"Мындай болот деп эч ойлогон эмеспиз": Ар башка диндеги түгөйлөрдүн өлтүрүлүшү Индиянын кыштагын нес кылды

Two separate portrait photographs placed side by side. On the left is Kajal, a young woman standing indoors against a plain wall. She is wearing a light-coloured salwar kameez with a matching dupatta draped around her shoulders. Her hair is tied back neatly, and she is looking directly at the camera with a calm, neutral expression. On the right is Arman, a young man standing outdoors on a narrow dirt path, with green fields blurred in the background. He is wearing a light beige long-sleeved top and blue jeans, with his hands resting casually in his pockets. He has short, dark hair and a trimmed beard, and is also looking at the camera with a composed expression
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кажалдын (сол жакта) жана Армандын (оң жакта) сөөктөрү Умри айылынын четиндеги дарыянын жээгине жакын жерде көмүлгөн абалда табылган
    • Author, Абхишек Дей
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Полиция ар башка динди тутунган түгөйлөрдүн өлүмүнө шектүү катары киши колдуу болгон кыздын эркек туугандарын камакка алды. Бул окуя көп жылдар бою ынтымакта жашап келген Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатынын чакан кыштагынын тургундарын нес кылды.

19 жаштагы индуист Кажал менен 27 жаштагы мусулман Мухаммад Армандын сөөктөрү 21-январда Умри айылынын чет жакасындагы дарыянын боюна жакын көмүлгөн жерде табылган.

Полициянын маалыматына караганда, түгөйлөр эки күн мурда күрөк менен өлөрчө сабалган. Бул кылмышка шектелип Кажалдын үч эркек бир тууганы кармалды. Алар камакка алынышты, бирок түгөйлөрдүн өлтүрүлүшү боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Кыз-жигиттин өлүмү Делиден 182 километр алыстыкта жайгашкан Умри айылын оор жымжырттыкка бөлөдү. Айылда 400гө жакын индуист жана мусулман үй-бүлөлөрү жашайт. Айылдын бир нече тургуну Би-Би-Сиге буга чейин мындагы тургундар диний талаш-тартышы жок, жылуу мамиледе жашап келишкенин айтып беришкен.

Штаттын полициясынын башкы инспекторунун орун басары Мунираж Жи Би-Би-Сиге билдиргендей, полиция бул окуяны "намыс үчүн киши өлтүрүү" деп эсептеп жатат. Өз кастасынан тышкары же башка динди тутунган адамды жакшы көрүп калып, же ага турмушка чыккан аялдарды туугандары же коомчулук ушундай жол менен жазалоо көрүнүшү бар.

Индиянын Улуттук кылмыштарды каттоо бюросу "намыс үчүн киши өлтүрүүлөрдү" 2014-жылдан тарта каттоого ала баштаган. Ошол жылы өлкө боюнча 18 мындай учур катталган. Ал эми 2023-жылы Индияда мындай 38 учур катталган. Бирок активисттер чыныгы сандар мындан кыйла көп экенин, жылына жүздөгөн учурлар орун аларын, бирок алардын көбү жөн гана "киши өлтүрүү" катары катталып каларын айтышат.

Умри айылы Уттар-Прадеш штатынын Морадабад районуна карайт. Бул аймак металл буюмдарын жасоо менен алектенери белгилүү. Регион негизинен айылдык мүнөзгө ээ, мында күчтүү социалдык иерархиялардын күнүмдүк жашоого таасири дагы деле бар. Кажалдын агалары Морадабад шаарында таш уста болуп иштешкен.

Махипал Сайни аттуу жергиликтүү тургундун айтымында, Кажал менен Арман алардын айылындагы "ар башка динден болгон биринчи түгөйлөр" болчу. Жашыруун сүйлөп берүүгө макул болушкан Умринин тургундары Кажал менен Арман кошуна болушканын, алар бири-биринен болгону 200 метр алыстыкта жашашканын Би-Би-Сиге айтышты. Алардын айтымында, экөөнүн тең мүнөздөрү түнт келип, достору деле көп эмес болчу.

Four uniformed policemen enter the premises of a house in Umri village. Outside the gate of the house, a black motorbike can be seen parked
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуядан кийин полиция кызматкерлери Умри айылына жөнөтүлдү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кажал Умридеги жеке мектепте мугалим болуп иштечү. Арман болсо Сауд Арабиясындагы тамак-аш жайларында иштеп жүрүп, беш ай мурун эле айылга кайтып келген. Туугандарынын айтымында, ал жактан көп акча таба албагандыктан, кайтып келип, жергиликтүү таш майдалоочу ишканада иштей баштаган.

Алар кантип таанышканы жана канча убакыт кыз-жигит болуп жүргөнү так белгисиз, бирок полиция "экөө жакын мамиледе болгонун" билдирүүдө.

Полициянын маалыматы боюнча, каргашалуу окуя 19-январга караган түнү Кажалдын үйүндө орун алган. Анын бир туугандары үйүнө келген Арманды кармап алышкан. Кыздын Раджарам, Сатиш жана Ринку Сайни аттуу агалары учурда түрмөдө отурушат. Алар өздөрүн актай турган эч кандай көрсөтмө берише элек.

Алардын атасы Ганпат Сайни Би-Би-Сиге окуя болгон маалда жубайы экөө үйдө болушпаганын, малын кайтаруу үчүн айылдын четиндеги бастырмада түнөп жүрүшкөнүн айтып берген. Ал кызынан айрылганына кайгырып жатканын да кошумчалады.

Армандын агасы Фарман Алинин айтымында, иниси 18-январда кечки тамактан кийин "ата-энеме дары алып келем" деп чыгып кеткен. Эртеси таңга чейин кайтып келбегендиктен жана телефону өчүк болгондуктан, үй-бүлөсү чочулап, полицияга кайрылган. Андан кийин айылда издөө иштери башталган.

Полиция Кажалдын бир туугандары аларды адаштыруу үчүн 20-январда "Кажал жоголду" деген арыз менен кайрылып, "Арман аны уурдап кетти" деп айыптаганын билдирүүдө. Эки үй-бүлөнүн көрсөтмөлөрүн текшере келгенде, Кажалдын бир туугандарынын сөздөрүндө карама-каршылыктар табылган. Андан кийинки иликтөөлөр сөөктөр кайсы жерге көмүлгөнүн ачыктады.

Ганпат Сайнинин айтымында, ал жубайы менен 19-январда эртең менен үйүнө кайтып келгенде Кажалды таппай калышкан. Ал кызы өлтүрүлгөнүн сөөктөр табылгандан кийин гана билгенин айтууда. Бирок ал "Кажал менен Армандын мамилесин өзү же анын үй-бүлөсү билишкенби?" деген суроого жооп берген жок.

Армандын үй-бүлөсү да алардын мамилесинен кабары болбогонун айтышкан.

"Ал бизге эч нерсесин айтчу эмес", — дейт агасы Фарман Али. "Биз аны бир күн бою таба албай калганда, айрым достору акыркы эки айдан бери Кажал менен жолугуп жүргөнүн айтышты".

Айыл тургундары адатта талаш-тартыштарды өздөрү шайлаган аксакалдар кеңеши аркылуу чечип келишкенин айтышат. "Эгер Кажалдын үй-бүлөсү акылга салып аракеттенгенде, айылдын улуулары жардам бере алмак", — дейт Махипал Сайни.

A quiet courtyard inside a village home in Umri. Several women and children sit together on a woven cot while one child stands nearby. Clothes hang on lines overhead, and the surrounding walls are painted blue and turquoise, with doorways and a staircase leading into the house
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул өлтүрүүлөр Умри айылынын тургундарын нес кылды

Полиция мында диний зомбулук жокпу, жеринен билүү үчүн кызматкерлерин айылга жайгаштырды. Ал эми айыл тургундары жашоо акырындап өз нугуна түшүп жатканын айтышууда. Айрымдардын пикиринде, бул окуя оор жана терең ой жүгүртүүгө түрткү берди.

"Мындай нерсе бул жерде болушу мүмкүн деп эч качан ойлогон эмес элек", — дейт дагы бир Умри тургуну Ариф Али. "Айылда эркектер менен аялдар өздөрүн коопсуз сезбей калды деп айта албайм. Бирок баарыбызды басып турган жымжырттык бар".

Умридеги бул окуя Индияда ондогон жылдар бою катталып келе жаткан "намыс үчүн киши өлтүрүү" деп шектелген учурлардын узун тизмесине кошулду. Индияда никелердин 93%дан ашыгы өз кастасы жана өз дининин ичинде үй-бүлөлүк кудалашуу менен бекитилет. Бул салттан аттап өткөн түгөйлөр көп учурда полициядан же соттон коргоо суроого мажбур.

Индия мыйзамдары "намыс үчүн киши өлтүрүүнү" кадимки киши өлтүрүү катары карайт жана соттор бойго жеткен адамдын өз ыктыяры менен жубай тандоо укугу Конституция аркылуу корголорун кайра-кайра баса белгилеп келишет. 2018-жылы өлкөнүн Жогорку соту Индиядагы штаттардын бийликтерин ар бир райондо ар башка динден жана кастадан турган жуптарды коргоо үчүн коопсуз үйлөрдү уюштурууну милдеттендирген.

Ошого карабастан, мындай зомбулук фактылары ар кайсы штаттарда дагы эле катталып келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, индиялыктардын көбү ар башка диндеги жуптардын никесине каршы. Бир нече штатта кабыл алынган динди өзгөртүүгө каршы талаштуу мыйзамдар мындай түгөйлөрдү дайым тобокелчиликке кептейт.

2012-жылы бул тема боюнча даректүү тасма тарткан режиссёр Накул Сингх Савхни расмий статистика "намыс үчүн киши өлтүрүүлөрдүн" чыныгы масштабын чагылдырбайт дейт.

"Эгер кылмыштардын мотиви полициянын отчетторунун биринчи этабына кирбей калса, анда мындай көпчүлүк учурлар расмий статистикага кошулбайт. Көбүнчө "намыс үчүн өлтүрүү" аспектиси иликтөөнүн жүрүшүндө гана аныкталат", — дейт Савхни.

Адам укуктары боюнча активист Кавита Шривастава бул көйгөйдүн масштабын тааныбоо расмий тараптардын кайдыгерлигине алып келерин айтат. "Көйгөй көрүнбөсө, ага чара да болбойт", — дейт ал.

Шриваставанын айтымында, аялдар барган сайын өз шеригин өзү тандоо укугун катуу талап кыла баштаган сайын, алар "өтө артта калган социалдык системанын" каршылыгына дуушар болуп жатышат. Анын пикиринде, жалгыз сот өкүмдөрү "намыс үчүн кылмыштардын" алдын ала албайт - бул үчүн коомдук көз караштар менен да күрөшүү керек.