Космоско учуу: эмнеге Орусия АКШ менен Кытайдан артта калды?

Сүрөттүн булагы, EPA
Павел Аксенов, Би-Би-Си Орус кызматы
2024-жылы Орусия космоско болгону 17 ракета учурду. Бул көрсөткүч анчалык деле жаман эмес. Себеби пандемия учурунда мындан да аз ракета учурган. Бирок бул өлкөнүн космоско ракета жиберүүсү үчүнчү жыл катары менен азайып, ал эми башка "космостук өлкөлөрдүкү" ыкчам өсүүдө.
17 ракета учуруу пландагыдан кыйла аз. 2024-жылдын башында "Роскосмос" мекемесинин башчысы Юрий Борисов "PRO Космос" порталына интервью берип, жыл этегине чейин 40 ракетаны учурарын билдирген.
Бул план ишке ашканда деле Орусия бул жааттагы лидер өлкөлөрдөн баары бир артта калмак. 2024-жылы АКШ 152, Кытай 65 ракета учурду. Азыр бул көрсөткүч боюнча Орусия Жаңы Зеландия менен дээрлик тең келе жатат.
Космоско ракета учуруу тууралуу маалыматтарды ачык булактардан тапса болот, Би-Би-Си Space-track сайтындагы жана Payloadspace порталынандагы маалыматтарды колдонду.

Ракета учуруу боюнча АКШ Орусиядан 2016-жылы озуп чыкты. Андан эки жыл мурун Москва Крымды аннексиялап алганы үчүн расмий Кремлге санкциялар киргизилип, анын кесепетинен эл аралык кызматташуусу кыйла начарлады.
Ал эле аз келгенсип бул тармакта бюджет кыскарып, анан пандемия дагы болуп кетти. 2022-жылы Орусия Украинага басып киргени үчүн жаңы санкцияларга туш болду.
Акыркы жылдары Орусия өзүнүн атаандаштары АКШ менен Кытайдын аркасынан үлгүрүүгө дээрлик чыгынбай келет. Эң амбициялуу жана өтө кымбат долбоорлор — космоско учуу, оор ракета иштеп чыгуу, Айда база куруу иштери иш жүзүндө так планы жок бойдон "токтоп калды".
Эми Роскосмос жок дегенде спутник тобун кеңейтүүнү жана чакан орбиталык станцияны ишке киргизүүнү көздөөдө.
Би-Би-Си бул боюнча "Роскосмоско" расмий кайрылуу жолдогон, жообун күтүүдө.
Чакан космостук топ
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Биз өз финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү, технологиялык жана өндүрүштүк чамабызды эске алып, космостук топту көбөйтүү жолунда баратабыз", — деп "Роскосмостун" башчысы Юрий Борисов РБК телеканалына айткан эле.
Union of concerned scientists уюмунун эсептөөлөрү боюнча, 2023-жылдын 1-майына карата орбитада 181 орусиялык спутник учуп жүргөн. Алардын арасында 16 жарандык жана 28 аскердик спутник бар, алар жерди алыстан байкоо спутниги катары белгилүү. Ал эми калгандары илимий, навигациялык, ошондой эле жарандык жана аскердик байланыш түйүндөрү катары колдонулат.
Ошол эле учурда Американын 5184 спутниги жайгашкан. Анын 502си космоско алыстан байкоо мүмкүнчүлүгү бар ар кандай багыттагы спутниктер. Кытайдыкы болсо 628 спутник.
Космонавтиканы изилдөө жана жайылтуу менен алектенген "Москва космостук клубу" уюмунун эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын 1-январына карата план боюнча Орусиянын 307 спутниги орбитада учуп жүрүшү керек эле, ал эми АКШныкы — 8393, Кытайдыкы — 990.

Спутниктер эмнеге керек?
Спутник эки максатта колдонулат: кирешелүү тармак жана аскердик иштерде керектелет.
Спутниктерди космоско учуруп, киреше алса болот. Байланыш кызматтарын көрсөтүп, аралыктан байкоодогу маалыматтарды сатуу менен каражат келет.
Аралыктан байкоо спутниктери жердин бетин изилдөө үчүн ар түрдүү датчиктерди жана аспаптарды колдонот, алардын арасында оптикалык, радар, лазер жана башкалары бар.
Алардан алынган маалыматтарды ар кандай тармакта колдонсо болот. Мисалы, кемелердин жүрүү багытын көрүү жана көзөмөлдөө, кар катмарынын абалын изилдөө, өзгөчө кырдаал учурунда абалды көзөмөлдөө жана башка.
Эгер мындай маалыматтар аскердик иште колдонулуп жатса, анда аларды тыңчы-спутниктер деп атаса болот. Алардын жарандык спутниктер менен көп деле айырмасы жок. Мисалы, Батыш өлкөлөрүндө аскерлер мындай маалыматтарды жарандык спутниктерди башкарган байланыш операторлорунан сатып алышат, анткени алардын спутникалык топтору кеңири жайылган жана маалыматтар ыкчам түшүп турат.
Орбитада кирешени аз берген бизнес — спутниктик навигация, метеорология жана башка белгилүү бир сатып алуучуларга ээ эмес кызматтар. Бирок булар негизинен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында иштеген түзүлүштөр.
Коммерциялык ишмердүүлүктөн тышкары окумуштуулар космоско илимий изилдөөлөрдү да жасайт. Анын ичинде асман кубулуштарына байланышкан ар кандай эксперименттер жүргүзүлөт.
Космосто аскердик катышуу дагы бар. Армиялар өздөрүнүн атайын миссиялары үчүн ракеталык чабуул тууралуу эскертүү берген спутниктерди колдонот. Алар космостук байланыш үчүн дагы керек.
Мисалы, америкалыктар буга чейин Жердин орбитасында жүргөн орусиялык спутникти башка спутниктерге чабуул жасай алат деп айтышкан. Сөз инспектор-спутниктер деп аталган түзүлүштөр жөнүндө болуп жатат. Мындай аппараттар башка спутниктерге жакындап, алардын ишин текшерип же жок кылып кое алат.

Сүрөттүн булагы, Nikolai Lapshin/Roskosmos
Асмандагы дүрбү
2021-жылдын 15-февралында орусиялык "БАРЛ" жеке космостук компаниясынын жетекчиси Сергей Басков Федерация кеңешининде видеопрезентация көрсөтүп, Орусияда ошол учурда жерди аралыктан байкоочу бир дагы коммерциялык спутник болбогонун айткан.
"Роскосмостун" расмий маалыматына таянсак, 2022-жылдын 1-январына карата орбитада болгону 102 спутник иштеп жаткан, алардын жыйырма беши Жерди алыстан байкоочу түзүлүштөр болчу.
Ал эми Pixalytics компаниясынын эсептөөлөрүнө ылайык, 2021-жылы Орусияда 35 алыстан байкоо спутниги болгон жана анын баардыгы мамлекеттики болчу.
Ошол эле учурда АКШдагы мамлекеттик ишканаларга жүздөгөн спутник жеткиликтүү болчу, алардын көпчүлүгү коммерциялык багытта колдонулчу. Pixalytics маалыматы боюнча, 2021-жылы АКШнын карамагында 440 алыстан байкоо спутниги болгон.
Geospatialworld сайтынын маалыматы боюнча, ошол тапта Planet Labs компаниясы жалгыз эле 188 спутникти иштетип жаткан.
Бул сыяктуу алыстан байкоочу спутниктерге ээлик кылган компаниялар ар кандай ишканаларга жана мамлекеттик уюмдарга, анын ичинде аскердик түзүмдөргө маалыматтарды сатуу менен акча табат.
Коммерциялык спутник компаниялардын сүрөттөрү — Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чалгындоо маалыматтарынын олуттуу бир бөлүгү. Андай сүрөттөрдү сатып алуу үчүн каражаттар Американын Украинага жардам пакеттеринде көрсөтүлүп келген.
Спутник сүрөттөрдү сатып алуу барган сайын популярдуу болуп, ал жактан алынган сүрөттөр боюнча жаңылыктарды текшерүү ЖМКлардын дагы адатына айланды.
Пентагондун карамагындагы байкоо спутниктери чалгындоо маалыматтарынын ыкчам алмашуусун камсыз кылат.
Орбитада канчалык көп спутник орун алса, маалымат ошончолук ыкчам жаңыланып турат. Жердин тийиштүү аймактарынан көбүрөөк учуп турганы аларга ушундай мүмкүнчүлүктү берет.
Орусия Украинага басып киргенде Украинанын куралдуу күчтөрүнө орус аскерлеринин тылында эмне болуп жатканы белгилүү болсо, ал эми орус армиясына мындай маалымат өтө жетишсиздик кылган.
Спутниктен тартылган сүрөттөр жалгыз эле тылдагы маанилүү объектилердин жайгашкан жери жөнүндө гана маалыматтар менен камсыздабайт. Эгер компаниянын же мамлекеттик мекеменин бул сыяктуу спутниктери көп болсо, анда мындай маалыматтар тез жаңыланып турат.
Ал сүрөттөр аналитикалык борборлорго түшкөндөн кийин атайын жасалып чыккан чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдаган нейрондук желелер аны текшерип чыгат. Алардын жардамы менен карталардагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүлүп, шектүү издерди жана өзгөрүүлөрдү изилдеп чыгуу мүмкүн.
Натыйжада, бир нече убакыт өткөндөн кийин аскер кызматкерлери жайгаштырылган штаб, кампа же абадан коргонуу позициясы жөнүндө маалымат алып, аларга сокку урушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жеке өнөктөштөрдү издөө аракети
Орусиянын жетекчилиги кырдаалды дароо тууралаганга бел байлады. Аны да "Роскосмостун" жетекчилигин алмаштыруу менен баштады. 2022-жылдын июль айында Дмитрий Рогозиндин ордуна Юрий Борисов келген.
Мурда ал аскердик-өнөр жай комплекси маселелери боюнча вице-премьер кызматын аркалаган, ага чейин Коргоо министринин орун басары катары куралдуу күчтөрдүн аскердик-техникалык камсыздоосун тейлеп келген.
Бирок ондогон жыл бою эбегейсиз зор мамлекеттик машинанын бир бөлүгү катары түзүлгөн жана өнүккөн системаны реформалоо үчүн жетекчиликтин алмашуусу жетишсиз болгону анык эле.
Спутниктердин жетишсиздиги бир жарым жыл өткөндөн кийин дагы актуалдуу бойдон кала берди.
"Мамлекеттин жана бизнестин мындай тыгыз кызматташуусу учурунда азыркы орус орбиталык топтун курамын эң кыска убакыттан ичинде көбөйтүү зарыл", — деп 2023-жылдын 26-октябрында өткөн космос өнөр жайы боюнча жыйында Владимир Путин талап кылган.
Анын талабы боюнча, 2024-жылдын 1-июлуна чейин ушул жаатта улуттук долбоор иштелип чыгышы керек эле. Бирок бул долбоор дагы деле даярдалып жатканын, анын баасы 500-750 миллиард рублга чейин жетерин Борисов декабрда берген маегинде айткан.
Путин 2024-жылдын 22-июлунда космостук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамга кол койгон.
"Космостук кызматтардын негизги пайдалануучулары кимдер? Алар федералдык жана регионалдык аткаруу бийлик органдары жана алардын мекемелери. Бул жаатта чыныгы ишке киришүү потенциалдуу колдонуучулардын бюджеттерин керектүү маалыматтарды сатып алуусу үчүн каражаттар менен толуктоону талап кылат, бирок бүгүнкү күндө андай мүмкүнчүлүк дээрлик жок", — деген эле "Роскосмос" жетекчиси.
Путиндин талабы жана кол койгон мыйзамына карабай, Роскосмос азырынча жеке компаниялар орус спутниктердин жетишсиздигин толуктай алат деп ишене элек.
Юрий Борисов "PROКосмос" порталына 2024-жылдын февраль айында курган маегинде спутниктерди "Информационные спутниковые системы" жана "НПО Лавочкина" мамлекеттик ишканаларында өндүрүү каралып жатканын билдирген.
Борисовдун айтымында, Роскосмостун максаты жылына 250 спутник өндүрүп чыгуу. Бирок чынында жылына 40 даана дагы курай албай жатышат. Былтыр канча спутникти иштеп чыккандыгы тууралуу так айткан эмес.
Ал ошондой эле Орусияга кысым күчөп, катуу эл аралык санкциялардын шартында кымбат микрочиптерди массалык түрдө кантип сатып алаарын дагы ачык айткан жок.
Орусияда СССР мезгилинен бери космостук электроника өндүрүшү сакталып калган, анткени өз учурунда дагы советтик компаниялар аны Батыштан сатып ала алышкан эмес. Бирок 30 жылдын ичинде технология өнүгүп, заманбап спутниктер заманбап компоненттерге муктаж болуп калды.

Ийгиликтүү болбой калган долбоорлор
Роскосмос мамлекеттик корпорация катары иш алып барат, бир эле учурда аткаруучу, жалдоочу катары иштеген жана тармактык жөнгө салуучу функцияларына ээ. "Космостук ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзам ага чоң ыйгарым укуктарды ыйгарган, анын ичинде лицензиялоо, мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу, керектүү жабдууларды сатып алуу, коммерциялык космостук долбоорлор боюнча иштерди уюштуруу жана координациялоо.
Бул сыяктуу ыйгарым укуктарга ээлик кылган мамлекеттик ишкана жеке атаандаштарына "далысын салып" коюшу мүмкүн.
Көрүнүктүү мисал катары "Даурия-Аэроспейс" жеке космос компаниясынын жагдайын айтса болот. 2015-жылы орус жеке космонавтика тарыхында биринчи жолу космоско учурулган эки спутник Perseus-M1 жана Perseus-M2 сатылган. Аларды Aquila Space америкалык компания сатып алган.
Кийинчерээк "Даурия-Аэроспейс" Роскосмостун буйрутмасы менен дагы эки аппаратты иштеп чыгат, бирок алар орбитага жеткенден кийин иштебей калат. Роскосмос бул жеке компанияны сотко берип, банкрот кылганга чейин жеткирген.
Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Михаил Кокорич кийин Орусиядан кетип, азыр гиперүндүү учактарды иштеп чыгуучу швейцариялык компанияда иштеп жатат.
"Бул сыяктуу компания [космостук индустрияда] эки гана учурда иштеп кете алышы мүмкүн. Мамлекет тарабынан күчтүү колдоо көрсөтүлүп, буйрутма алып турушу керек. Мындай көрүнүш Boeing, Airbus, Lockheed Martin сыяктуу компанияларда бар. Же болбосо өлкөнүн артыкчылыктарын колдонуп, чоң дүйнөлүк рынокто иш алып баруу. Мен 2014-жылдан кийин дүйнөлүк рыноктон четтетилебиз дегенге макул болгон эмесмин", — деди Кокорич The Bell басылмасына.
Космостук саясат институтунун илимий жетекчиси Иван Моисеевдин айтымында, жеке компаниялар үмүт кыла турчу деле эч нерсе жок.
"Роскосмос мамлекеттик корпорациясынын монополиялык үстөмдүгү бул тармакка жаңы оюнчулардын катышуусуна жол бербей келет. Бюрократиялык тоскоолдуктар бөгөт кылат, анткени мамлекеттик корпорация космостук индустрияга кимге уруксат берерин өзү чечет. Эгер рынокто жаңы оюнчу пайда болсо, Роскосмос өзүнө көп суроолор жараларын сезип туруп, лицензияларды бөгөттөп салат", — деди Иван Моисеев.

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиялык космонавтиканын келечеги барбы?
Орус өкмөтү 2016-жылы федералдык космостук программасын кабыл алганда ал кездеги мамлекеттик корпорациянын башчысы Игорь Комаров космосту багындыруу үчүн өлкөнүн каражаты жана күч-аракеттери жетишсиз экенин билдирген.
"Мындай ишти жалгыз бирөө жасай албайт. Бул маанисиз нерсеге талпынгандай аракет", — деген ал.
Космостук саясат институтунун илимий жетекчиси Иван Моисеевдин айтымында, Орусиянын башка өлкөлөр менен бул жааттагы кызматташтыгы 2014-жылы эле токтой баштаган.
"Дээрлик бардык иш токтоп калган, кээ бир келишимдердин негизинде иш жүрүп жаткан. Ал жактагы кооперация сакталып, калганы жабылган. Эл аралык космос станциясы жүрө берет. Ал жакта биргелешип иштешүү сактала берет, ал эми калгандары токтогон", — деп билдирген Моисеев.
Орусия өзүн ишенимдүү сезип келген бир тармак бар эле — ал спутниктерди коштоп ракета учуруу кызматтары. Бирок 2020-жылдары бул тармактагы таасирин эл аралык рынокто жогото баштады. Мындай жагдайга жалгыз гана санкциялар эмес, жаңы ракеталык программаларды иштеп чыгуусу дагы түрткү болду.
Бирок 2021-жылы Роскосмос тарабынан ишке ашырылган 25 учуруунун тогузу чет өлкөлүк кардарлардын буйрутмасы менен жүргүзүлгөн. Сегиз ракета британдык OneWeb компаниясынын спутниктерин орбитага чыгарган.
Орусия дагы бир жолу чет өлкөлүк 38 спутникти коштоп орбитага жеткирип берген. Алардын арасында Германия, Сауд Арабия, Япония, Испания жана башка өлкөлөрдүн спутниктери бар эле.
2022-жылдан кийин Орусия үчүн эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жабылды.
Ал эми орус өнөр жайынын кээ бир тармактарында кызматташкан Кытай космос тармагында Орусияга ыңгайлуу өнөктөш боло алган жок.
"Кытай биргелешип иштешкенге далалаттанбай эле, баардыгын өзүлөрү жасай берет. Орусиянын деле аларга сунуштай турчу эч нерсеси жок. Биз Батышка өзүбүздүн коштоп учуруу кызматтарын, космостук ракеталарды сатып жүргөн болсок, Кытайга анын кереги жок, алардын өзүндө жетиштүү", — дейт Иван Моисеев.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусия менен Кытай 2021-жылы биргеликте Ай станциясын куруу программасын кабыл алышканын айткан. Бирок бул долбоордун азырынча жетиштүү бюджети жана конкреттүү ишке ашыруу пландары жок. Келишимдин баштапкы этабында эки өлкө арасында тыгыз кызматташуу каралган эмес, ар бир өлкө өзүнүн Ай программасын жүргүзө бермек. Белгилүү бир убакыттан кийин гана биргелишип иш алып баруу каралган болчу.
Азыркы тапта орус-кытай станциясы Роскосмостун катышуусундагы жалгыз эл аралык программа.
Орусия космонавтиканы жалгыз өзү өнүктүрүү жолунда баратат, бирок барган сайын бул жааттагы лидерлерди кубалап жетүүсү оорлошуп отурат.
"Иш жүзүндө аларды кууп жетүү боюнча эч кандай шарттарды көрбөй элемин. Анткени ортодогу ажырым аябай чоң, бирок багытты жакшыртсак, анда чоң кызматташтыктын аркасы менен мүмкүнчүлүк ачылат деп айтсак болот. Бирок андай өзгөрүүлөр космонавтикага эмес, биринчиден тышкы саясатка тиешелүү. Дүйнөдөн обочолонгон кезде чучхе идеологиясынын шартында келечекке көз чаптыруу кыйын", — деди Иван Моисеев. (KB)
Редактор — Ольга Шамина












