Ош базарда дары саткандар менен күрөшүү ушунча кыйынбы?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ош базарындагы дары-дармек саткандарды текшерүү иши. 2023-жыл, 17-май

Сүрөттүн булагы, MVD.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош базарындагы дары-дармек саткандарды текшерүү иши. 2023-жыл, 17-май

Ош базардын кайнаган турмушу. Павлов көчөсүнүн жээгинде бир кылка тизилген дары-дармек саткандар азыр да турат. Бул жерде дары-дармек сатуу мыйзамсыз болсо дагы соодасын бир топ жылдан бери жүргүзүп келе жатышат. Маал-маалы менен көзөмөл органдары барып, контейнерлерди жаап, мыйзамсыз делген дарыларды алып кеткенден кийин, бир топ убакыттан соң соода кайрадан башталат. Мисалы, акыркы жолу төрт ай мурун Ош базарда рейд жүрүп, контейнерлер жабылып, ээлерине айып салынган. Бирок, бул тартип көпкө созулган жок.

Дарыларды кичинекей араба же тактайдын үстүнө эле коюп сатышат. Эрежеде жазылгандай эч кандай шарт сакталбайт. Атүгүл дарыгердин көрсөтмөсүн дагы талап кылышпайт.

Ош базарда сатылып жаткан дары-дармектер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош базарда сатылып жаткан дары-дармектер

Би-Би-Си журналисти ал жерге барып, соодалашып да көрдү.

Журналист: Бул эмне деген дары?

Сатуучу: Бул муундар үчүн

Журналист: Бул кытайдан келген дарыбы?

Сатуучу: Ооба, ооба

Журналист: Дарынын курамын, жарактуу мөөнөтүн кантип билсе болот?

Сатуучу: Кытай тилинде окуй албайсызбы?

Журналист: Баасы канча турат?

Сатуучу: 30 сомдон

Ош базардагы муундарга пайда делген кытай дарысы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош базардагы муундарга пайда делген кытай дарысы

Журналист: Псориазга ушу дары пайдабы?

Сатуучу: Ооба,

Журналист: Каяктан келет?

Сатуучу: Кытайдан

Журналист: Канчадан?

Сатуучу: 150 сомдон

Журналист: Дарыларга чек бересиңерби?

Сатуучу: Чек берилбейт, бул жакты базар деп коёт. Чекти дүкөндөрдө берет.

Ош базарда сатылып жаткан "Псориаз мазь"
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош базарда сатылып жаткан "Псориаз мазь"

Кытайдыкы делген бул дарылар шаардагы дарыканаларда жок болуп чыкты. Көбүнчө Жунхай соода базарынан алынып келинери айтылды. Бирок, аларды тастыктоочу лицензиясы да жок, дартка дабаа деген кепилдиги да жок.

Сатып алуучулар деле тынымсыз келип турушат экен. Мындан улам талап болбосо, товар кайдан болсун деген ойго келдик.

Бир жылда 35 жолу текшерүү жүргүзүлгөн

2023-жылы Ош базардагы дары саткандардын үстүнөн эле 35 жолу текшерүү жүргүзүлүп, 25 сатуучуга укук бузуу кодексинин негизинде 205 миң сом айып салынган. Мындан кийин алардын жетимиш пайызга чейин кыскарганын Фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Матмырзаев Би-Би-Сиге билдирди.

Текшерүүнү Фармацевтикалык инспекция бөлүмү, мэрия жана Ленин райондук ИИБ менен жүргүзөт

Сүрөттүн булагы, MUNARBEK MATMYRZAEV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Текшерүүнү Фармацевтикалык инспекция бөлүмү, мэрия жана Ленин райондук ИИБ менен жүргүзөт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Текшерүүнү Саламаттык сактоо министри менен чогуу жүргүздүк. Ош базардын тегерегинде 25тей контейнер болчу, азыр азайды. “Берекет Универсал” соода борборунун тегерегинде туруп алышкандыктан, соода борбордун жетекчисине дагы атайын кат менен кайрылганбыз. Ишкерлердин үстүнөн пландуу текшерүү жүргүзүүгө мараторий киргендиктен, атайын арыз түшсө гана мэрия, ИИМдин Ленин райондук бөлүмү менен биргеликте текшерүүгө барабыз”, - деди Матмырзаев.

Адис жакынкы күндөрү жакшы жыйынтык болот деп ишендирүүдө.

Текшерүү учурунда соодагерлер каршылык көрсөтүп, коркутуп, укук коргоо органдарынын денесине залака келтирген дагы учурлар катталган.

Алар соода аркылуу жан багарын айтышып, башка киреше булагы жоктугун жүйө кылышууда.

Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова, соодасы солгун, жупуну көрүнгөнү менен аны таасирдүү адамдар башкарышы мүмкүн экендигин айтты. Ошол себептен алардын тамырын кыркуу бүгүнкү күндө кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова

“Аларды текшергенде деле салынган айып пулдун көлөмү өтө төмөн. Мисалы, 500 сом айып төлөп коюп чоң соодасын жүргүзө берген аларга ыңгайлуу да. Көмүскө дарылар камаз менен келет. Аткезчилик фармацевтикасы дүйнө жүзүндө эң кирешелүү булак болуп эсептелинет. Буга чейинки президент, министр, жетекчилер муну менен күрөшө албагандай эле азыркы министр деле аягына чейин жоё албайт. Себеби, мунун артында таасирдүү адамдар турушу мүмкүн. Антпесе жөн адам мынчалык тобокелге барып, сата албайт болчу”, - деди эксперт Барыктабасова.

Сооданы жуунучу химиялык каражаттарды сатуу үчүн деп алган лицензия аркылуу жүргүзөрү текшерүүдө аныкталган.

Дары-дармектин башаламан соодасы Ош базар менен эле чектелбейт. Дордой базарында араба менен контейнерлерди аралап сатып жүргөндөрдү көбүбүз эле көрүп жүрөбүз да.

Дары-дармектер санитардык нормага ылайык сакталбай, ачык жерде сатылып жатканын көрүп туруп, ден соолугун садака чаап сатып алып жаткандардын бирден-бир себеби баанын төмөндүгү жана дарыгерлердин көрсөтмөсү жок жеткиликтүү болгондугу менен байланыштырышып келишет.

Мамлекеттик дарыкана жана "Кыргызфармация" жардам береби?

Мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы

Сүрөттүн булагы, ZDOROVIE.AKIPRESS.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы

Калкка дары жеткиликтүү болуусу үчүн бир жыл мурун “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ишкана дүйнөнүн булуң-бурчунан медициналык каражаттарды өндүргөн заводдордон дары-дармектерди ортомчусуз түз Кыргызстанга алып келебиз деп убада кылган. Учурда алар элүүдөн ашык завод менен келишим түзүп, кыргыз медицинасына эң зарыл болгон медициналык каражаттарды биринчи кезекте алып келип жатышканын айтышты.

Мисалы, онкология, туберкулез, кант диабети, хирургия, кардиология, операцияга керектелүүчү дары-дармектер.

“Байкасаңар керек быйыл инсулин жок деп эч ким айткан жок. Жыл соңунда дайыма жетпей калчу. Бизге бөлүнгөн каражттаны эсебинен инсулинди жеткирип бердик. Быйылкы жылга жаңы каржылоо ачылып жатат. Дарыларды түз жеткирүү улана берет”, - деди “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы Бурханбек Молдоташов.

Бирок, баалардын канчалык деңгээлде төмөндөгөнү боюнча азырынча так жооп жок.

Мындан сырткары жер-жерлерде мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылып жатат. Бул жакта баалар коммерциялык дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% төмөн деп ишендиришүүдө. Бирок, мамлекеттик бул дарыкананын бааларына дагы коомчулукта сын-пикирлер бар.

Жакында эле ИИМ аткезчилик жол менен Кыргызстанга туруктуу келип турган эки ири дары мафиясын тапканын билдирди. Бири, Орусиядан Кыргызстанга наркы бир млн сомго келген дарылар. Кийинчерээк алар Өзбекстанга жөнөтүлмөк. Экинчиси, Кореядан дээрлик үч жарым млн сомго барабар болгон дары-дармек жана медициналык шаймандар болгон. Эки иш боюнча тең учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Бул иш-аракеттер эл ичинде айтылып келген фарммафияны жеңеби азырынча белгисиз.