Зеленский Украинада шайлоо өткөрүүгө даярдыгы тууралуу айтып берди

Сүрөттүн булагы, WPA Pool/Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-БИ-Синин Орус Кызматы
Украин президенти Владимир Зеленский шейшембинин кечинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер добуш берүү маалында коопсуздук чаралары камсыздалса, эки-үч ай ичинде өз өлкөсүндө шайлоо өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле берки тарап буга эркин билдирсе, Орусия менен энергетикалык элдешүүгө да барууга да даяр экенин айтты.
Украин лидери шаршембиде АКШга жаңыланган тынчтык планын берип жиберерин айтты. Украина, АКШ жана Киевдин европалык союздаштары ортосунда сүйлөшүүлөр алкагында үч документ талкууланып жатат, алар согушту тынчтык жолу менен жайгаруунун өзөгүн түзмөкчү.
Зеленский дагы эмне деди?
"Биздин өнөктөштөргө сый-урмат. Бирок Украинадагы шайлоо маселеси, менимче, биздин элден көз каранды жана украиндиктер чеччү маселе, башка мамлекетттерке тийиштүү эмес".
"Ачык айтайын, мен шайлоого даярмын. Эгер мындай маселе турса... мен бийликке, президенттик креслого жармашып жатканым, ошол үчүн согуш бүтпөй жатканы тууралуу кыйытмаларды уктум. Чынын айтсам, бул таптакыр чындыкка коошпойт.
Шайлоону өткөрүү үчүн эки маселе бар: эң башкысы бул коопсуздук - кантип аны өткөрүү керек, ракета чабуулдары алдында кантип уюштурса болот, а биздин аскерлер эмне болот, алар кантип добуш берет. Силер муну билесиңер, мен аны кайталагым келбейт. Экинчи маселе, шайлоолорду өткөрүүнүн легитимдүүлүгү үчүн мыйзамдык негиз".
"Эми азыр бул маселени, биздин өнөктөштөр, АКШ президенти көтөрүп атат. Мен кыска жооп берем, карагыла, мен шайлоого даярмын. Ал гана эмес, мен муну азыр ачык суранам, европалык кесиптештер менен чогуу АКШнын шайлоодогу коопсуздукту камсыздоо боюнча мага жардамы керек. Ошондо кийинки 60-90 күн ичинде Украина шайлоого даяр болот. Жеке менин буга эрким жана даярдыгым бар".
Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, Вашингтон украин президентинен Трамптын администрациясы сунуштап жаткан "тынчтык планы" боюнча ыкчам жообун талап кылып жатканын жазып чыкты. Ал планга ылайык, Орусия менен ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге Рождествого 25-декабрга чейин жетишилип калыш керек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Басылма булагына таянып, Трамптын чабармандары Зеленскийге бул тынчтык планы боюнча жооп берүүгө бир нече күн берген, планда Украинадан территориялдык жоготууларын АКШнын бүдөмүк коопсуздук кепилдиктерине алмаштыруу камтылган.
Зеленский ишембидеги эки саатка созулган телефон аркылуу сүйлөшүүдө европалык коллегаларына Трамптын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер ага тезирээк чечим кабыл алуусун талап кылып басым жасаганын айткан.
Financial Times булагына таянып, Трамп Рождествого чейин келишимге жетүүгө үмүттөнүп жатканын айтты.
АКШ менен Украинанын соңку сүйлөшүүлөрү өткөн дем алыш күндөрү аяктады. Зеленский Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен сүйлөшкөндөн кийин АКШ менен кызматташууну улантууга "чечкиндүүлүгүн" билдирди.
Европалык лидерлер АКШнын тынчтык планынын алгачкы варианттарына каршы чыгышкан. Киeв менен союздаштары бул планды Орусиянын талаптарына өтө эле ыңгайлуу деп сынга алышкан. Кийин план кайра каралып, бир катар пункттар өзгөртүлгөн.












