Дүйнөнү өзүнө ылайык өзгөртүү үчүн Трамп "жинди теориясын" кантип колдонуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
- Author, Аллан Литтл
- Role, Би-Би-Си
Өткөн айда АКШ бийлиги Израил менен биргеликте Иранга каршы сокку узатууну пландап жатабы деген суроого Дональд Трамп: "Балким, мен аны кылам, а мүмкүн кылбай коем. Менин эмнени ойлонуп жатканымда эч ким билбейт", – деп жооп берген.
Ал дүйнө коомчулугуна Иранга сүйлөшүүлөрдү жандантууга эки жумалык убакыт бергенин билдирип, бирок көп өтпөй сокку узаткан эле.
Анын мындай иштерде адат катары калыптанган жүрүм-туруму ачыкталды: ал анын күтүүсүздүгү. Ал тез эле ой-пикирин алмаштырып тураары белгилүү болду. Өзүнүн айткандарына өзү каршы келет. Туруктуу эмес.
"Трамп тышкы саясатта чечимдерди кабыл алуунун эң борборлоштурулган системасын түздү. Ричард Никсондун башкаруусунан бере мындай боло элек эле. Мындай жагдайда саясий чечимдерди кабыл алууда Трамптын мүнөзүнөн, анын каалоосунан, темпераментинен көбүрөөк көз каранды кылууда", – деди Лондон экономика мектебинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Питер Трубовиц.

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
Трамп өзүнүн бул сапатын саясий максаттарда колдонду. Ал өзүнүн алдын ала айтууга мүмкүн болбогон жүрүм-турумун стратегиялык жана саясий артыкчылыкка айлантты. Ак үйгө кандай мүнөздөрү менен келсе, эми ошол өзгөчөлүгү өлкөнүн тышкы жана коргонуу саясатын аныктап калды. Ал дүйнө тартибин өзгөртүүдө.
Саясат таануучулар бул көрүнүштү "жиндинин теориясы" ("акылсыздын теориясы") (Madman Theory) деп аташат. Агада дүйнөлүк держава лидери каршылашынан жеңилдик алууну же эпке келтерүүнү көздөп, өзүнүн мүнөзү менен бардык нерсеге барууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө аракеттенет.
Мындай ыкманы туура колдонсо анда ал мажбурлоо формасына айланышы мүмкүн. Трамп анын жыйынтыгын натыйжалуу деп эсептеп, союздаштарын өзүнө керек болгондой аракет кылууга мажбурлап жатат.
Бул ыкманы душмандарга каршы колдонсо болобу? Бул анын кемчил же бош жери болуп калбайбы? Трамп бул кылдат ыкманы душмандарды жолдон адаштыруу үчүн колдонгондун ордуна, өзүнүн күнүмдүк адатын көрсөтүп жатат. Натыйжада анын жүрүм-туруму тескерисинче, мурдагыдан да алдын ала божомолдоого мүмкүн болуп бараткандай.
Союздаштарга каршы кескин билдирүүлөр жана Путинге болгон жылуу мамилеси
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп экинчи президенттик мөөнөтүн Орусия президенти Владимир Путинге болгон "жылуу сөздөрү" жана союздаштарга каршы кескин билдирүүлөрү менен баштады. Ал Канаданы АКШнын 51-штат болушу керек деп айтып, алардын аброюну шек келтирген.
Мындан сырткары, Данияга караштуу Гренландияны аннекциялоо үчүн аскерий күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле АКШ бийлиги Панама каналына ээлик кылуу жана аны көзөмөлдөө укугун кайра кайтаруусу керек деп жар салган.
НАТО келишиминин бешинчи беренеси ар бир альянстын мүчөсүн башкаларын коргоого милдеттендирет. Трамп АКШнын жамааттык коргонуу боюнча милдеттенмесине шек келтирди.
"Менимче, бешинчи берене азыркы маалда жасалма дем алдыруу аппаратка туташтырылгандай абалда", – деп Улуу Британиянын мурдагы коргоо министри Бен Уоллес билдирген.
Трамптын администрациясынын чиновниктеринин ачыкка чыгып кеткен чуулуу кат алышуусу алардын европалык өнөктөштөрүн канчалык жек көрөөрүн көрсөттү.
"Мен европалыктардын башкалардын эсебинен жашоосуна болгон жек көрүүңүздү толугу менен колдойм", – деп ачыкка чыккан жазышууларда АКШнын коргоо министри Пит Хегсеттин өз кесиптештерине кайрылганы көрсөтүлгөн. Андан соң ал "БАЙКУШТАР" деп кошумчалаган.

Сүрөттүн булагы, BRENDAN SMIALOWSKI/AFP via Getty Images
Жыл башында Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Вашингтон мындан ары Европанын коопсуздугунун кепили болбойт деп билдирген.
Бул билдирүүнүн түпкү тамырында трансатлантикалык тилектештиктин 80 жылдык тарыхына чекит коюлганы белгилүү болгон.
"Трамптын кылган иштери Американын эл аралык милдеттенмелеринин ишенимдүүлүгүнө олуттуу күмөн саноолорду жана суроолорду жаратты", – дейт профессор Трубовиц.
"Европадагы өлкөлөрдүн АКШ менен коопсуздук, экономика же башка маселелер боюнча кандай гана макулдашуулары болбосун, эми алар каалаган учурда кайра каралышы мүмкүн", – деп белгиледи ал.
"Менин оюмча, Трампты айланасындагы көпчүлүк адамдар анын алдын ала айтууга мүмкүн болбогон жүрүм-турумун туура деп эсептешет, анткени ага Американын таасирин максималдуу түрдө колдонууга мүмкүндүк берет... Бул анын кыймылсыз мүлк жаатында сүйлөшүүлөрдү жана келишимдерди жүргүзүүдө топтолгон тажрыйбалары".
Трамптын ыкмасы чындап эле жыйынтык берип жатат. Бир нече ай мурун Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер парламенттин Төмөнкү палатасында сүйлөп жатып, өлкө коргонуу жана коопсуздукка кеткен чыгымдарын ИДПнын 2,3%ынан 2,5%ына чейин көбөйтөөрүн жарыялаган.
Июнь айында өткөн НАТО саммитинде бул көрсөткүч 5%га чейин жогорулады – мурдагы көрсөткүч эбегейсиз көтөрүлүп, эми бардык альянс мүчөлөрү да ушундай деңгээлге жетүүгө умтулууда.
Эртеңки кадамдарын айтуу абдан кыйын
Трамп – "ойдо жоктук доктринасын" колдонгон биринчи америкалык президент эмес. 1968-жылы, ошондогу АКШ президенти Ричард Никсон Вьетнамдагы согушту токтотууга аракет кылып, Түндүк Вьетнам тарап сүйлөшүүгө барбай жатканын байкаган.
Бир учурда Никсон улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Генри Киссинжерге мындай деген: "Никсон – оолукма жинди, анын эртеңки кадамдары күтүүсүз деп Түндүк Вьетнам тараптарга айтыңыз. Анын жиндилиги баштала электе эпке келгени жакшы болот", — деп Нотр-Дам университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Майкл Деш эскерди. Анын айтымында, бул "жиндинин теориясы" деп аталат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Трамптын эртеңки кадамдары кандай болоруң алдын ала айтуу абдан кыйын", – деди Лондон университеттик колледжиндеги саясий илимдер боюнча профессор Жули Норман.
Трамп өзүнүн туруктуу эмес адам катары көрсөткөн кыял-жоругун натыйжалуу колдонуп, трансатлантикалык коргонуу кызматташтыгынын мүнөзүн өзгөртө алды. Айрым европалык лидерлер, балким Трамптын мээримдүүлүгүн сактап калуу үчүн ага жагынууга өтүштү.
Июнь айында Гаагада өткөн НАТО саммити ачык эле кошоматчылардын көрүнүшүнө айланды. Саммиттин алдында НАТОнун баш катчысы Марк Рютте "кадырлуу Дональдга" деп кат жөнөткөн, кийинчерээк бул катты Трамп коомчулукка жарыя кылып жиберген.
"Сизди Иран боюнча көргөзгөн чечкиндүү кадамдарыңыз үчүн куттуктап, ыраазычылык билдирем – бул чындап эле мактоого татыктуу", – деп жазган ал.
Ошондой эле НАТОго мүчө мамлекеттеринин бардыгы коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5%ына чейин көтөрүүгө макул болгону тууралуу жарыялоонун алдында төмөнкүдөй билдирүү жасаган:
"Сиз соңку ондогон жылдарда бир да президент жетише албаган нерсеге жетишесиз",- деген ал.

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images
"Урматтуу Рютте мырза, Трамп сизди ыңгайсыз абалга салууга аракет кылууда. Ал азыр Air Force One учагында отуруп алып, сизди мазактап жатат", – деп Трамптын биринчи мөөнөтүндө анын коммуникациялар боюнча директору болгон Энтони Скарамуччи жооп кайтарган.
Трамптын "күтүүсүз доктринасынын" талуу жери ушунда болушу мүмкүн: башкалар ал мактоону жана жагынууну күтөт деп эсептеши мүмкүн. Ошондой эле, ал узак жана татаал процесстерге караганда, кыска мөөнөттүү жеңиштерди артык көрөт деп жоромолдошот.
Эгер бул чын болсо, анда бул Трамптын душмандарын алдоо үчүн ойдо жок ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Анткени анын мүнөзүнө тиешелүү жүрүм-турумдары көптөн бери белгилүү болуп калган, керек болсо кагаз бетине түшүрүлгөн. Ал тургай каршылаштары аны изилдеп коюшкан.
Жагынууну да, коркутууну да кабыл албагандар
"Ойдо жоктук доктринасы" же "жиндинин теориясы" душмандарга карата иштей алабы деген суроо жаралат.
Овалдык кабинетте Трамп жана Вэнс менен кайым айтыш уюштурган өнөктөш – Украина президенти Володимир Зеленский – кийинчерээк АКШга украин минералдык ресурстарын иштетүү боюнча ыңгайлуу келишим сунуштаган.
Башка жагынан караганда, Путин Трамптын жагынуусуна да, коркутууларына да маани бербегендей көрүнөт. Трамп Путин менен акыркы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө ичи чыкпаганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Jim Lo Scalzo/EPA/Bloomberg via Getty Images
Ал эми Иранчы? Трамп шайлоочуларына АКШнын Жакынкы Чыгыштагы бүтпөс согуштарга аралашуусун токтотууга убада кылган. Бирок анын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруу чечими, балким, анын экинчи мөөнөтүндөгү эң күтүлбөгөн саясий кадамы болду. Суроо туулат: мунун аягы каалаган жыйынтыкты береби?
Британиянын мурдагы тышкы иштер министри Уильям Хейг бул тескери жыйынтык берип, Иран бийлиги өзөктүк куралга мындан да көбүрөөк умтула баштайт деп айтты. Профессор Деш да бул пикирге кошулат.
"Менин оюмча, азыр Иран өзөктүк курал жасоо чечимин кабыл алышы абдан ыктымал. Жаап-жашырып өзөктүк өндүрүштөгү толук циклди бүтүрүп, сыноо өткөрүүгө болгон аракетин жумшаса мен таң калбайм", – дейт ал.
"АКШнын коркутууларына туш келген башка диктаторлор Саддам Хусейн менен Муаммар Каддафинин баскан жолунан тыянак чыгарышты. Демек, ирандыктар акыркы мүмкүнчүлүктү карманып, Саддам менен Каддафини коркунучтуу сабак катары, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды ийгиликке жеткен мисал катары карашат".

Сүрөттүн булагы, Morteza Nikoubazl/NurPhoto via Getty Images
"Мындай таризде Ислам республикасынын бекемделишине шарт түзүлүшү мүмкүн", – дейт "Ирандын көтөрүлүшү жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атаандаштыгы" китебинин автору, профессор Мохсен Милани.
"1980-жылы Саддам Хусейн Иранга кол салганда, Ислам Республикасын кыйратууну көздөгөн эле. Бирок жыйынтыгында таптакыр тескериси болду", – деди ал.
Сүйлөшүүлөргө болгон ишеним азайбыды?
"Эгер башкалар АКШ коргоо жана коопсуздук маселелеринде жетиштүү кепилдик бере албаса, анда америкалыктар менен бизнес кылгысы келбейт. Көптөгөн адамдар издеп жаткан Америкадагы башпаанек жана кепилдик, менин оюмча, аларга терс таасирин тийгизет ", – деп белгилейт профессор Норман.
Мисалы, Германиянын канцлери Фридрих Мерц Европа эми АКШдан оперативдик жактан көзкарандысыз болууга умтулушу керек деп билдирди.
"Канцлердин комментарийинин маанилүүлүгү – бул АКШнын стратегиялык артыкчылыктары өзгөрүп жатканын моюнга алууда. Алар Трамп кызматка киришкенге чейинки абалдарына кайтып келбейт. Ошондон улам, Европа эми АКШдан оперативдик жактан көзкарандысыз болууга тийиш", – дейт профессор Трубовиц.
Профессор Дештин айтымында, Европа өлкөлөрү азыркы учурда АКШ гана ээлик кылган жабдууларга жана мүмкүнчүлүктөргө жетүү үчүн коргонуу өнөр жайын олуттуу түрдө кеңейтүүсү абзел. Мисалы, Европанын өзүнүн жогорку технологиялык глобалдык чалгын системасы бар, бирок бул мүмкүнчүлүктүн көбүн Америка камсыз кылат.
"Эгерде Европага өз алдынча иштеш керек болсо, анда алар курал-жарак өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн да олуттуу түрдө кеңейтишет. Мындан тышкары, аскер санын көбөйтүү дагы чоң суроого айланат. Батыш Европага армиянын керектүү санын баамдаш үчүн Польшага карап багыт алуу керек болот", – деп кошумчалады Трубовиц.

Сүрөттүн булагы, LUDOVIC MARIN/POOL/AFP via Getty Images
Мунун баары бир топ жылды талап кылат. Профессор Миланинин айтымында, Трамп АКШнын глобалдык түзүлүштөгү позициясын бекемдөөгө аракет кылууда: "Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орногон дүйнөлүк тартипти өзгөрткүсү келбей эле. Ал андагы Американын лидерлигин бекемдөөнү көздөөдө, анткени АКШнын бул позициясына дал ушул Кытай каршы чыгууда".
Мунун баары АКШ менен Европанын коргонуу жана коопсуздук максаттары уламдан-улам дал келбей, айырмаланып баратканын билдирет.
Европалык өнөктөштөр кошоматчылык жана чыныгы саясий жеңилдиктердин аркасы менен Трампты өз тарабында кармап калууга жетиштик деп ойлошу мүмкүн: акыры Трамп НАТОнун соңку саммитинде 5-беренеге милдеттенмесин дагы бир жолу ырастады.
Бирок күтүүсүздүк бул кепилдик эмес дегенди билдирет. Байкалып тургандай, Европа мындан ары АКШ бийлиги аларды коргоо боюнча өзүнүн тарыхый милдеттемелерин аткарат деп ишеним артпай калды.
Бул жагынан караганда, "ойдо жоктук доктринасын" атайылап стратегиянын жана Трамптын чыныгы мүнөзүнүн айкалышынын негизинде иштелип чыкса да, ал жыйынтык берүүдө. Жок дегенде кээ бирлери үчүн. (КВ)












