Жерди коштогон убактылуу "экинчи Ай" пайда болот. Аны кимдер көрө алат?

"жаңы Ай" чыныгы Айга салыштырмалуу кичинекей болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "жаңы Ай" чыныгы Айга салыштырмалуу кичинекей болот

Мадди Моллой, Би-Би-Си, Климат жана илим боюнча кабарчы

Быйылкы күздө Жер планетасынын айланасында космостук кубулуш болот.

Окумуштуулар жакын арада жерди бир канча убакыт айланып жүрө турган "экинчи Ай" пайда болорун жарыялашты.

Космостон келген кичинекей астероид 29-сентябрдан тарта Жердин орбитасында пайда болот.

Ал бир нече ай боюу Жер планетасын коштоп жүрөт да, тартылуу күчүнүн таасиринен бошогондон кийин кайра учуп кетет.

Тилекке каршы, "экинчи Ай" өтө кичинекей болгондуктан аны күчтүү телескоп менен гана көрүүгө болот.

Бул астероидди 7-августта НАСАнын астероиддер боюнча эскертүү кабар берген системасы (ATLAS) тарабынан байкалган.

Окумуштуулар астероиддин траекториясын эсептеп чыгышып, анын кайдан келгени тууралуу изилдөөнү American Astronomical Society Research Notes журналына жарыялашты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Астрономдор ага "2024 PT5" деген ат беришкен. Ал Жердин орбитасына абдан окшош орбитаны ээрчиген "Аржуна" астероиддер алкагынан бөлүнүп кеткен болушу мүмкүн.

Бул типтеги астероиддер башкаларга салыштырмалуу кээде Жерге 4,5 миллион километрге чейин жакындай алышат.

Окумуштуулар белгилегендей, астероид салыштырмалуу жай кыймылда болуп, саатына болжол менен 3540 км ылдамдыкта жылат. Мындай учурда Жердин тартылуу күчү бул объектини өзүнүн орбитасына убактылуу кошо алат.

Астероиддин узундугу болжол менен 10 километр. Ал эми Жердин туруктуу спутниги болгон Айдын диаметри 3474 километр.

Астроном жана Fascinating Astronomy подкастынын алып баруучусу, Женнифер Миллард астероид Жердин орбитасына 29-сентябрда кирип, 25-ноябрда кете турганын Би-Би-Сиге билдирди.

"Ал биздин планетанын айланасында төңкөрүш деле жасабайт. Өзүнүн орбитасын бир аз гана өзгөртөт да анан жолун улантат", – деп түшүндүрдү окумуштуу.

Астероид кичинекей болгондуктан дүрбү же ышкыбоздор үчүн телескоп менен көрүү мүмкүн эмес.

"Аны көрүү үчүн күчтүү телескоп керек. "Ошондуктан, жылдыздардын жанынан укмуштуудай ылдамдыкта учкан бул кичинекей объектинин жогорку сапаттагы сүрөттөрүн күтүңүздөр", – дейт доктор Миллард.

"Убактылуу коноктордун" жерди коштоп жүрүшү буга чейин да байкалган. Бирок байкалбай калгандары андан көп.

Алардын айрымдары кайра да кайтып келишет. Алсак 2022 NX1 астероиди 1981 жана 2022-жылдары жер планетасын убактылуу коштоп жүргөн.

2024 PT5 астероидинин кийинки Жер планетасына болгон кийинки эки айлык сапары 2055-жылы кайталанат деп болжолдонууда. Андыктан “экинчи айды" бул жолу өткөрүп жиберсеңиз капа болбоңуз – окумуштуулар ал 2055-жылы Жерге кайтып келет деп болжолдошууда.

"Бул астероид быйыл гана аныкталды. Мунун өзү Күн системасында ачыла элек объектилер өтө эле көп экенин көрсөтүп турат", – дейт Миллард..

Окумуштуунун айтымында, асманда ачыла элек дагы он миңдеген, керек болсо жүз миңдеген объектилер бар.

"Бул деген түнкү асманга тынымсыз байкоо жүргүзүү жана асман объектилерин ачуу канчалык маанилүү экенине жакшы мисал деп ойлойм", – деди окумуштуу. (SA)