Зеленский тынчтык планы тууралуу кенен маалымат берди

Владимир Зеленский

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер үчүн өткөрүлгөн брифингде акыркы күндөрү АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иштелип чыккан согушту токтотуу боюнча америкалык пландын 20 пункту тууралуу айтып берди. Зеленский Орусиядан бул сунушка жооп шаршемби күнү келет деп үмүттөнөт.

Негизги пункттардын айрымдары:

- Украина армиясынын саны 800 миң адам менен чектелет.

- АКШ, НАТО жана Евробиримдик Украинага Түндүк Атлантикалык келишимдин 5-беренесине окшош коопсуздук кепилдиктерин беришет.

- Орусия Украинага кол салбоо милдеттенмесин мыйзам жүзүндө бекитиши керек.

- Украина Евробиримдикке келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө кирет.

- Украина өзөктүк куралы жок өлкө бойдон калат.

- Запорожье АЭСи Украина, Орусия жана АКШнын биргелешкен башкаруусунда болот. Зеленский Украина Орусиясыз гана (Украина жана АКШ) башкарууга макул экенин белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

- Орусия менен Украина коомдо жана билим берүү системасында маданияттардын өз ара түшүнүшүүсүн жана толеранттуулукту калыптандырууга милдеттүү.

Анда Украинанын НАТОго кирбөө боюнча милдеттенмеси тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Пландын мурдагы варианттарында мындай пункт бар болчу, Орусия Украинанын альянска мүчө болушуна кескин каршы чыгып келет.

«Бул тараптардын: Америка, Украина, Европа жана Орусиянын ортосундагы келишим. Биздин пикирибизде, Украинаны кабыл алуу же кабыл албоо — бул НАТО мүчөлөрүнүн тандоосу. Ал эми биз өз тандообузду жасаганбыз», — деди Зеленский журналисттер менен жолугушуу учурунда.

Келишимдеги эң татаал маселе — аймактык маселе. Украина ок атууну учурдагы кагылышуу сызыгында токтотууну талап кылууда. Орусия болсо украин аскерлерин Донецк облусунан толук чыгарууну талап кылууда. Компромисс катары АКШ Донецк облусунда эркин экономикалык зона түзүүнү сунуштады. Зеленский муну 60 күндүк ок атышпоо режиминде референдум аркылуу гана чечүүгө болорун айтты. Орусия Днепропетровск, Сумы, Харьков жана Николаев облустарынан бардык аскерлерин чыгарып кетиши керек.

Келишимге кол коюлгандан кийин Украина «мүмкүн болушунча тез» шайлоо өткөрөт.

Келишимдин аткарылышын Дональд Трамп жетектеген Тынчтык кеңеши көзөмөлдөйт. Анын курамына Европа өлкөлөрү жана НАТО да кирет.

Тараптар макул болгондон кийин ок атуу толугу менен токтотулат.

Орусия менен Украина бири-бирин аткылады

Орусиянын Запорожье шаарына жасаган түнкү чабуулунун натыйжасында кеминде 13 көп кабаттуу үй жабыркап, терезелери сынып, балкондору талкаланган.

Жабыркагандардын саны үчкө жетти: 75 жана 35 жаштагы аял, ошондой эле 46 жаштагы эркек киши дарыгерлерге кайрылган. Орусия тарап бул чабуул боюнча комментарий берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги бир түндө Украинанын 172 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Маалыматка ылайык, эң көп дрон (110 даана) Брянск облусунун аймагында жок кылынган. Калган дрондор Белгород, Калуга, Тула, Орёл, Москва, Липецк, Волгоград, Курск жана Смоленск облустарынын үстүнөн атып түшүрүлгөн.

Москванын мэри Сергей Собянин борбор калаага багыт алган учкучсуз учактар ПВО күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ушундан улам "Внуково" аэропортунда чектөөлөр киргизилди.