Түнкүсүн да тынчыбайт: туристтерден тажаган Барселона

Турситтерди суу тапанчасы менен атып жаткан барселоналыктар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турситтерди суу тапанчасы менен атып жаткан барселоналыктар

Барселона - эс алуучуларды сергиткен деңизи жана кызарта күйгүзгөн күнү менен эле азгырбайт. Бул шаар футболдун чыныгы атмосферасын сезип, оюнчуларга кыйкырык сүрөөн менен күйөрмандык кылуу үчүн бара турган шаар. Ошондон улам аталган шаарга миллиондогон туристтин аягы үзүлбөй агылганы агылган. Бул жерде атактуу "Барселона" клубу жайгашкан. Легендарлуу Камп Ноу стадионуна барып, футбол кумирлерин өз көздөрү менен көрүп, укмуштуудай энергияны сезүүгө ашыгышат.

Бирок миллиондогон туристтин келгени киреше эле эмес, убара, ыңгайсыздык жараткан мисалдар да бар экен. Айрым жергиликтүүлөр турситтер батирдин, мейманканалардын баасын асмандатып, шаарды кирдетип, тарытып жатышат деп айыптай баштады.

Туризм, киреше, меймандостук деген менен катар эле буга карама-каршы пикирлерди эске алып, Барселонадагы туризмди талдап көрдүм.

Барселонадан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барселонадан бир көрүнүш

Атактуу архитектор Антонио Гаудинин архитектуралык шедеврлери, күнөстүү жээктер жана маданиятка бай жашоосу менен белгилүү болгон Барселона көп жылдардан бери дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тартып келет. Бирок овертуризм деп аталган туристтердин агымы шаар үчүн олуттуу көйгөйгө айланып, ал инфраструктурага гана эмес, жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосуна да таасирин тийгизүүдө.

Борбор Азия өлкөлөрү туристтерди көбүрөөк тартуу боюнча бири-бири менен жарышып жаткан чакта барселоналыктардын бир тобу туристтердин санын азайта албай убара. Алар массалык туризмге шаарга, чөйрөгө жана жашоо сапатына терс таасирин тийгизип жатат деп нааразы.

Ал тургай массалык туризмге каршы нааразылык акциялары да өттү. Демонстранттар туристтердин санын азайтып, шаардыктардын кызыкчылыгын көбүрөөк коргоону талап кылышууда.

Туризмдеги өзгөрүүлөр: пандемияга чейин жана андан кийин

Массалык туризмге каршы чыккандардын түрдүү чакырыктарын дубалдардан да көрүүгө болот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Массалык туризмге каршы чыккандардын түрдүү чакырыктарын дубалдардан да көрүүгө болот

Пандемиядан кийин Барселона тез эле калыбына келип, кээ бир учурларда туристтердин саны жагынан мурунку көрсөткүчтөн ашып түштү. Учурда бул шаарда 1,7 миллион калк жашаса, жылына 18 миллиондон 36 миллионго чейин туристтерди кабыл алат. Туристтердин саны жергиликтүү тургундардын санынан 10 эсе көп, ал эми туризмдин сапаты ошол эле бойдон калды. Ага карабай саякатчылар күн сайын шаарга агылганы агылган.

Барселонада тогуз жыл бою жергиликтүү гид болуп иштеген Дарья Горшкова чектөөлөрдүн зарылдыгы жөнүндө тынымсыз талкууларга карабастан, туристтердин агымы азайбай жатканын белгилейт.

“Туризм шаарга чоң салым кошот. Анткени жашоочулардын 90 пайызга жакыны туристтер менен байланышкан тармактарда иштешет — мейманканаларда, ресторандарда, музейлерде жана башкаларда.” - деди Дарья Би-Би-Сиге.

Чет элдик саякатчылар шаардын борборуна, айрыкча Каталония аянтына жана Рамбла бульварына топтолуп жатканы башкы көйгөй.

Кырдаалды жакшыртуу үчүн туристтерди шаардын бүт тарабы кабыл алгыдай шарттар түзүлсө дейт ал. Бул үчүн башка аймактарга жаңы музейлерди ачууну жана чет элдиктерди кызыктыра турган көрүнүштөрдү көбөйтүү керек деп кошумчалады.

“Мен тогуз жылдан бери жашаган Барселона туризмдин аркасында гүлдөп жатат. Туризм болбосо, шаар кирешенин маанилүү булагын жоготот жана муну көптөгөн тургундар түшүнүшөт.” - деди Дарья.

Туризмдин жергиликтүүлөргө тийгизген таасири

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Барселоналык мугалим Давид Жоу Буэнонун пикири боюнча туризм шаардыктардын күнүмдүк жашоосуна олуттуу таасирин тийгизип жатат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдүн көбөйүшү шаардын жагымдуулугун арттырды, бирок ижара акысы кескин өсүп, жергиликтүү тургундардын капчыгына оорчулук келүүдө.

“Мындан улам көптөгөн жаштар бардык шарты бар, кымбат батирлер менен арзан, бирок, кир жана ызы-чуу аймактардын кайсы бирин тандай албай эки анжы абалга кептелди.” - деди Давид.

“Жашоонун кымбаттыгынан улам Барселонадан кичинекей Ситжес шаарына көчүүгө аргасыз болдум. Албетте, кеткендердин арасында мен жалгыз эмесмин. Менин тааныштарым да мага окшоп туристтер азыраак барган кичинекей жана арзаныраак башка шаарларга көчүп кетишкен.” - деди Давид.

Көптөгөн жашоочулар күнүмдүк жашоо үчүн дүкөндөрдүн жоктугунан жана жашоо сапатынын жалпы начарлашынан улам туристтик аймактардан качышарын баса белгилейт. Китеп дүкөндөрү сыяктуу чакан ишканалар туризм индустриясы менен атаандаша албай, жабылууга аргасыз болууда. Туризм индустриясы чоң компанияларга гана пайда алып келип, айлыгы төмөн жумуш орундарын түзөт.

Маданий иденттүүлүк жана туризм

Гиддердин бири Дарьянын айтымында, Барселонанын маданий иденттүүлүгүнө негизги сокку туризмден эмес, массалык миграциядан тийип жатат. Турак жайлардын баасы туристтердин эсебинен эмес, сырттан келгендердин көптүгүнөн улам өсүүдө. Лицензиялар аркылуу көзөмөлдөнгөн миграцияга караганда, туризм индустриясы маданий иденттүүлүккө азыраак таасир этет. Бирок шаардын маданий иденттүүлүгү коммерциялаштыруудан да жабыркайт. Барселонада көптөгөн күнүмдүк музейлер ачылып, алар темаларды үстүртөн камтыйт жана көбүнчө улуттук маданий иденттүүлүк менен байланышпайт. Мисалы Бокерия базарын айтсак болот. Ал убакыт өткөн сайын тез татым тамагынын чордонуна айланып, баштапкы өзгөчөлүгүн жоготууда. Салттуу дүкөндөр чет элдиктер башкарган сувенир дүкөндөрүнө орун бошотуп жатышат.

“Мен ар дайым каталон тилинде сүйлөйм, бирок туристтик аймактарда кызматкерлер испан тилинде гана сүйлөшөт. Алар каталондук кардарлар бул аймактарда өз тилин колдонууга укугу жок деп эсептеп, жергиликтүү маданиятка кызыкпайт.” - деди Давид.

Кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштар

Кырдаалды жакшыртуу үчүн Дарья туристтик агымдарды кайра бөлүштүрүүнү сунуштайт. Борбордогу тыгынды жоюу үчүн шаардын башка аймактарында жаңы туристтик жайларды жана иш-чараларды түзүү зарыл экенин баса белгиледи.

Давид учурда туриндустрияны колдоого багытталган туристтик салык алынчу көчөлөр, мектептер жана ооруканалар сыяктуу шаардык инфраструктураны жакшыртуу үчүн колдонулушу керек деп эсептейт. Бул шаар жана анын тургундары үчүн туризмден чыныгы пайда алып келиши мүмкүн.

Ушундай талаш тартыштрага карабай, Барселона эң жагымдуу туристтик жайлардын бири бойдон калууда.

Карлов университетинин (Чехия) магистранты Жаңыл Ашырбекованын блогу.