АКШ: “Ислам мамлекетинин” лидери Сирияда өлтүрүлдү

Ислам мамлекети

АКШнын расмийлери билдиришкендей, Сириянын түндүгүндө АКШ тарабынан жүргүзүлгөн рейдде “Ислам мамлекетинин” (ИМ) жол башчысы менен аталган террористтик топтун жогорку мансаптуу өкүлү өлтүрүлгөн.

Абу Ибрахим ал-Хашими ал-Курайши жашынып жашап жүргөн жерин атайын күчтөр курчоого алганда ал өзүн жана үй-бүлөсүн жардырып салган.

АКШнын президенти Жо Байден түн ичинде болгон рейд туурасында бейшемби күнү маалымат берди.

Курайшинин өлүмү “дүйнө жүзүндөгү чоң террористтик коркунучту жоготту”, — деди Байден.

АКШнын расмийлери ИМдин каза болгон дагы бир өкүлүнүн ысымын ачыкташкан жок, бирок айлап пландалып келген операциянын майда-баратына чейин айтып беришти.

Бул маселе боюнча ИМ азырынча билдирүү жасай элек.

АКШдагы бир нече эксперттер Би-Би-Сиге билдиргендей, Курайшинин өлүмү ИМге катуу сокку болот, бирок аталган топ акыры кайра биригет.

Рейд оппозициялык күчтөрдүн көзөмөлүндө турган Атмех жергесинин чет жакасындагы үч кабаттуу турак жайда болгон. Атмех жергеси түндүктөгү Идлиб провинциясына карайт жана Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан.

Атмех
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул аймакта ИМдин элдешкис душманы эсептелген жихадчы топтор орун алган. Ошондой эле ал жакта Сирия өкмөтүнө каршы согушкан жана Түркиянын колдоосуна ээ болгон козголоңчу топтор бар.

Чалгын кызматы Курайши Атмехтеги турак жайдын экинчи кабатында үй-бүлөсү менен бирге жашарын аныктаган. Курайши ошол жерде туруп алып Сирияга жана башка жайларга чабармандар аркылуу буйрук берип турган.

“Кыратуучу” деген ылакап атка ээ болгон Курайши 2019-жылы, Абу Бакр ал-Багдадинин өлүмүнүн артынан, ИМдин лидерине айланган. Курайшини Ажы Абдулла, Амир Мухаммед Саид Абдул Рахман ал-Мавла жана Абдулла Кардаш деген ысымдары дагы болгон.

Бул террористтик топ Курайшинин жол башчы болгонун Багдадинин өлүмүнөн төрт күн өткөндөн кийин жар салган болсо да Курайши ал кызматка көптөн бери даярданып, ошондуктан согуш майданынан алыс жүргөнү айтылат.

АКШнын бийлиги ардагер жихадчы жөнүндө маалымат бергендерге $10 млн убадалаган. Курайши Ирактын Мусул жергесинде 1976-жылы төрөлгөн.

Рейд кандай өткөн?

Атмехте жүргөндө ал эч качан сыртка чыккан эмес. Үйдүн чатырына жуунуш үчүн гана чыкчу. Бирок абадан сокку ура турган болсо, анда жай тургундардын арасында жоготуу коркунучу жаралмак. Ошондой эле ИМге тиешеси болбогон же Курайшини билбеген бир үй-бүлө үч кабаттуу турак жайдын биринчи кабатында жашайт деген маалыматтар болгон.

Жерден эле рейд жүргүзүү варианты майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыгып, ондогон сценарийлер иш жүзүндө колдонулган жана жеринен ар кандай тобокелчиликтерди баалоо иштери жүргүзүлгөнүн айтышты жогорку кызматтагы расмийлер. Адамдар отурукташкан жайдын үлгүлөрү жасалып, инженерлер жардыруу болгон учурда имараттын урашын изилдеп чыгышкан.

Байденге ыктымал операция туурасында декабрда маалымат беришкен.

Ал расмий түрдө шейшемби күнү атайын күчтөргө акыркы буйругун берип, Ак үйдөн операцияга көз салып турду.

Жергиликтүү булактар айтышкандай, АКШнын атайын күчтөрү жеринде катуу каршылыкка туш болушуп, аларды транспортторго чиркелген зениттик куралдардан аткылашкан. Тик учактар учуп кеткенге чейин эки саат бою ок атышуулардын үнү угулган.

Ислам мамлекети

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түн ичинде жүргүзүлгөн операция катаал болгону айтылууда

Пентагондун өкүлү Жон Кирбинин айтымында, АКШнын күчтөрү 10 кишини турак жайдан эвакуациялоого үлгүрүшкөн, алардын арасында сегиз жаш бала да болгон.

Рейдде өлтүрүлгөндөрдүн арасында Курайшинин орун басарларынын бири, анын жубайы болгон. Алар экөө тең АКШнын күчтөрүнө каршы ок чыгарышкан. Жон Кирби кошумчалагандай, АКШнын күчтөрү адамдардын чакан тобу менен дагы кармашкан. Чакан топ эки сааттык операция учурунда жаңжал болгон жерге жакындап барышып, “кас деп табылганы” үчүн кармашта экөө өлтүрүлгөн.

“Ошентип касташуу аяктады”, — деди ал. Жакын жерде “бир жаш бала дагы өлтүрүлгөндөй болду окшойт”, — деп кошумчалады Кирби. Бирок ал “АКШ ар бир өлтүрүлгөн адам жөнүндө толук маалыматка ээ эмес” экенин билдирди.

Рейд учурунда Курайши үйүнүн үчүнчү кабатында жарылуучу затты ишке киргизип, өзүн, жубайын жана эки баласын өлтүрдү. Президент Байден бул көрүнүштү “коркоктуктун акыркы акты” деп сүрөттөдү.

Кирбинин айтымында, Курайшинин өздүгү кийинчерээк “манжа изи жана ДНК анализи аркылуу” аныкталган.

Ислам мамлекети

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын расмийлери айтышкандай, Курайшинин үй-бүлөсү жана дагы экөө бул имаратта турушкан

АКШ тараптан жоготуулар болгон эмес. Американын бир тик учагын рейд учурунда жакшы иштебей калып, кыйратууга туура келген.

Курайшинин өзүн-өзү жардыруу тактикасы 2019-жылы АКШнын күчтөрү менен бет келгенде Абу Бакр ал-Багдади тарабынан дагы колдонулган болчу.

Багдади өзүн жана үч жаш баланы жардыруучу кемсел кийип өлтүргөн. Анда АКШнын атайын күчтөрү Багдадинин Атмехтен болгону 16 км аралыкта жашынып жашап жүргөн жерине барып рейд өткөрүшкөн эле.

Ошол рейдден кийин алты жаш баланын жана төрт аялдын сөөгү табылганын “Ак шлем” куткаруу кызматы (Сириянын жарандык коргонуу тобу) айтып чыккан.

Байдендин айтымында, операцияга катышкан бардык америкалыктар аман-эсен өлкөсүнө кайтып барышкан.

АКШдагы тышкы саясат боюнча аналитиктер Би-Би-Сиге билдиргендей, Курайшинин өлүмүнөн кийин ИМ зыянга учурайт.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун өкүлү Жон Алтерман төмөнкүчө билдирди:

“Жол башчыны жоготуу аларды ого бетер параноик кылат. Биз алардын параноик болуусун жана өздөрүнүн арасынан саткындарды издөөсүн каалайбыз. Ал кыйратуучу жана сонун болот”.

Атлантика кеңешинин өкүлү Жомана Каддур: “ИМдин башчысы жок кылынганы ар дайым жакшы нерсе. Бирок бул ИМден көрө турган эң соңку нерсе эмес” деди.

ИМдин лидерин кармоо АКШга эмне үчүн керек болгон?

Гордон Кореранын анализи, коопсуздук боюнча кабарчы

Курайши жөнүндө көп деле маалымат жок болчу. Андан мурдагы жол башчы ИМ тарабынан башкарылган “Халифатты” түптөгөн. Ага караганда Курайшинин аброю төмөн болчу, ошого ал көмүскөдө жүрчү.

Ал Ирактын мурдагы башчысы Саддам Хуссейндин армиясында офицер болгону айтылат. Андан кийин 2003-жылы АКШнын күчтөрүнө каршы согушка катышкан. Башында ал-Каида менен жүрсө, кийин ИМге кошулуп кеткен.

АКШ мурда Курайши боюнча маалымат бергендерге акча убадалаган. АКШнын айтымында, Курайши “ИМдин эң башкы идеологдорунун бири” жана “Ирактын түндүк-батышындагы езид диний азчылыгын уурдоо, өлтүрүү жана сатууга көмөктөшкөн, андан тышкары аталган топтун дүйнөдөгү айрым террористтик иштерин жүргүзгөн”.

Ислам мамлекети

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык куткаруучулар бутага алынган жайдан 13 кишинин сөөгүн табышканын айтышты

ИМ Иракта жана Сирияда чоң аймакты көзөмөлдөбөй калды. Мурдагыдай жихадчыларды азгыра да албай калды. Кайсы бир убактарда алар социалдык тармакта адамдарды өз катарына тартып, алар жашаган жайларда кол салууларды уюштурууга түртчү. Алар 2015-жылы Париждегидей кол салууларды чет жактарда жасай албай калышты.

Былтыр ИМдин Афганистандагы ИМ-К аттуу бутагы дагы көбүрөөк көңүл бурган. Айрыкча АКШ менен шериктештери күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетип жатканда Кабул аэропортундагы жардыруусу эсте калган.

Бирок алар соңку айларда контртерроризм боюнча жооптуу кишилердин тынчсыздануусуна себеп болгон. Аталган топ Ирак менен Сирияда кайрадан түптөлүп, көбүрөөк күч түзүүгө аракет кылганы айтылган. Бул өткөн айда Сириянын түндүк-чыгышындагы түрмөдөн качуу аракеттеринен, буктурмалардан жана чабуулдардан, ошондой эле кайра жаңыра баштаган пропагандадан эле түшүнүктүү болгон.

Вашингтон Курайшинин өлүмү аталган топтун жандануусуна бөгөт коёт деп ишенет.

Иш жүзүндө андай топтор жаңы лидерди таап алышат, бирок жашоону улантуу үчүн жаңы лидердин кылган аракети ал топтун иштөөсүн жана уюшуусун дагы оорлоштурат деген үмүт бар. (EA)