зарылдыгы барбы деген маселени койдук. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, Кыргызстанда бири-бирин кайталаган кызматтар кыскартылып жатат. Биздин сунуштан кийин Кыйноолордун алдын алуу борбору маселени башка өңүткө буруп, "башка бирөөнүн буйругун аткарып, бизге каршы чыгып жатышат" дегендей маалыматтарды тарата баштады. Андай эмес. Биз болгону ошол жерде кетирилген мүчүлүштүктөрдү жана кызматтык кайталоолорду көрсөтүп бердик",- деди Самаков.
Ошондой эле депутат адам укугун коргогон эки орган ортосунда жаралган бул жагдайды өлкөдөгү адам укуктарынын корголушунун деңгээлин чагылдырган көрүнүш катары сыпаттады.
"Эгер адам укуктарын көзөмөлдөй турган эки орган бири-бири менен тирешип жатса, анда түрмөдө отургандарды ким карайт?",- деди ал.
"Эки орган бири-бирин кайталабайт, толуктайт"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Касымкулов аталган маселе боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу менен макул эместигин билдирди.
Айтымында, комиссия ишти толук кандуу караган эмес жана борбор тарабынан берилген далилдер эске алынбаган.
"Баары мыйзам чегинде болгон. Координациялык кеңештин жыйынында ким кандай добуш бергенин тастыктаган видео турат. Катчылык тарабынан техникалык мүчүлүштүк кеткени чындык. Бирок ага тиешелүү чара көрүлүп, жооптуу кызматкер жазасын алган. Негизи эле Акыйкатчы шайлангандан кийин жыйындарга чакырылып келген. Бирок алардын бирине дагы катышкан эмес. Жыйынга милдеттүү түрдө чакырылсын деген шарт жок. Мыйзам боюнча жыйын өткөрүү мөөнөтүн Координациялык кеңеш өзү аныктайт. Беш күн мурун расмий сайтка жарыяланат. Бул талап сакталып келген. Директордун шайлоосу тууралуу маалымат расмий сайтта бир ай бою турду. Андан тышкары, "Эркин-Тоо" гезитине да жарыяланган",- деди ал.
Ошондой эле Касымкулов депутаттык комиссиянын корутундусундагы №6-пункт тууралуу сөз кылып, эки орган бири-бирин кайталап эмес, тескерисинче толуктап турарын белгиледи.
"Комиссия карап жаткан маселеден башка нукка бурулуп кеткен. Анча-мынча мүчүлүштүктөр мамлекеттик органдардын баарында эле болот. Улуттук борбор Кыйноолорго каршы эл аралык конвенциянын Факультативдик протоколун аткаруу үчүн түзүлгөн. Биз ошол милдеттемени аткарып жатабыз. Акыйкатчынын мандаты кеңири. Ал адам укуктарын коргоодо баардык багыт боюнча иш жүргүзөт. Экинчиден, алар кыйноо фактысы катталгандан кийин ишке аралаша алышат. Биз болсо алдын ала чара көрөбүз. Системалык көйгөйлөрдү аныктайбыз. Эмне себептен кыйноо болуп жатат деген суроого жооп издейбиз. Биздин жумуш изилдөө мүнөзүнө ээ. Адам укуктары этияттыкты жана тактыкты талап кылган иш. Биз "эч кимге зыян келтирбе" деген принцип менен иштейбиз. Эгер жабык мекемеде жаткан адам кыйноого кабылып, анын окуясын коомчулукка чыгарсак, бул ага зыянын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан андай кадамга бара бербейбиз. Андыктан маалыматтын чыкпаганы, кыймыл-аракет жок дегенди билдирбейт. Тескерисинче, иш мурдагыдан да жанданып жатат. Азыркы шартта борбор өз ишин толук андуу аткарууда",- деди Касымкулов.
Ал Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордо болгону 30 кызматкер иш алып барарын айтып, жыл сайын бул мекемеге бюджеттен 27 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалады.
Ошондой эле ал аталган борбор мамлекеттин бюджетине оорчулук жаратпастан, тескерисинче, экономикалык жактан пайда алып келип жатат деди:
"Европа Биримдиги менен Кыргызстан ортосунда ВСП+ программасы бар. Анын алкагында Кыргызстан 6000ге жакын товардын түрүн Европа өлкөлөрүнө салыксыз экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Бул боюнча жыл сайын сүйлөшүү жүрүп турат. Ошол жеңилдикти алуу үчүн негизги төрт эл аралык конвенциянын аткарылышы талап кылынат. Алардын бири Кыйноолорго каршы конвенция. Демек, биздин борбор ошол эл аралык милдеттемелерди аткаруу аркылуу мамлекетке экономикалык мүмкүнчүлүк дагы түзүп берип жатат".
Андан тышкары, кыйноолор боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгын мисал келтирип, алдын алуу иштери кыйноо фактыларынын кесепеттерин жоюуга караганда кыйла арзан экенин айтты.
"Изилдөөдө жөнөкөй кыйноо фактысынын орточо чыгымы 2 миллион 600 миң сомдун тегерегинде экени аныкталган. Оор кыйноо фактысынын чыгым 4,5 миллион сомго чейин жеткен. Бул суммага тергөө, сот иштери, шектүүнү кармоо, жабыркаган адамга медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу бардык чыгымдар камтылган. Биздин алдын алуу ишибиз бул чыгымдардын жанында анча-мынча гана тыйын коротот. Бул мамлекеттик орган. Эгер жоёбуз десе ал мамлекеттин укугу. Бирок аны жоюуга жол берилбеши керек. Анткени бул кыйноо фактыларынын көбөйүп кетишине алып келиши мүмкүн. Биз Акыйкатчы институту менен кызматташууга, чогуу иштөөгө даярбыз. Экөөнү бириктирип коюшса эмне болот? Кайра эле ошол эле бюджет кетет. Андан үнөмдөө болбойт. Болгону эркиндик жоголот. Биз ага каршыбыз",- деди ал.
"Өз алдынча иш алып баруусу маанилүү"

Сүрөттүн булагы, Social
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова убагында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун түзүлүшүнө салым кошкондордун бири катары, анын өз алдынча орган катары иш алып баруу маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор сөзсүз керек. Аны эч качан Акыйкатчы институту менен бириктирүүгө болбойт. Тескерисинче, бул эки орган бири-бирин колдогон, бири-бирине көмөктөшкөн түзүмдөргө айланышы керек. Алар муну түшүнүүсү зарыл",- деди ал.
Ошол эле учурда, соңку жылдары борбордун мандаты алсырап калганын кошумчалады.
"Өз функциясын жакшы аткара албай калышты. Мүмкүн, Координациялык кеңештин алсырап калганы себеп болууда. Жаңы түзүлгөндө абдан күчтүү кадрлар иштечү. Бул багытта мыйзам абдан жакшы жазылган, бирок аны толук колдоно албай жатышат",- деди ал.
14-апрелде түрмөдө эки адам каза тапты деген кабар жабык жайлардагы адам укугу деген маселени кайрадан күн тартибине чыгарды. "Бир дүйнө – Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлекан Исмаилова ушул сыяктуу маселелерде Улуттук борбор өзгөчө мааниге ээ экенин айтууда.
"Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор уникалдуу жана тажрыйбасы мол институт. Кыргызстандын түрмөлөрүндө реформа, гуманизация деген нерсе жүргүзүлгөн жок. Баары эски система менен калып калды. Улуттук борбор дал ушул муктаждыктан улам түзүлгөн. Азыр да жабык жайлардагы абал оор. Ал жерде жөн жерден кесилип кеткен адамдар дагы бар. Ошондуктан борборду сактап калуу абдан маанилүү,"- деди Төлекан Исмаилова.
Кыргызстанда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун түзүлгөнүнө он жылдан ашып калды.












