"Кулдай иштешет": Түндүк Кореядан Орусияга жөнөтүлгөн жумушчулар адам чыдагыс шартка туш болууда

- Author, Жин Маккензи
- Role, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы
Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Украинадагы согуш башталгандан кийин Орусиядан качып чыккан алты түндүк кореялык жумушчу менен сүйлөштү. Алар "кулчулукка тете" эмгек шарттары жана артынан аңдыган Түндүк Кореянын атайын кызматтары тууралуу айтып беришти.
Бул Би-Би-Синин кабарчысынын макаласынын кыскартылган версиясы. Англис тилиндеги түп нускасы менен бул жерден таанышууга болот.
Би-Би-Сиге маалым болгондой, Орусия Украинада согуш баштагандан кийин жумушчу күчүнүн тартыштыгына туш болуп, аны жоюу үчүн миңдеген түндүк кореялыктарды иштөөгө чакырып жатат. Алар кулчулукка жакын шартта кармалып турушат.
Москва бир нече ирет Пхеньяндан жардам сурап, Түндүк Корея Орусияга ракета, артиллериялык снаряд жана өз аскерлерин да жөнөткөн.
Түштүк Кореянын чалгын кызматынын өкүлдөрү Би-Би-Сиге билдиргендей, акыркы убакта Орусия түндүк кореялык жумушчу күчүн мурдагыдан да көбүрөөк пайдалана баштады.
Курулуштагы иш жана жылына эки күн гана эс алуу
Биз Украинада согуш башталгандан бери Орусиядан качып чыккан алты түндүк кореялык жумушчу, ошондой эле Түштүк Кореянын өкмөт өкүлдөрү, орусиялык жана түштүк кореялык изилдөөчүлөр жана качкандарга жардам берген адамдар менен маектештик.
Алар Түндүк Кореядан келгендер Орусияда кандай оор шарттарда иштеп жатканын жана бийлик аларды качырып жибербөө үчүн көзөмөлдү канчалык күчөткөнүн айтып беришти.
Чжин аттуу жумушчу Би-Би-Сиге курган маегинде, Орусиянын Ыраакы Чыгышында аэропорттон түз эле курулуш аянтчасына чейин аны түндүк кореялык коопсуздук агенти коштоп барганын айтты. Ал агент Чжингe эч ким менен сүйлөшпөөгө жана эч нерсеге карабаганга буйрук берген.
"Тышкы дүйнө — биздин душман", — деген агент ага.
Чжиндин айтымында, алар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда күнүнө 18 сааттан ашык иштешкен.
Биз маектешкен алты жумушчу тең жан кыйнаган иш тартиби тууралуу айтып беришти: таңкы саат алтыда туруп, түнкү экиге чейин көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда иштешкен. Ошондой эле жылына болгону эки гана эс алуу күнү берилген. Алардын коопсуздугу үчүн аттарын өзгөртүп бердик.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Күн сайын ойгонуп, окшош күндөр кайра-кайра кайталанарын түшүнүү — коркунучтуу нерсе эле", — дейт өткөн жылы Орусиядан качып кеткен курулушчу Тэ.
Ал эртең менен ойгонгондо мурдагы күнкү оор жумуштан кийин колдорун калтырак басып, манжаларын суна албай калганын эскерет. Ал жумушчулар уйкуга зар болгонун,э айрымдарынын көзү турган жеринде жумулуп, аларды күзөтчүлөр катуу сабаганын айтат.
"Шарттар чындап эле үрөй учурарлык", — дейт Түштүк Кореянын Дон-А университетинин профессору Кан Дон Ван. Ал Орусияга бир нече ирет барып, түндүк кореялык жумушчулардан маек алган.
"Алар өтө олуттуу коркунучтарга кабылышат. Түнкүсүн жарыкты өчүрүп коюшат, жумушчулар караңгыда, дээрлик коргонуу каражаттары жок иштешет", — деп кошумчалайт профессор Кан.
Жумушчулар курулуш аянтчасынан күндүз да, түндө да чыга алышпайт. Түндүк Кореянын Мамлекеттик коопсуздук департаментинин агенттери аларды тыкыр кайтарып турушат.
Алардын айтымында, жумушчулар кир, адамдарга жык толгон жүк контейнерлеринде жашап, кене баскан төшөктөргө жатып, же курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн полдорунда укташат.
Нам аттуу жумушчу бир жолу курулушта төрт метр бийиктиктен кулап, бети талкаланып, иштей албай калганын, бирок жетекчилик аны ооруканага жиберүүдөн баш тартканын айтып берди.
БУУнун резолюциясын буйтап өтүү
Ондогон жылдар бою он миңдеген түндүк кореялык жумушчулар СССРде жана Орусияда иштеп, Пхеньян режимине миллиондогон доллар киреше таап берип келген.
Бирок Түндүк Корея өзөктүк курал жасаганы үчүн БУУ 2019-жылы санкция киргизип, анын алкагында башка өлкөлөргө түндүк кореялык жумушчуларды кабыл алууга тыюу салган. Натыйжада алардын көбү мекенине жөнөтүлгөн.
Ошентсе да өткөн жылы Түштүк Кореянын чалгын кызматынын өкүлү Би-Би-Сиге (аты-жөнү коопсуздук үчүн айтылган жок) билдиргендей, Орусияга Түндүк Кореядан 10 миңден ашуун жумушчу келген. Анын айтымында, быйыл алардын саны мындан да көбөйөт жана жалпысынан Пхеньян 50 миңден ашуун жумушчу жөнөтүүнү көздөөдө.
Түштүк Кореянын чалгын кызматындагы булактын маалыматына караганда, алардын көбү ири курулуштарда иштесе, айрымдары тигүү фабрикаларына жөнөтүлгөн. Мунун баары БУУнун Түндүк Кореянын жумушчу күчүн пайдаланууга тыюу салган санкцияларын түздөн-түз бузуу болуп саналат.
Орусия өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөгө 13 миңден ашуун түндүк кореялык кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 эсе көп. Алардын дээрлик 8 миңи студенттик виза менен кирген. Бирок түштүк кореялык чалгын кызматкерлери жана адистер алар чынында студенттер эмес экенин, Орусия БУУнун санкцияларын буйтап өтүү үчүн ушул ыкманы колдонуп жатканын белгилешет.
2024-жылдын июнунда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу алгач ирет 5 миң түндүк кореялык Курск облусун калыбына келтирүүгө жөнөтүлөрүн мойнуна алган. Бул аймактын бир бөлүгүн өткөн жылы украин күчтөрү басып алган, бирок кийин Орусия аларды кайра сүрүп чыгарган.
Ошол эле түштүк кореялык аткаминер Би-Би-Сиге айтканына караганда, жакын арада айрым түндүк кореялыктар Орусия оккупациялап турган украин аймактарын калыбына келтирүү иштерине да жөнөтүлүшү ыктымал.
"Орусия азыр жумушчу күчүнүн тартыштыгын баштан кечирүүдө, ал эми түндүк кореялыктар — көйгөйдөн чыгуу жолу. Алар арзан, эмгекчил жана көйгөй жаратпайт", — дейт Сеулдагы Кунмин университетинин профессору жана Орусия-Түндүк Корея алакалары боюнча эксперт Андрей Ланьков.

Сүрөттүн булагы, KCNA
Түндүк Кореяда айлык акы төмөн болгондуктан, чет жактагы курулуш иштерине барууга суроо-талап жогору.
Көпчүлүк жумушчулар жакырчылыктан кутулуу, мекенине кайткандан кийин үй алуу же чакан ишкерлик ачуу үмүтү менен кетишет. Алар кылдат текшерүүдөн өтөт, эң ишенимдүүлөрү гана тандалат. Үй-бүлөсүн кошо алып кетүүгө тыюу салынат.
Бирок алардын тапкан акчасынын негизги бөлүгү түз эле мамлекетке түшөт. Калганы, адатта айына 100–200 доллардын тегереги бухгалтердик дептерге жазылат. Жумушчулар бул акчаны мекенине кайткандан кийин гана алышат. Адистердин айтымында, качуунун алдын алуу үчүн бийлик бул ыкманы акыркы жылдары гана колдоно баштаган.
Бирок көпчүлүгү чет жакка чыкканда иш канчалык оор экенин, канчалык аз акча алышарын башында түшүнө беришпейт.
Качып чыккан жумушчулардын бири Тэнин айтымында, борбор азиялык башка куруучулар өзүнөн беш эсе көп маяна алып, үч эсе аз иштерин билгенде уялганын айтат.
"Өзүмдү эмгек лагеринде, темир торлору жок түрмөдө жүргөндөй сездим", — дейт ал.
Чжин башка жумушчулар аларды "кулдар" деп шылдыңдаганын эстегенде дагы деле кыжырданып кетет.
"Силер адамдар эмессиңер, жөн гана сүйлөгөн машинесиңер", — деп тийишишчү алар.
Бир күнү жетекчиси Чжинге мамлекетке кайтканда маянасын албай калышы мүмкүн экенин, анткени ал акча мамлекетке керектигин айтат. Ошондо ал тобокелчиликке барып, качууну чечкен.
Тэ болсо Түштүк Кореядагы жумушчулардын айлыгы тууралуу YouTube'дан видео көргөндөн кийин качууну чечкен. Түндө ал буюмдарын таштанды баштыгына салып, курулуш аянтынан качып кеткен.
Такси чакырып, өлкөнүн бир четинен экинчи четине чейин миңдеген чакырым жол басып, Сеулга жетүүгө жардам берген адвокат менен жолуккан.
Акыркы жылдары айрым жумушчулар тыюу салынган смартфондорду колдонуп, качуу иштерин уюштурушууда. Алар бул телефонду тамеки жана ичимдикке берилүүчү күнүмдүк акчаны үнөмдөп сатып алышат.

Би-Би-Сиге маек берген көптөгөн адамдардын айтымында, Пхеньян качууну токтотуу үчүн жумушчуларга болгон көзөмөлдү мурдагыдан да күчөтүп жатат.
Донг-А университетинин профессору Кангдын айтымында, Түндүк Корея бийлиги качуунун алдын алуу үчүн жумушчулардын идеологиялык даярдыгын күчөтүп, идеологиялык тренингдерди жана өзүн-өзү сындоо сессияларын тез-тез өткөрүп жатышат. Алар Ким Чен Ынга берилгендигин жарыялоого жана өздөрүнүн талуу жерлерин ачык айтууга аргасыз болушат.
Курулуш аянтчаларын таштап чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрү да азайган.
"Мурда жумушчуларды айына бир ирет топ-тобу менен чыгарчу, бирок акыркы убакта бул дээрлик толук токтотулду", — дейт профессор Кан.
Орусиядан түндүк кореялык жумушчуларды куткарууга жардам берген сеулдук активист Ким Сын Чхоль да көзөмөл күчөгөнүн белгилейт:
"Буга чейин аларга жуп болуп жүрүүгө уруксат берилген, бирок 2023-жылдан тарта алар беш-бештен топ болуп сыртка чыгышы керек жана тыкыр көзөмөлдө болушат".
Мындай шартта качуу кыйла азайган. Түштүк Корея өкмөтү Би-Би-Сиге билдиргендей, 2022-жылдан бери Орусиядан качып, Сеулга жеткен түндүк кореялыктардын саны дээрлик эки эсеге, 20дан 10го чейин кыскарган.
Орусия-Түндүк Корея алакалары боюнча эксперт, профессор Андрей Ланьковдун айтымында, бул катаал чаралар Орусияга мындан да көп жумушчу жөнөтүүгө даярдыктын бир бөлүгү болушу мүмкүн.
"Бул жумушчулар Ким менен Путиндин аскердик достугунун узак мөөнөттүү мурасы болуп калат", — дейт ал.
Анын баамында, жумушчулар согуш бүтүп, аскер жана курал-жарак жөнөтүү токтогондон кийин да көпкө чейин келе берет.
Материалды даярдоого Жейк Хван жана Хосю Ли да көмөктөштү.












