Орусия Украинадагы согушка контрактчыларды иш сайттары аркылуу издөөдө

Контракттардын алдында турган орус жоокери

Сүрөттүн булагы, АЛЕКСАНДР РЕКА/ТАСС

Марттын башынан тарта HeadHunter жана SuperJob сыяктуу кадимки жумуш издөө сайттарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөөгө миңдеген вакансиялар жайгаштырылган. Бул орус армиясы Украинадагы “олуттуу” жоготууларга кабылып жатканда болууда. Би-би-си бул жарыялар аркылуу бир нече аптада Украинадагы согушка барып калуу мүмкүн экенин аныктады.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз тектүү орус жараны Исламжон Камилов Украинадагы согушта “атайын тапшырма аткарып жатып” каза тапканын 19-апрелде кабарлады. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, Камилов 5-апрелде Луганскта снаряддан оор жарадар болуп дүйнө салган.

Камиловдун сөөгү ал туулуп-өскөн Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында коюлат, учурда маркумдун туугандары аны Кыргызстанга алынып келишин күтүүдө.

Камилов 2019-жылы Өзгөндөгү мектепти аяктагандан кийин Орусияга эмгек миграцияга барып, орус жарандыгын алганы, 2020-жылы күзүндө мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып, бир жылдан кийин кызматын контракттык негизде улантканын жергиликтүү медиалар жазып чыгышты.

Буга чейин Кыргызстанда Украинада мерт кеткен кыргыз тектүү эки орус аскери - 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев (Эген Жукеев) жана 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөктөрү Кыргызстанда жерге берилген. Маркумдар орус армиясында контракттык негизде кызмат өтөгөн.

“Менин түшүнүшүмчө сиз тасмачага баргыңыз келип жатат, туурабы?” - деп кызыгышты контракттык армияга тандап алуу пунктунда Би-Би-Синин кабарчысынан. Пункттун кызматкери “тасмача” деп орус-украин чек арасын айткан. Чындыгында ал келечектеги “контрактчыдан” бир нече аптадан кийин Украинадагы согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакка түшүп калууга даяр экенин сураган.

Би-Би-Си бул вакансияны жумуш издөө боюнча Орусияда таанымал HeadHunter сайтынан тапты. Адатта ал жерде бухгалтер, катчы, менежер жана программист сыяктуу “жай турмуш” вакансиялары жайгаштырылат. Согуш башталгандан кийин аталган сайтта контракт боюнча аскердик кызматка чакырган миңдеген вакансиялар пайда болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинада согушкан армияда кесипкөй аскерлер жана контрактчылар болгонун бир нече жолу белгилеген. Ал эми жаңы контрактчыларды активдүү издөө орусиялык армиянын ири жоготууларынын шартында жүргүзүлүүдө, алар тууралуу медиалар кабарлаган жана жадагалса расмий деңгээлде тастыкталган.

HH.RU, SUPERJOB сайттарынын скриншоттору

Сүрөттүн булагы, HH.RU, SUPERJOB сайттарынын скриншоттору

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, HH.RU, SUPERJOB сайттарынын скриншоттору
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Биздин аскерлерде олуттуу жоготуулар бар, бул биз үчүн чоң трагедия”, - деген орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков британиялык Sky News телеканалына 7-апрелде курган маегинде.

Азырынча Орусияда канча жалданма аскер болгону белгисиз. 2020-жылдын маалыматы боюнча, алардын санын 400 миңден 500 миңге чейин көбөйтүү пландалган.

Атын атагысы келбеген аскердик эксперт, адатта контрактчылар интернеттеги жарнама аркылуу жалданбайт деп белгиледи. “Бул дайыма военкомат же жалдоо борбору аркылуу жасалып келген”, - деп түшүндүрдү ал.

Бул пикирди рекрутинг сервистердин издөө натыйжалары да ырастайт. Мисалы HeadHunter’дин издөөсү акыркы айда “контракт боюнча аскер кызматкери” сурамы боюнча 3 миңден ашуун вакансия көрсөттү. Бул сан, автоматтык издөөнүн жыйынтыгына ылайык, “бардык убакыт ичинде” жайгаштырылган.

HeadHunter Би-Би-Синин сурамына жооп берип, мындай вакансиялар буга чейин да сайтта жайгаштырылып келгенин маалымдады. Бирок сандарга көңүл бурсак, февралдын аягынан тартып алардын кыйла көбөйгөнүн байкаса болот. 2022-жылдын алгачкы үч жарым айында, сайтта “контракт боюнча аскер кызматкери” кызматына 6,8 миң вакансия жарыяланган. Өткөн жылдары мынча жарыя бир жыл ичинде пайда болчу (2019-жылы — 1,1 миңге чукул, 2020-жылы — 5,7 миңге чукул, 2021-жылы — 8,3 миңге чукул).

SuperJob - дагы бир таанымал ректрутинг сайтында, издөө жыйынытыктарына ылайык, 13-апрелге чейин бир аптанын ичинде контракттык аскер кызматы боюнча 18,1 миң вакансия жайгаштырылган.

SuperJob’до вакансиялардын көлөмү боюнча суроого жооп беришкен жок. “Коргоо министрлиги башка уюмдар сыяктуу эле SuperJob’дун кардары…Биз ар бир конкреттүү кардар өзүнүн тарифтик планына ылайык жарыялаган вакансиялардын санына көз салбайбыз. Кардарлар тууралуу маалыматты биз башка уюмдарга бербейбиз. Бул көз караштан алганда - ал коргоо министрлигиби, “Ашанбы”, “Гуглбу”, чакан автосервиспи же маникюр салонубу - мааниге ээ эмес”, - деди Би-Би-Сиге SuperJob’дун президенти Алексей Захаров, басма сөз кызматы аркылуу.

Мындан тышкары, дагы 500дөй вакансия Орусиянын коргоо министрлигинин баракчасы менен байланышы бар сайтта жайгаштырылган. Азыр алардын баары бир күндө - 13-апрелге коюлган. Вакансиялардын жайгаштырылган датасы улам жаңыланып турат. Захаров бул сайт Superjob жана коргоо министрлигинин биргелешкен долбоору экенин тастыктады - сервис мындай долбоорлорду башка компаниялар менен да жүргүзөт.

Wayback Machine кызматы аркылуу ушул эле даректе сайттын 2009-жылдан тарта болгон версияларын көрүүгө болот. Бардык эски версияларды көрүүгө мүмкүн эмес, бирок жеткиликтүү барактарда көбүнчөсү согуштук иш-аракеттер менен байланышпаган вакансиялар жайгаштырылган. Мисалы, коргоо министрлиги салык инспекторлорун жана юристтерди издеген. Жарыялар “камдагы жана кызматтан кеткен аскер кызматкерлери үчүн вакансиялар” бөлүгүндө жайгаштырылган.

Учурда Коргоо министрлиги ушул эле сайттын ушул бөлүмү аркылуу такыр башка адистерди - мээлегич, чалгынчы, пулемётчу, зениттик аткыч, граната ыргытуучу жана башка согуштук аракеттердин потенциалдуу катышуучуларын издеп жатат.

Эки аптага согушка

Би-Би-Синин журналисттери потенциалдуу жоокер катары бир нече жарнама боюнча чалышты. “Таржымал” боюнча потенциалдуу контрактчы 25 жашта, метептин 11 классын аяктаган, чакыруу боюнча жөө аскердин күжүрмөн унаасынын (БМП) механик-айдоочусу катары кызмат өтөгөн, ден соолугу боюнча “А” категориясында жарактуу жана Украинага жакын арада барууга даяр.

Тандоо борборлорунун көбү аскердик кызмат тажрыйбасын жана биографиясын тактап, бирок келечектеги кызмат тууралуу телефон аркылуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Көбүн учур, эртеси дем алыш болсо да, келип маектешүүгө чакырышты.

Бирок бир нече борбордо “потенциалдуу аскерге” ал кайда кызмат өтөөрүн жана согуш аймагында канчалык тез жибериле турганын айтып беришти.

Новосибирскте метродо контрактчыларды чакырган плакат

Сүрөттүн булагы, СВЕТЛАНА КОВЕРЗИНА, НОВОСИБИРСК ШААР КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Новосибирскте контрактчыларды метродо дагы издешүүдө

“10-15 күндүн ичинде контрактчы катары толук катталасыз. Кыска мөөнөттөгү контракттар: 3 ай; 6 ай; 1 жыл. Ал жакка түз барасыз”, - деп кабарлашты Орусиянын түштүк региондорундагы борборлордун биринде.

“Бирок шарттар көбүн эсе адамдын өзүнө байланыштуу болот. Бүгүнкү күндө баарын беш күндө жыйнап келгендер бар, андан кийин буйрук чыккыча дагы эки-үч күн өтөт”, - деп түшүндүрүштү башка региондун жалдоо борборунда.

Ушундай борборлордун биринде, Би-Би-Синин кабарчысына ал Жеңиш парадын Украинада согушуп жүрүп тосуп калышы мүмкүндүгүн тастыкташты. Башка борбордо ал апрелдин ортолорунда согуш аймагына түшүп калышы мүмкүндүгүн билдиришти (сүйлөшүү 8-апрелде болгон).

боз сызык

Аскерлерди кабыл алуу пункттардын көбүнчөсү үч-алты айлык кыска мөөнөттөгү контракттар тууралуу кеп кылып жатышты.

Орусиянын мыйзамдары боюнча, мындай контракттар “өзгөчө жагдайлар учурунда”, анын ичинде “эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо же калыбына келтирүү ишмердүүлүгү” үчүн жеткиликтүү.

Аскер кызматынын стандарттык контракты биринчи жолу экиден беш жылга чейин түзүлөт. Кайталанган контракт - бир жылдан он жылга чейинки мөөнөткө болушу мүмкүн.

боз сызык

Жалдоо бороборлорунда мындай контракттарды түзүү процедурасы жеңилдетилгенин айтышты. Кадыресе кырдаалда ал кантип өтөрүн бул жерден окуп алсаңыз болот.

"Аскердик бөлүмдү аныктап, каттоого сурам беребиз. Аскердик комиссариатка барып, документтерди чогулта баштайсыз. Анда атайын операцияга катышууну каалаган жарандарга каттоо тезирээк жүрөт, документтердин тизмеси бир аз кыскартылат", - деп түшүндүрүштү телефондон.

Документтер чогултулуп, буйрук чыккан соң, контрактчы “аскердик даярдоодон” өтүү үчүн аскердик бөлүмгө түшөт, башкача айтканда ал керектүү көндүмдөрдү үйрөнөт же жаңыртат.

Бир учурда кабарчы БМПны беш жылдан бери башкара элегин айткан. Кабыл алуу борборунда муну көйгөй катары эсептебеди: узак убакыт тажрыйба болбогондугун ордун эки апталык “аскредик даярдоо” толтурат.

Коргоо министрлигинин маалыматын караганда, адатта жалпы аскердик даярдык төрт апта созулат.

Окшош жарыялар

Вакансиялардын басымдуу бөлүгү бир принцип менен жайгаштырылган. Көбүнчөсү аларды конкреттүү шаар же регион боюнча “контракт боюнча аскердик кызматка тандап алуу борбору” аталышындагы уюм жарыялайт - мындай борборлор аскердик комиссариаттардын алдында болот. Айрым жарнамаларга чалганда жооп бергендер, өздөрүн ушундай боборлордун кызматкерлери катары тааныштырышкан.

Кээ бир учурда жарнамаларды аскердик бөлүктөрдүн номерлердин артында турган аккаунттар жайгаштырат. Айрым учурларда аскерлер жеке тараптардын же “Мамлекеттик кызмат кадрдык агенттигинин” атынан изделет.

Адатта вакансияга жооп берүү үчүн аккаунт жана рекрутинг сайтта резюме керек болсо, бул вакансияларга телефон жана электрондук почта аркылуу түздөн-түз жооп берүүгө болот.

Көп учурда жарнамаларда стандарттык тект жазылган - бирдей вакансиялар ар кандай, анын ичинде кичинекей шаарларга ылайыкташтырылган. Ошондуктан түрдүү сайттарда бир эле вакансиялар кайталанганбы, түшүнүү кыйын.

Орусиянын желеги, артында атлкаланган имарат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мисалы, бир жумуш берүүчүгө - “Москва шаары боюнча контракт боюнча аскердик кызматка тандап алуу борбору” - HeadHunter сайтында “Контракт боюнча аскер кызматкерине” Москва жана Москва облусу боюнча 295 вакансия туура келет.

Жарнамаларда ар кайсы кызматтар көрсөтүлгөн. Мисалы, алгач ушул аккаунттан 9-мартта жарыяланган вакансиялардын бири - “контракт боюнча аскердик кызматка тандап алуу борборунун инструктору”. Милдеттердин арасында - “жарандарды бир жылдык контракттык кызматка тандап алуу планы”.

Москва боюнча кийинчерээк жайгаштырылган вакансия согуштук кесип боюнча - “граната атуучу”.

“Граната атуучунун милдеттери: ... өздүк курам менен техника үчүн ар түрдүү коргондорду (окоптор, блиндаждар ж.б.) жасоону, жеке коргонуу каражаттарды пайдаланууну, токой, тоолор, калктуу конуштар жана начар көрүнгөн шарттарда согуш жүргүзүүнү билүүгө милдеттүү”, - деп жазылган бул адистик боюнча иштей турган адамдын вакансиясында.

Вакансиялардын даталары улам жаңыртылат. Мисалы, граната атуучу алгач 9-мартта изделип, кийинчерээк анын датасы 6-апрелге өзгөргөн.

Ал эми техникалык шарттар мүмкүнчүлүк берген сайттарда - мисалы, SupeJob сайтында - вакансиялардын сыпаттоо видео менен коштолот. Мисалы, “Кеме радиобайланыш каражаттардын радиотелеграфисти” вакансиясына “Кавказ-2020” окууларынан видео тиркелген.

Акча табуу үчүн согушка

“Эгер сен эң жакшы маяна жана шарттар үчүн жумуш ордуңду алмаштыруудан тажасаң, эгер сен бир рубль төлөбөй өз үйүңдө жашагын келсе, анда биздин жумушка орношушуң керек!,” - деп берилет Рязандагы контрактчыларды кабыл алуу жарнамасында.

Жарнамаларда маяналар бир канча айырмаланат: вакансиялардын көпчүлүгүндө айлык акылары 30-50 миң рублдун аралыгында болот (текттин өзүндө маяна жогору болушу мүмкүн).

Мындан да көп маяналардын мисалдары бар. 4-апрелде Архангельсктеги тандап алуу пункту “контракттык аскер кызматы” боюнча 21 бир типтүү вакансия жарыялады. Ал жерде керек болгон аскердик милдеттенмелер көрсөтүлгөн эмес, ал эми маяналар “аскердик наам жана кызматка ылайык ай сайын 210 миң рублдан баштап, жыл сайынкы материалдык жардамды бир оклад өлчөмүндө алууга укуктуу” деп көрсөтүлгөн.

Би-Би-Сиге тандап алуу борборлорунда контрактчылар Украинада согушта катышуу үчүн жалданып жатканын айтышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Сиге тандап алуу борборлорунда контрактчылар Украинада согушта катышуу үчүн жалданып жатканын айтышты.

Би-Би-Синин кабарчысына тандап алуу борборлорунда, көбүн учур Украинадагы кызмат үчүн жогорулатылган төлөмдөрдү убадалашты. “Суткасына 53 доллар жана эки эсе көп айлык”, - деп түшүндүрүштү тандап алуу борборлорунун биринде.

Буга чейин Би-Би-Си Орусиянын коргоо министрлиги 2022-жылы “Украина, Донецк элдик республикасы жана Луганск элдик республикасындагы атайын аскердик операциясынын” катышуучулары үчүн төлөмдөргө федералдык бюджеттен 5 млрд рубль бөлүүнү көздөп жатканын жазган.

Аскердик операциянын катышуучулары согуш ардагерлери макамына ээ болушат. Мыйзамга ылайык, аларга пенсия, акчалай төлөмдөр, муктаж адамдарга үй берүү, коммуналдык кызматтарды төлөөдө, медициналык жардам жана башка жеңилдиктер берилет.

Мектеп жетиштүү

Көбүнчө жарнамаларда контракт боюнча кызматка чакырылган болочок аскерлер буга чейин милдеттүү аскер кызматтан өткөн болушу керек деп көрсөтүлгөн. Бирок өзгөчөлүктөр да бар.

Жарнамалардын биринде алар аскерге жаңы чакырылуучуларды да күтүп жатышканын көрсөтүшкөн. “Чакырууу боюнча бир жылдын ордуна эки жылдык конракттык кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү”, - бул жарнама буга чейин аскер кызматын өтө электерге арналган.

Мындай мүмкүнчүлүк 2017-жылкы мыйзамда каралган - анда запаста эмес болуп, бирок орто кесиптик билим алгандан кийин гана контракт боюнча кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берилген.

Аскердик чөйрөдөгү эксперттин айтымында, азыркы жагдайда талапкерлердин билими чынында мааниге ээ эмес.

“Толуктоо учурунда мөөнөттүү кызмат өткөн жана катталып жаткан тийиштүү кызматка аскердик-эсептик адистиги шайкеш келген адамдын чыныгы тажрыйбасы маанилүү. Ошондой эле, мындай жагдайларда адамдын өз өмүрүн тобокелге салуу ниети дагы”, - дейт ал.

Би-Би-Си изилдеген бир нече жарнамада, талап иретинде тогуз класс билими болушу шар экени көрсөтүлгөн. Мисалы, мындагы коргоо министрлигинин чалгындоо тобунун командиринини орун басары же химикти жалдоо жарнамасында.

Коргоо министрлигинин материалдарына ылайык, бул кызматтарда контракт боюнча иштөө үчүн адатта 11 класстан төмөн эмес билими болушу же техникумду аякташы керек.

Ошондой эле, жарнамаларга ылайык, тогуз класстык билим менен чалгынчы, сапёр, пулемётчу, жадагалса авиациялык механик катары контракттык кызмат өтөөгө болот.

Көптөгөн контракттарга “эркинен ажыратуу жазасын өтөгөн, баңгизат же психотроптук заттарды колдонуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган, ага карата өкүм чыгарылып жазага тартылган, алдын ала тергөө жүргүзүлүп жаткан же кылмыш иши сотко өткөрүлгөн” адамдар талапкер боло албайт.

Контракттык кызмат боюнча эки тандап алуу борборуна журналисттер өз атынан чалып, Украинадагы согушка контрактчылар алынып жатканы тууралуу суроо бергенде, алар комментарийден баш тартышты. Алардын бири комментарий үчүн коргоо министрлигине кайрылууну сунуштады.

Коргоо министрлигинде Би-Би-Синин суроосун жоопсуз калтырышты.

Тирүү күчтүн жетишсиздиги

Украинанын жана Батыштын чалгындоо кызматтары күткөндөй эле Орусиянын Донбасска масштабдуу чабуулу башталды.

Көптөгөн серепчилер орус армиясынын көйгөйлөрүнүн бири - бул операцияда аскерлердин жетишсиздиги болуп калышы мүмкүн деген пикирде.

10-апрелде Улуу Британиянын коргоо министрлиги, орус куралдуу күчтөрдү өсүп жаткан жоготууларга жооп катары, 2012-жылдан бери кызматынан бошотулгандардын эсебинен өз катарын толтуктоого аракет кылып жатканын кабарлаган.

Майкл Кофман, АКШнын аскердик-деңиз анализдөө борборунун орусиялык программасынын директору, апрелдин башында өзүнүн “Твиттеринде” согуштук абалды жана жалпы мобилизациялоону жарыялабай орус армиясы сөзсүз толуктоо кыйынчылыктарында туш болот деп жазган. Анын пикиринде, учурда Украинадагы орусиялык күчтөр үчүн бардык жеткиликтүү булактардан аскерлер изделүүдө.

“Орус аскерлери калган туруктуу күчтөрдөн бардыгын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү жана Калининграддагы базалардан чогултту. Азыр Донбасс чабуулуна колдоо көрсөтүү үчүн келген башка батальондордон башка [фронтко] жибериле турган эч ким жок”, - деп жазды Кофман.

Аскерлерди толтуруу ыкмалардын бири, аймактардан “ыктыярчыларды” кабыл алуу билдирмеси болду.

Март айындагы коопсуздук кеңештин отурумунда, Владимир Путин Донбасска барууну көздөгон ыктыярчыларга согуш аймагына жетүүгө көмөктөшүү керектигин айткан. Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы сөз чет элдиктер тууралуу болгонун тактаган.

Буга чейин аймактык ЖМКлар ыктыярчылар же контрактчы-ыктыярчылар жеринде изделип жатканын жазышкан - кыска мөөнөттүү контракт боюнча 3-6 ай кызмат өтөөгө даяр болгондор үчүн.

Мисалы, “Фонтанка” Санкт-Петербургда Украинага барууну каалагандарга дал ушундай контрактка кол коюу сунушталып жатканын жазган.

Ошондой эле аймактык медиалар фронтко жибериле турган ыктыярчылардын тизмелери Уралдын бир нече аймагында түзүлүп жатканын жазышкан - айрыкча Челябинск жана Курганда. Ушул сыяктуу билдирме Кировдон да болгон.

Ыктыярчылар Донбасска бара ала турганын, 2014-жылы Орусияга качкан украин экс-депутаты Олег Царев өзүнүн телеграм-каналында марттын аягында жазган.

Кийинчерээк ВГТРКнын кабарчысы Андрей Сладков, ыктыярчылар 205 миң рублдук акчалай көмөк ала турганын жазган. “Жараат алгандарга - 3 млн ре каза тапкандарга - 8 млн ре, буга кошумча губернатордон 5 [млн], балдарына батир (сөз Москва облусу тууралуу)”, - деп жазган ал (орфография сакталды).

Укук коргоочу Марина Литвинович, бул билдирүүлөргө байланыштуу военкоматтар ыктыярчыларды алууга укугу жок болгонун жазган, анткени орус мыйзамдарында мындай макам каралган эмес.

Литвинович Би-Би-Сиге түшүндүргөндөй, жарнамалардын жарыяланганына караганда, ыктыярчыларды алуу борборлоштурулган түрдө жүрүүдө жана орусиялык аскерлер туш болгон жоготуулар менен байланышы болушу мүмкүн.

Майкл Кофман да жоготууларды белгилеген: “Орус аскерлери олуттуу жоготууларга туш болду. Туруктуу түзүмдөрдөн кошумча бөлүмчөлөр көчүрүлүп жана чакырылгандан кийин жеткиликтүү күчтөр жок болуп калышы мүмкүн”, - деп жазган ал.

Акыркы жолу Орусиянын коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу 25-мартта маалымат берип, 1351 аскер кызматкери каза тапканын кабарлаган.

Ал эми Украинанын коргоо министрлиги бир канча эсе көбүрөөк санды айтып келет. Ал 13-апрелге карата орусиялык аскерлердин жоготуулары 19,8 миң кишини түздү деп эсептейт. УНИАН украин агенттиги бул санга бир гана каза тапкандар эмес, жарадар болгондор да кирет деп тактаган.

Согуш талаасында каза болуу ыктымалдыгын сураган Би-Би-Синин кабарчысына: “Сиз кандай ойлойсуз? Ок аткан жерге барасыңар”, - деп жооп берген тандап алуу борборлорунун биринде. (EB)