Зеленский Трамптын тынчтык планынын пункттары боюнча иштөөгө даяр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украина президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү кечинде, Америка делегациясы менен жолугушкандан кийин, тараптар АКШнын жаңы тынчтык планынын пункттары боюнча ишти уланта берерин, бирок азырынча Украина ал тууралуу кескин билдирүүлөрдү жасабай турганын айтты.
Зеленский жарандарга америкалык делегацияга Украина үчүн принципиалдуу маанилүү болгон жагдайларды түшүндүргөнүн билдирди.
Анын айтымында, Украинага өлкөнүн суверенитетине шек келтирбеген жана Орусиянын жаңы басып киришине өбөлгөлөрдү түзбөгөн тынчтык келишими керек.
"Биз кескин билдирүүлөрдү жасабайбыз жана так, ак ниет иштөөгө ниет койдук — Украина, Америка Кошмо Штаттары жана Европадагы, дүйнөдөгү биздин досторубуз жана өнөктөштөрүбүз", — деди президент.
Ал жакынкы убакта АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүнү күтүп жатканын кошумчалады. "Биз Американын күчү жана колдоосу тынчтыкка чынында жакындата аларын түшүнөбүз, биз муну жоготкубуз келбейт", — деди Зеленский.
Ал кошумчалагандай, Украинанын жана союздаштардын көз карашына ылайык, Орусия жыл бою жаңы санкцияларды киргизүүнү кийинкиге жылдырууга жана согушту улантып, убакыттан утуп алууга аракет кылып келе жатканын кошумчалады.
АКШнын жаңы тынчтык планы жөнүндө акыркы эки суткада анонимдүү маалымат булактарына таянып, бир нече батыш басылмалары жазышты. Алардын баяндамасында, пландын негизги пункттары Москванын максималисттик талаптарынын баяндамасына окшош.
Дональд Трамптын Орусияга Украинага басып киргени үчүн киргизген биринчи санкциялары жума күнү түндө күчүнө кирет. Бул санкциялар Орусиянын эки ири мунай компаниясы "Лукойл" жана "Роснефть" компанияларына каршы багытталган. Анын түпку максаты — Владимир Путинди агрессияны токтотууга жана согушту аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдө жеңилдиктерге барууга көндүрүү.
Бирок, өткөн бир айдын ичинде санкциялар максатына жетет деген күмөн саноолор да көбөйдү. Бул убакыттын ичинде Трамп дагы бир нече жолу мөөнөттү жылдырды, ал эми анын мамлекеттик катчысы Марко Рубио европалыктардын "көмүскө танкер флотуна" каршы санкцияларга кошулуу жана Орусиянын мунайынын баасынын чегин төмөндөтүү чакырыктарына карабастан, Кремлге басымды күчөтүү зарылчылыгынан күмөн санады.
FT: Трамп Киевди Орусияга олуттуу жеңилдиктерге барууга түртүүдө
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Financial Times гезити украиналык чиновниктерге таянып, Украина Вашингтон Орусия менен биргелешип иштеп чыккан тынчтык планы боюнча АКШ тарабынан басым болушунан кооптонуп жатканын жазат.
Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президенти Дональд Трамп Киевди Орусияга аймактарга, украин куралдуу күчтөрүнүн санына жана курал-жарактарга байланыштуу олуттуу жеңилдиктерге барууга түртүүдө.
Бейшемби күнү президент Дональд Трамп тарабынан жактырылган жана америкалык, орус сүйлөшүүчүлөрү тарабынан иштелип чыккан 28 пункттан турган тынчтык планы Киев тарабынан олуттуу жеңилдиктерди кароону талап кылат.
Батыш маалымат каражаттары план бүткүл Донбассты Орусияга өткөрүп берүүнү, Херсон жана Запорожье облустарындагы фронт сызыгын тоңдурууну жана Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн санын эки эсеге кыскартууну караштырарын жазышкан.
Украинанын расмий өкүлдөрү Трамптын администрациясы Зеленскийге жана анын командасынын башка мүчөлөрүнө Ак үй согушту жылдын аягына чейин аяктоо максатында келишимди кабыл алуу боюнча "агрессивдүү" график менен иштеп жатканын билдиргенин айтышты.
FT булактарынын маалыматы боюнча, Вашингтон Зеленский келишимге АКШдагы Ыраазычылык күнүнө (кийинки бейшемби, 27-ноябрь) чейин кол коюп, "жараянды декабрдын башына чейин бүтүрөт" деп күтүп жатат.
FT бул график өтө күмөндүү экенин жазат. Зеленскийдин кеңсесинин расмий өкүлдөрү Киев үчүн так "кызыл сызыктар" болгон бир нече пункт бар экенин айтышты. Алар америкалык тарапка берүү үчүн каршы сунуштар үстүндө иштеп жатышканын кошумчалашты.
Financial Times гезити украиналыктар Киевдин багынып бериши катары кабыл алына турган же Москва үчүн пайдалуу боло турган ар кандай келишимге каршы чыгарын жазат.
Запорожьеде Орусиянын чабуулунан беш адам каза тапты
Ал арада бейшембинин кечинде орус армиясы Запорожьеге чабуул жасады. Запорожье облустук аскер администрациясынын башчысы Иван Федоров Телеграм-каналында билдиргендей, чабуулдун натыйжасында беш адам каза болуп, үч адам жаракат алган.

Сүрөттүн булагы, Official
Федоровдун айтымында, чабуулдун натыйжасында үйлөр, дүкөн жана базар жабыркаган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Купянскини алганы тууралуу билдирүүлөрүн расмий түрдө четке какты
"Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Купянск Украинанын Коргоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирет. Шаарда жана анын айланасында шаарга кирип кеткен душмандын Диверсиялык-чалгындоо топторун (ДЧТ) издөө жана жок кылуу боюнча контрдиверсиялык иш-чаралар жана атайын аракеттер уланууда", — деп айтылат Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Телеграмдагы билдирүүсүндө.
"Ямпольдо да ушундай кырдаал. Эл жашаган аймактын районунда биздин аскерлердин издөө-чабуул аракеттери уланууда", — деп жазат Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы.
Ошондой эле, украин аскерлеринин ырастоосу боюнча, Харьков облусундагы Волчанск шаарынын 80%ы жана Покровск шаарынын 70%ы басылып алынды деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.
"Покровск шаарында издөө-чабуул аракеттери жана шаардык курулуштагы душманды жок кылуу уланууда. Биздин бөлүктөрдү бардык керектүү нерселер менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Покровск жана Мирноградга кошумча логистикалык жолдор уюштурулуп жатат. Баскынчылардын чабуул топтору жана алардын топтолгон жерлери аныкталып, жок кылынууда", — деп жазат Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы.
Ал ортодо Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бейшемби күнү кечинде абадан коргонуу системалары тарабынан Украинанын 11 дрону атып түшүрүлгөн: сегизи — Брянск облусунун аймагында жана үчөө — Курск облусунун үстүнөн.












