Жан сууруган оору тараткан чиркейлер АКШны аралап кирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батыш Нил вирусу, Чыгыштын жылкы энцевалити, безгек менен Денге калтыратмасы сыяктуу коркунучтуу оорулар АКШда күчөгөндүн үстүндө. Бул оорулардын вирусун алып жүргөн чиркейлер улам жылып бара жаткан дүйнөдө мурда жашай албаган жерлерге чейин жетип, көбөйө баштады.
Расмий маалыматка караганда, Нью-Йоркто кылым башынан бери алганда, инфекцияланган чиркейлер тараткан Батыш Нил вирусу адамга жуккан 490 учур катталган. Эң чуулгандуу учур - 2021-22-жылдары АКШнын президентинин башкы медициналык кеңешчиси болгон Энтону Фаучинин өзү дагы оор вируска чалдыкканы болуп калды.
Чыгыш Африка менен Жакынкы Чыгыштын чегинен ары чыкпаган бул вирус эми Нью-Йоркто барган сайын көбөйүп, керек болсо АКШнын бүт аймагына жайылууда. 2023-жылы вирус чиркейлер топтошкон 1100 жерде катталган. Азыркы убакта Батыш Нил безгеги 39 штатта бар экени такталды. Бул вируска чалдыккандардын 70-80 пайызында оору жеңил же эч белгиси байкалбай өтүүдө. Бирок оор инфекциялар неврологиялык кесепеттерге алып келген учурлар болууда.
Дагы бир кооптуу тенденция, чиркейлер тараткан дагы бир вирус - чыгыш жылкы энцефалити (ЧЖЭ) жайылууда. Аны менен ооругандардын 30% өлүмгө учурай турганын эске алганда, аябай эле коркунучтуу болуп саналат.
ЧЖЭ коомдук саламаттыкка коркунуч катары 1938-жылы эле жарыяланган, бирок соңку 20 жылда АКШнын түндүк-чыгышында бул вирус жайылган бир нече учур болду, оору барган сайын түндүккө жыла берди. 2019-жылы АКШда эң көп жайылган мезгил болуп, рекорддук 38 учур катталды. 2024-жылдын башынан бери кеминде алты штатта он учур болду.
Батыш Нил вирусуна каршы коопсуз жана жогорку эффективдүү вакциналар жылкыларга 20 жылдан бери сайылат. Бирок адамдарга жарактуу вакцина жок.
Инфекциялык оорулар боюнча эксперттин айтымында, чиркейлер тараткан вирустардын бирөөнө эмес, эки-үчөөнө чалдыккан учурлар кездеше баштады. 2024-жылы сентябрда Нью-Гемпширдеги бир үй-бүлөдөн бир адам бир эле учурда чиркейлер тараткан үч ооруга чалдыккан учур катталды.
«Адамдар чиркейлер тараткан бир нече ооруга чалдыккан учурлар болуп жатканын барган сайын көп билип жатабыз”,-дейт Виржиниядагы Политехникалык институтта кан соргуч чиркейлерди изилдеген биолог Хлоя Лаондер.
АКШда жана бүт дүйнөдө чиркейлер тараткан оорулар мурда көнүмүш болбогон жерлерде кездешүүдө. “АКШда өткөн жылы 20 жылда биринчи жолу жергиликтүү безгек учурлары катталды”,-дейт Стенфорд университетинин педиатрия жана инфекциялык оорулар боюнча профессору Дезире Лабо.
Денге калтыратмасы адамга жуккан учурлар Калифорния менен Аризонада дагы аныкталды. Ошол эле учурда бул жаман оорунун рекорддук түрдө жайылган учуру бүт Европада болду, ал эми Перуда адам өлүмүнө чейин алып келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Климат менен байланыш
Чиркейлер тараткан вирустардын мурда болуп көрбөгөн аймактардан чыгып жатышы климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштуу экени айтылууда. Климаттык өзгөрүүлөр чиркейлердин Aedes жана Culex coronator сыяктуу түрлөрүнүн жаңы аймактарга жайылышына өбөлгө болууда.
Жердин температурасы көтөрүлгөн сайын чиркейлер мурда алар жашабаган, таттакыр жаңы жерлерге чейин жетип көбөйө баштады.
2004-жылы Луизиана штатында биринчи жолу пайда болгондон бери C. coronator түрүндөгү чиркейлер түштүк-чыгыш штаттарына жайылып, Батыш Нил жана СентЛуис энцефалити сыяктуу ооруларды алып келди. Ошол эле убакта чиркейлердин башка түрлөрү суугураак келген түндүк аймактарда да жыргап куунап жашай аларын көрүп жатышат.
«Калифорнияда Aedes чиркейлери тараткан оорулар пайда болгондо адамдар таң калды», — дейт Флорида университетинин медициналык география процессору Сэди Райан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Бул көрүнүштү изилдей баштаганда, бул түрлөрдүн штаттын түндүгүнө чейин жеткенин аныкталды, мурда мындай болгон эмес. Алар бул жакта бекем орун-очок ала элек, бирок ыңгайлаша баштады”.
Тоолуу аймактар дагы жылып жаткандыктан, чиркейлерге да жагымдуу болууда, безгек жана денге калтыратмасы сыяктуу оорулар планетанын эң алыскы бурчтарына чейин жетүүдө.
Мисалы, безгек Непалда эндемик оорусу болуп саналып келген менен, азыр мурда болуп көрбөгөн тоолуу аймакта дагы оорулар күчөдү.
“Безгек негизинен түздүктөрдө тараган оору болуп саналат”,-дейт Инфекциялык оорулардын эл аралык коомунун президенти Пол Тамбья. – “Бирок тоо арасы дагы жылуу боло баштаган сайын, чиркейлер дагы өйдөлөй баштады”.
Болжоолорго караганда, бул процесстин адамзаттын ден соолугуна олуттуу кесепети болбой койбойт. Чиркейлер тараткан оорулар менен жыл сайын 700 миллионго чейин адам ооруйт, анын ичинен бир миллиондойу өлүмгө учурайт.
Келерки жүз жылдыкта климаттык өзгөрүүлөрдөн улам, бир миллиард чамал адам, негизинен Европа менен субтропикалык аймактарда биринчи жолу чиркейлер тараткан вирустарга чалдыгары күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
Ошол эле убакта Азиянын жана Африканын айрым аймактарында оорулардын тарашы сезондук режимде эле эмес, жыл бою жүрө тургандай болуп өзгөррмөкчү.
Кээ бир изилдөөчүлөр, бул көрүнүштүү «жылуураак, бирок оорураак дүйнөгө туруктуу көчүү» деп мүнөздөшүүдө. Бул эмне үчүн мындай болуп жатканын түшүнүү үчүн чиркейлердин биологиясы жана алардын жашоо циклдары жөнүндө көбүрөөк билүү керек.
Адамдарга жана башка сүт эмүүчүлөргө салыштырмалуу чиркейлер – муздак кандуу жандыктар, алар өзүнүн денесинин температурасын өз алдынча жөндөй алышпайт. Бул деген, чиркейдин кыска өмүрүнүн ар бир аспектиси, жетилгенден карыганга чейинки жашоосу айлана чөйрөдөгү температурага жараша болот. (KC)












