Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Эл Баатыры" наамынан жана бардык сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Official

Президент Садыр Жапаров эки жылдан бери чет өлкөдө жашап жаткан жана 11 жыл 6 айга соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жогорку мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратты.

29-декабрда президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу максатында кабыл алынган.

Жарлыкка ылайык, Атамбаев төмөнкү эң жогорку сыйлыктарынан ажыратылды:

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы (2017-жылы берилген);

II даражадагы "Манас" ордени (2011-жылы берилген);

"Данакер" ордени (2007-жылы берилген);

"Даңк" медалы (1999-жылы берилген).

Президенттин жарлыгы менен жогорудагы сыйлыктарды ыйгаруу боюнча мурдагы бардык указдар жокко чыгарылды. Мындан тышкары, Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга таандык документтерди алып коюу, аларды Мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берүү тапшырылды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турганы айтылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда Атамбаевди "Кой-Таш иши" боюнча 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган.

Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги уулу, депутат Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу пикирин жазды.

"Сыйлык боюнча! Атам сыйлыкка муктаж эмес. Кандай иштеди, эмне кылды — ага Кудай, андан кийин эл тараза! Башкаларга окшоп элди аткан эмес, качкан эмес! Керек болсо, убагында түрмөдөн да эл чыгарып алган! Элден кечирим сураган — бул, менимче, эң маанилүү! Ну, лишили наград — так лишили! Мы не первый раз такое проходим! Крылов айткандай: у сильного всегда бессильный виноват!!!" деди Сеид Атамбаев.

Атамбаевдин сыйлык-наамдарынан ажыратылышы коомдо кызуу талкууга түштү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарлык боюнча журналисттерге комментарий берди.

"Сот өкүмү чыккан. Ошол сот өкүмүнүн бир пунктунда Алмазбек Атамбаевди бардык мамлекеттик сыйлыктарынан, наамдарынан ажыратуу бар болчу. Ошондуктан мамлекет башчыбыз муну өз каалоосу менен эле жасаган жери жок. Бул соттун өкүмүн аткаруу алкагындагы иш. Сот өкүмү чыккандан кийин биз аны аткарышыбыз керек", - деди Байсалов.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы ноябрда президенттик кызматка киришкенден кийин эле бийлигин өткөргөн Алмазбек Атамбаевге эң жогорку сыйлык берген. Анын 24-ноябрдагы жарлыгына ылайык, Атамбаевге өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган.

Кызыгы, бул жогорку мамлекеттик сыйлык Атамбаевдин өзүнө расмий түрдө тапшырылбай калган.

Көп өтпөй Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда тирешүү күчөп, ал адам өмүрүн алган Кой-Таш окуясына чейин жеткен.

Ошондон кийин Атамбаев экс-президенттик макамынан жана кол тийбестигинен ажыратылган.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөттүн булагы, Official

Атамбаев жана анын сот иштери

2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болгон Алмазбек Атамбаев 2023-жылы абактан чыккандан бери Испанияда жашап келет.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 3-июнда Атамбаевди "Кой-Таш иши" боюнча 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Мындан тышкары, ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу боюнча "коррупция" беренеси менен да күнөөлүү деп табылган. Бирок жазадан иштин мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн бошотулган.

Мурдагы президент өзүнө чыгарылган сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.

Атамбаев алгач 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Октябрь окуялары тушунда абактан чыгып, ошол кездеги саясий окуяларга таасир этүүгө аракет кылган, бирок бир канча күндөн кийин кайра камалган.

Атамбаев абактан 2023-жылдын 14-февралында бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.

Атамбаев сотто.

Сүрөттүн булагы, Azattyk

Учурда Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана айрым тарапташтары, анын ичинде "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков камакта. Ал эми улуу баласы Сеид Атамбаев 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп келди.

22-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алган. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармаган.

Алардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов, саясатчы жана ишкер Урмат Барыктабасов, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев бар.

Соттун чечими менен алар 2026-жылдын 17-январына чейин камакта калтырылган.

22-ноябрь күнү кечинде таратылган ИИМдин расмий маалыматында "курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери" кирген топ "чагым жана кагылышуулар үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спорттук бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышканы" айтылат.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып, өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Алардын мерчемдеринде Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Кармалгандардын жакындары укук коргоо органдарынын айыптоосу менен макул эмес. Алардын эч кандай башаламандык кылуу аракети болбогонун, элге туура эмес маалымат берилип жатканын айтышкан.

ИИМ тараткан сүрөт.

Сүрөттүн булагы, Official

Атамбаевдин бийлик менен соңку кайым - айтышы

Президент Садыр Жапаров быйыл 9-ноябрда элди түйшөлткөн үч маселе - энергетика, карыз, айдоочулук күбөлүк боюнча кайрылуу жасаган.

Жапаров энергетика тармагындагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, элди электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, мурдагы бийликтин катасын түздөө убакытты талап кыларын жазган.

Президент 2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөнүн, Кыргызстандын энергетика системасы "катастрофалык" абалга кептелгенин белгилеген:

"Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы тартыш болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. Беш сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип, териштириш кыйын. Беш сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген".

Президент азыр 27 миллиард сом карыз калганын белгилеп, эки жарым жылда андан толук кутуларына, ГЭСтер жапырт курулуп, кышкы тартыштык жоюларына ынанып жатканын айткан.

Алмазбек Атамбаев 10-ноябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаровдун энергетикадагы абал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кайтарган.

Атамбаев 2017–2018-жылдары электр энергиясынын импортун толугу менен токтотконуна сыймыктанарын, бул мезгилди Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын алган учур деп атап келгенин айткан.

Мурдагы президент 2010-жылдан кийинки мезгилде "Датка–Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана "Датка" көмөк чордону курулуп, ишке берилгенин, бул энергетикалык көз карандысыздыктын өзөгү болгонун жазды.

"Биз дайыма энергетика тармагында ачык-айкындык жана транспаренттүүлүк үчүн аракет кылганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эч качан "купуя" деп жарыяланган эмес. Улуттук статистика комитети импорт жана экспорт кылынган электр энергиясынын көлөмүн өлкөлөр боюнча дайыма ачык жарыялап турган. Бишкек ЖЭБи үчүн жабдууларды сатып алуу тендерлери да ар дайым депутаттарга жана журналисттерге ачык болуп, аларга эч качан "купуя", "ДСП" деген белгилер коюлган эмес",– деген Алмазбек Атамбаев.

Азыркы бийлик менен Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышы андан кийин да уланган. Кийинки кайым айтышууларга энергетика министри Таалайбек Ибраев, мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаков да катышып, өз пикирлерин билдиришкен.

Алмазбек Атамбаев уулу Кадыр Атамбаевдин жана башка тарапташтарынын камалышы боюнча үн каткан эмес.