Индия менен Кытай этияттык менен мамилени калыбына келтирүүгө умтулууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Анбарасан Этиражан
- Role, Түштүк Азия боюнча аймактык редактор
Чек ара жаңжалдарынан улам жаралган чыңалуудан кийин Индия менен Кытай ымаланы калыбына келтирүүнү көздөп жаткансыйт. Бирок ортодо олуттуу көйгөйлөр жана шектенүүлөр дагы деле бар. Индиянын эки жогорку даражалуу аткаминери өткөн айдын аягында Кытайга барды. Бул сапар эки тараптуу алакалардын жанданышынын белгиси катары кабыл алынууда.
Июнь айында Индиянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ажит Довал менен коргоо министри Ражнатх Сингх дагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жыйындарынын алкагында Кытайда өзүнчө иш сапары менен болушту.
ШКУ евразиялык коопсуздук уюму. Ал 2001-жылы Москванын демилгеси менен түптөлгөн. Ага Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. Сингх Индиянын жогорку даражалуу расмий өкүлү катары Кытайга акыркы беш жылда биринчи ирет барган аткаминер болуп калды.
Индия менен Кытайдын ортосундагы чыңалууга 3,440 чакырымга (2,100 миль) созулган, такталбаган, талаштуу чек ара себеп. Чек арадагы дарыялар, көлдөр жана кар баскан чокулардан улам чек ара сызыгы тез-тез жылып, көп жерлерде аскерлердин кагылышына алып келет.
Кризис 2020-жылдын июнь айында Ладакхтагы Галван өрөөнүндө эки тарап кагылышканда күчөгөн. Бул 1975-жылдан берки адам өлүмү менен коштолгон биринчи кагылышуу болуп калган. Кеминде 20 индиялык жана төрт кытайлык аскер набыт болгон. Ошондон бери бир нече жерде аскердик кагылышуулар орун алды.
Бирок геосаясий аныксыздык жана реалдуулук эки тарапты бир катар маселелер боюнча тил табышууга түрткөндөй.
Өткөн жылдын аягында алар Ладакхтагы негизги талаштуу маселелер боюнча макулдашууга жетишти.
Январь айында Дели менен Бээжин 2020-жылдагы жаңжалдан кийин токтотулган түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө жана виза чектөөлөрүн жеңилдетүүгө макул болушкан.
Ошол эле айда индиялык зыяратчыларга алты жылдык тыныгуудан кийин Тибет автономиялуу аймагындагы ыйык Кайлас тоосуна жана ыйык көлгө зыярат кылууга уруксат берилди.
Бирок адистер башка да тоскоолдуктар бар экенин айтышууда.
Кытай Индиянын экинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат. Эки тараптуу соода жүгүртүү өткөн жылы 127 миллиард доллардан ашкан. Индия Кытайдын импортунан, өзгөчө сейрек кездешүүчү металлдардан көз каранды.
Ошондуктан экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн чек ара аймактарында тынчтык абдан маанилүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытай Тайванга көбүрөөк көңүл буруп жаткандыктан, ал жок дегенде азырынча Индия менен Гималай чек арасында тынчтыкты каалайт.
Бирок стратегиялык деңгээлде Кытай Батыш өлкөлөрү Индияны өзүнө жана улам күчтөнүп жаткан таасирине каршы туруу үчүн пайдаланып жатат деп шектенет.
Ошентип, Бээжин чек ара чатагын чечүүдөн тышкары башка тармактарды да жакшыртууну көздөйт. Себеби Делинин коопсуздук маселесинде
АКШга жана анын союздаштарына көбүрөөк көз каранды болуп калышын каалабайт.
Буга Кытайдын экспортун жогорулатуу, Индияга инвестицияны көбөйтүү жана кытайлык инженерлер менен жумушчуларга виза чектөөлөрүн алып салуу кирет. Индия 2020-жылдагы жаңжалдан бери ондогон кытай тиркемелерине тыюу салып, коопсуздукка байланыштуу Кытай инвестициясына чектөөлөрдү киргизген.
Эксперттердин айтымында, өзгөчө АКШда президент Трамп экинчи жолу президент болуп шайлангандан кийин тез өзгөрүп жаткан геосаясат Делини да Кытайга ыктоого аргасыз кылып жатат.
Нью-Йорктогу Олбани университетинин профессору Кристофер Клэри Би-Би-Сиге: "Индия [АКШнын] абдан жакын стратегиялык өнөктөшү болот деп ойлогон. Бирок алар Вашингтондон күткөн колдоону ала алышкан жок", — деди.

Сүрөттүн булагы, Anbarasan Ethirajan/BBC
Май айында эзелки атаандашы Пакистан менен чек арасында кырдаал курчуп кеткен учурда Дели Бээжин менен Исламабаддын ортосундагы аскердик кызматташтыктын бекемделишине да күбө болду. Пакистан төрт күнгө созулган жаңжалда Кытайдын согуштук учактарын, абадан коргонуу системаларын жана ракеталарын колдонду.
Жаңжалдан кийин Трамп эки тараптын ортосунда ок атышууну токтотууга ортомчулук кылганын бир нече жолу ырастады.
Бул Нью-Делиде оңтойсуздук жаратты. Ал согушту токтотуу үчүн Пакистан бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн ырастап, үчүнчү тараптын ортомчулугун таптакыр четке кагууда.
Бир нече жума өткөндөн кийин Трамп Пакистан армиясынын башчысы Асим Мунирды да Ак үйдөгү кечки тамакка чакырды. Бул Делинин нааразычылыгын жаратты.
Ошол эле учурда АКШ менен Индия дагы соода келишими боюнча чыңалуу менен коштолгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Трамп 1-августка чейин макулдашууга жетишилбесе, бир нече өлкөгө, анын ичинде Индияга бажы төлөмдөрүн киргизерин айтып коркуткан.
"Президент Трамптын Индия менен Пакистандын ортосундагы ортомчулугу жана соода сүйлөшүүлөрү жөнүндөгү билдирүүлөрүн эске алып, Нью-Дели Кытай сыяктуу өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга убакыт келди деп эсептейт",- дейт Клэри.

Сүрөттүн булагы, Anbarasan Ethirajan/BBC
Стратегиялык маселелер боюнча эксперттер Вашингтон Делини Кытайга каршы чеп катары карайт деп ырасташат. Бирок АКШнын азыркы президентинин кадамын алдын ала билүү мүмкүн болбогондуктан, Дели эгер Кытай менен Индиянын ортосунда кандайдыр бир жаңжал чыгып кетсе, АКШ канчалык колдоо көрөтөрүн билбейт.
Бул арада АКШ, Жапония, Австралия жана Индия катышкан төрт тараптуу коопсуздук диалогу Трамптын администрациясы үчүн экинчи планга өттү.
Индиянын жогорку даражалуу мурдагы дипломаты Пхунчок Стобдан: "Акыркы жылдарда Кытай Шанхай Кызматташтык Уюму жана БРИКСтин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн тобу сыяктуу башка көп тараптуу уюмдарга да таасирин кыйла жогорулатты.
Ошондуктан Индия прагматикалык мамиле жасап жатат", – деди.
"Ошол эле учурда ал ички себептерден улам Кытайдын талаптарына ашыкча баш ийген өлкө катары каралышын каалабайт", — деп кошумчалайт ал.
Кеп АКШда гана эмес. Индия көптөн берки союздашы жана негизги курал-жарак жеткирген негизги өнөктөшү болгон Орусия Украинадагы согуштан улам Кытайдын пайдасына кандайча ыктап жатканына кылдат назар салууда.
Орусиянын Украинадагы баскынчылыгына жооп иретинде киргизилген Батыштын санкциялары энергетикалык экспортто Москванын Кытайдан көз карандылыгын арттырды.
Москва импорт жана инвестиция жагынан да Бээжинге көз каранды. Ошондуктан Дели Кытай менен болочоктогу ыктымал тирешүүдө Кремлдин позициясына этият мамиле жасоого мажбур болууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай өзүнүн өнөр жай күчүн анын импортуна таянган көптөгөн өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн колдонуп жатат. Ал эми Индия сыяктуу өлкөлөр бул чектөөлөр алардын экономикалык өсүшүнө таасир этиши мүмкүн деп эсептешет.
"Акыркы учурда Кытай сооданы Индияга каршы курал катары колдонуп, сейрек кездешүүчү жер магниттери жана жер семирткичтер сыяктуу маанилүү товарларды экспорттоону токтотту. Бул аракеттер Индиянын өндүрүш жана айыл чарба тармагына таасирин тийгизиши мүмкүн", — дейт Стобдан.
Сейрек кездешүүчү магниттер автомобиль чыгарууда, тиричилик техникасында жана таза энергетикада өзгөчө маанилүү. Кытай апрелден тарта алардын импортуна чектөө киргизип, компаниялардан уруксат алууну талап кылган.
Индиянын Автомобиль өнөр жай ассоциациясы чектөөлөр жакын арада алынып салынбаса, өндүрүш олуттуу зыянга учурашы мүмкүн деп эскертти. Ушул кооптонуулардан кийин Индия өкмөтү Бээжин менен сүйлөшүүлөрдү баштоону жарыялады.
Кытай бизнести өнүктүрүүгө умтулганы менен, Индия менен башка аймактык талаш-тартыштарда компромисстин белгилерин көрсөткөн жок.
Акыркы жылдары Кытай Индиянын түндүк-чыгышындагы Аруначал-Прадеш штатына дооматын күчөтүп жатат. Ал аймакты Бээжин Түштүк Тибет деп атайт.
Дели Аруначал-Прадеш өлкөнүн ажырагыс бөлүгү деп ырастайт жана штаттын тургундары өз өкмөтүн тандоо үчүн шайлоодо ыраатуу добуш берип жатканын жана компромисске келүү мүмкүн эмес экенин белгилейт.
"Эгерде Кытай менен Индия суверенитет концепциясынан баш тартпаса, анда алар түбөлүк согушат. Эгер алар Түштүк Тибет [же Аруначал-Прадеш] боюнча макулдашууга жетишсе, анда эки өлкөнүн ортосунда түбөлүк тынчтык орнойт", — деди Шанхайдагы Фудань университетинин профессору Шэнь Динли.
Азырынча Дели да, Бээжин да аймак талашты жакынкы келечекте чечүү мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт.
Алар ишкердик чөйрөдө өз ара мамилелерди түзүүгө даяр сыяктанат жана дүйнөдөгү кандайдыр бир күч блогунун колдоосуна таянбастан, чыңалуудан толугу менен өз алдынча кутулууну каалашат. (АА)












