Туткунда жаткан израилдиктер менен абактагы палестиндер бошотулду

Сүрөттүн булагы, Getty Images/Reuters
ХАМАС эки жылдан ашуун убакыттан бери Газада кармалып турган 20 туткунду Израилге өткөрүп берди. Израил абактарында отурган 1968 палестин да бошотулду. 13-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Израилге келип, согуш бүткөнүн билдирди.
Аны улай АКШнын президенти Дональд Трамп Египетке келип, Шарм-эль-Шейх шаарындагы тынчтык саммитине тең төрагалык кылды. Бул саммитке француз президенти Эммануэл Макрон жана британ премьер-министри Кир Стармер баштаган жыйырмадай лидер катышты.
Анда Трамп Газадагы согушту токтотууга жардам берген Катар, Түркия жана Египет сыяктуу өлкөлөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой Шарм-эль-Шейхте Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча документке Трамптан тышкары Египеттин, Түркиянын жана Катардын лидерлери кол коюшту.
"Ушул чекитке келиш үчүн 3 миң жыл керек болду. Ишенесиңерби? Эми ал [тынчтык келишими] бекем болот", - деди Трамп.
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси АКШнын лидери Трампка "Нил" ордени берилерин, бул өз өлкөсүндөгү эң жогорку сыйлык экенин, ал "адамзатка терең кызмат кылган адамдарга же мамлекет башчыларына берилерин" айтты.

Сүрөттүн булагы, Suzanne Plunkett - Pool / Getty Images
Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыштагы кабарчысы Хьюго Бачега:
"Ок атышууну токтотуу келишиминде ортомчу болгон Трампка бул саммитте алкыш айткандар көп. Трамптын өзү дагы мындай нерселерди жактырат. Ал Израил парламентинде Газадагы согуш бүттү деп жарыялады. Бирок сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Трамп Кнессетте сүйлөп жатып, бул учурду "Жаңы Жакынкы Чыгыштын тарыхый башаты" деп мүнөздөдү. Бирок жыйырма пункттан турган пландын азырынча биринчи этабы гана аткарылды. Ал эми калган фазаларга олуттуу тоскоолдуктар бар. ХАМАС эртең кандай болот деген чоң маселе турат, Израилдин Газадан чегинүүсү кандай болот жана аны ким башкарат деген да суроолор бар. Трамп Израилге төрт араб мамлекети менен мамилени калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген Авраам келишимин кеңейтүүнү каалайт. Эң негизги максат Израил менен Сауд Арабиянын ортосундагы келишим. Бирок бул Палестинанын мамлекеттүүлүгү так аныкталмайынча ишке ашаары күмөн. Израил премьер-министри Нетаньяху буга таптакыр каршы болуп келүүдө. Импульс жана үмүт бар, бирок аймактагы көптөгөн чыр-чатакты сөз менен чечип коюу мүмкүн эмес."
Трамп Израилден Египетке учуп кетти

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин "Бен Гурион" аэропортунан Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарына учуп кетти.
Президентти учакка чейин премьер-министр Биньямин Нетаньяху узатты. Алар учактын алдында бир нече мүнөт сүйлөшүп турду.
Дүйшөмбү күнү Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында президент Абдель Фаттах ал-Сиси менен Дональд Трамптын тең төрагалыгы астында тынчтык саммити башталды. Ага көптөгөн дүйнөлүк лидер, анын ичинде Палестинанын лидери Махмуд Аббас да катышууда. Израилдин премьер-министринин кеңсеси Нетаньяхунун чакырылганына карабай анын катышпай турганын жарыялады.
Израил 1968 палестинди бошотконун билдирди

Сүрөттүн булагы, Alaa Y. M. Abumohsen/Anadolu via Getty Images
Ок атышпоо келишиминин шарттарына ылайык, 1968 палестиналык израил абактарынан бошотулганын аталган өлкөнүн түрмө кызматы билдирди.
Палестиналыктардын бир тобу Офер түрмөсүнөн Батыш жээкке жөнөтүлгөн. Экинчи топ Кциот түрмөсүнөн Израилдин түштүгүндөгү Керем Шаломго, Газа тилкесине өтүүчү пунктка жеткирилди.
Бошотулгандардын арасында өмүр бою эркинен ажыратылган палестиналык лидерлердин бар же жок экендиги белгисиз. ХАМАС жети жогорку кызматтагы палестиналык жетекчинин да бошотулушун талап кылган эле.
Алардын катарында Марван Баргути да бар. Ал 2004-жылы 5 адамдын өлүмүнө себеп болгон кол салууларды уюштургандыгы үчүн өмүр бою абакка кесилген.
Баргути бошотулса, ал Палестина администрациясынын келечектеги шайлоосунда маанилүү талапкер болуп калышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, OMAR AL-QATTAA/AFP via Getty Images
Би-Би-Си Рамалладагы кабарчысы Барбара Плетт-Ашер:
"Мунун баары абдан тез болуп кетти. Көптөгөн палестиналык Израилдеги абак жайларда кармалып турган уулдарын, күйөөлөрүн жана жакындарын эч качан көрбөйбүз деп ойлогон. Рамалладагы маданий борборго келип токтогон автобустардын айланасына эл чогулду. Толкунданган, кубанган жана ошол эле учурда этият болуш керек деп эскерткен адамдарды көрөсүң. Бул жолугушуу чоң майрамга айланып кетсе, туткундар кайра камалышы мүмкүн экенин израилдиктер эскерткен деп жатышат. Израил террорчу деп эсептеген кишилерди алардын жакындары чоң шаан-шөкөт менен тосуп алышын каалабайт. Палестиналыктар үчүн түрмөдөн кайтып келгендер каршылык көрсөтүүнүн символу. Алардын ар биринин кордук көргөн окуялары бар. Автобустардан чыккандардын баары арык, кубарып кеткен. Кээ бирлери басуу үчүн да жардамга муктаж. Медиктердин биринин Би-Би-Сиге айтымына караганда, айрымдары бошотулар алдында ур-токмокко алынган".
Нетаньяху Трампка ыраазычылык билдирди

Сүрөттүн булагы, Saul Loeb - Pool/Getty Images
АКШ президенти Израил парламентинде сөз сүйлөрдөн мурда өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху кыскача кайрылуу жасап, бүгүнкү күн "тарыхта калуучу учур" экенин белгиледи. Ал Дональд Трамптын ысымы да "израил элинин тарыхында алтын тамгалар менен жазыларын" айтты.
"Бул учурду биз канча убактан бери күтүп келдик! Өз элимдин атынан сизге ыраазычылык билдирем", — деди Нетаньяху.
"Дональд Трамп — Израил мамлекетинин тарыхындагы Ак үйдөгү эң мыкты досу", – деп белгиледи премьер.
Трамп Кнессетте билдирүү жасады

Сүрөттүн булагы, Evan Vucci - Pool/Getty Images
АКШ президенти Трамп Израил парламентинде сөз сүйлөдү. Парламент депутаттары аны кол чаап тосуп алышты.
"Бул абдан жагымдуу учур. Биз терең кубаныч жана үмүт орногон күнү чогулуп жатабыз. Эки жыл бою барымтада, азапта жаткан жыйырма киши жакындарынын кучагына кайтып келүүдө. Дагы жыйырма сегиз кишинин сөөгү мекенине кайтарылып, жерге берилет", - деди Трамп.
Трамп өзүнүн атайын чабарманы Стив Уиткоффго терең ыраазычылык билдирди. Аны баары жакшы көрөрүн айтты. Уиткофф ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту да токтотууга аракет кыларын белгиледи.
Трамп трибунада сүйлөп жатканда парламенттеги депутаттын бири кыйкырып, аны коопсуздук кызматкерлери тышкары алып чыгып кетти.
Макрон жана Стармер Египетте палестин лидери менен жолугушту

Сүрөттүн булагы, Suzanne Plunkett - Pool/Getty Images
Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Палестинанын лидери Махмуд Аббас Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында жолукту.
Жакында эле Британия менен Франция Палестинаны мамлекет катары расмий түрдө тааныган. Аталган иш-чарада жүргөн Би-Би-Си кабарчылары маалымдагандай, бул кадам Газада ок атышпоо үчүн шарттарды түзүүгө жардам берди.












