“Ислам мамлекетинин” балдары: “Күчүбүз жетпеген катастрофа”

Сүрөттүн булагы, JEWAN ABDI
Ал-Хол лагеринде жашоо баш аламан, аргасыз жана коркунучтуу.
Аталган лагерде “Ислам мамлекети” (ИМ) тобунун чет элдик согушкерлеринин аялдары менен балдары турушат. Бул чатыр шаарчада үй-бүлөлөр тыгылып жашашат. Анын айланасын куралчан сакчылар, күзөт мунаралары жана тикен зымдар курчап турат.
Кең чөлдө жайылган лагерге Сирия менен Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан ал-Маликия жергесинен машина менен төрт саатта жетсе болот.
Лагердин ичинде аялдар кара түстө кийинип, никабчан жүрүшөт. Никаб айрым мусулман аялдар башына оронуп, көзүн эле ачык калтырган жоолуктун түрү. Кээ бири өзүн оолак алып жүрсө, башкалары ачык эле кастай карашат.
Жер-жемиш саткан кичинекей дүкөндүн бир бурчунда мээ кайнаткан аптаптан коргонуп турган бир нече аял сүйлөшкүсү келип жаткандай. Алар чыгыш Европадан болушат экен.
Кантип бул жерге келип калганын сурадым. Алар көп деле маалымат беришкен жок. ИМге кошулуу үчүн миңдеген километр жол жүрүп, көптөгөн адамдарды кыйнап, өлтүргөн жана кулга айланткан режимде жашоо үчүн алар күйөөлөрүн күнөөлөр жатышты. Алардын бир эле күнөөсү туура эмес адамды сүйүп калганы экенин айтышат.
Мындай окуялар ИМ жоокерлеринин аялдарынын арасында көп учурайт. Алар өздөрүн мыкаачы саясатты карманган режимден оолак кармагысы келет. Алардын күйөөлөрү же каза болгон, камалып кеткен, же болбосо дайынсыз жоголгон. Алар болсо балдары менен бул жерге түшүп калган.
Бул лагерде 60 миңдей адам бар. Алардын 2 жарым миңи ИМдин чет элдик жоокерлеринин үй-бүлөлөрү. 2019-жылы Багузда жихадчы топ жеңилип калгандан бери көпчүлүгү бул жерде жашап жатышат.
Аялдар өтө этияттык менен, эч кимдин көңүлүн бурбагыдай кылып сүйлөп жатышты. Анын кесепети коркунучтуу болушу мүмкүн эле. Алар сакчылардан эмес, лагердин ичиндеги ИМдин катаал эрежелерин таңуулаган башка аялдардан чочулап жатышкан. Биз барган күнү эртең менен эле бир аял киши колдуу болуп кеткен экен.
Күн сайын өлүм
Лагердин ишин күрддөр жетектеген Сириянын демократиялык күчтөрү (СДК) көзөмөлдөйт. Лагердин ичиндеги зордук-зомбулук жана радикалдашуу СДК үчүн негизги көйгөй.
Сириянын түндүк-чыгышындагы күрддөр башкарган бийликтин де-факто тышкы иштер министри Абдулкарим Омар ал-Холдун ичинде дале ИМдин эрежелери иштерин мойнуна алды. Анын айтымында, ИМди кызуу колдогон аялдар көбүнесе зордук-зомбулукка барат.
“Эгер адамдар ИМдин идеологиясын карманбаса, алар күн сайын бирөөнү өлтүрүп, чатырларын өрттөп кетишет”, - дейт ал. “Анан алар ошол радикалдык көз караштарын балдарына өткөрүп берип жатышат”.

Сүрөттүн булагы, JEWAN ABDI
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаш балдар болсо көп. Аларды ата-энелери Азиядан, Африкадан жана Европадан ИМдин бийлигинде жашоо үчүн алып келишкен.
Алар кыла турган эч нерсе деле жок. Лагерде чет элдиктер турган бөлүгү аркылуу айдап баратсак, айрым жаш балдар бизге таш ыргытып жатышты. Машинанын арткы терезеси сынып, ичиндеги сакчылар таш тийбесин деп буйтап өткөрүп жиберишти. Бул кадыресе көрүнүш.
Башка балдар болсо толугу менен бейкапар. Чатырдын сыртында отурган жаш балдар жөн гана тиктеп турушат. Көпчүлүгүнүн башынан элестете алгыс шумдук күндөр өткөн. ИМ Ирак менен Сириядагы аймактарын коргоого жан үрөп жүргөндө, алар дагы тынбай бир жерден экинчисине көчүп-конуп жүрүшкөн.
Көпчүлүгү согуштан башка эч нерсени көргөн да эмес, мектепке бут басып барган да эмес.
Айрымдарынын алган жаракаты көрүнүп турат. Өңгүл-дөңгүл, чаң баскан жакта жүргөн бир буту жок жаш баланы көрдүм. Баары травма алып, жоготуу эмне экенин баштан өткөргөн. Балдардын көпчүлүгүнүн эне-атасынын бири жок.

Сүрөттүн булагы, JEWAN ABDI
Лагердин ичиндеги өсүп жаткан зомбулук менен күрөшүү үчүн коопсуздук чаралары тынбай өткөрүлүп турат. Ошону менен эле чектелбейт.
Чоңураак эркек балдар дагы коркунуч жаратуучу катары кабыл алынат. Өспүрүм куракка жетип калганда алар үй-бүлөлөрүнөн алыс жактагы коопсуз абактарга жайгаштырылат.
“Белгилүү бир жашка чыкканда, алар өздөрүнө да, башкаларга да коркунуч туудурат. Ошондуктан бул балдар үчүн реабилитациялык борборлорду куруудан башка аргабыз жок”, - дейт Абдулкарим Омар.
Анын айтымында, өспүрүм балдар энелери менен эл аралык Кызыл чырым уюму аркылуу байланышып турушат.
“Ал күн өткөн сайын чоңоюп жатат”
Ал-Холдун түндүгүндөгү кичирээк Рож лагеринде дагы ИМ жоокерлеринин аялдары менен балдары жашайт. Бул жерде зомбулук көп катталбайт. Мында британиялык аялдардын көпчүлүгү турат. Алардын арасында Шамима Бегум, Никол Жек кыздары менен жашайт.
Лагерь зым тосмо менен бөлүнгөн. Кариб аралдарындагы Тринидад жана Тобагодон келген аялдардын тобун кезиктирдим. Аталган аймактан дагы ИМге азгырылгандардын саны аябай көп.
Биринин 10 жаштагы уулу бар экен. Жолдошу каза болгондон кийин ал ИМдин башкаруусунда жашоо үчүн балдарын алып келген. Алар аягына чейин режимдин астында жашашкан. Ал өспүрүм балдардын бөлөк жашашын угуп калып, уулун дагы алып кетишеби деп коркуп жатат.
Ал чоңойгон сайын, апасы да тынчсызданып жатат. “Мен отурам. Ал болсо күн өткөн сайын чоңоюп жатат. Күндөр дагы тез өтүүдө. Алар бир күнү келип, аны алып кетиши мүмкүн деп ойлойм”, - дейт ал.
Жанында баласы иниси жана карындашы менен футбол ойноп жатат. Атасы абадан урулган соккудан каза болгон. Аны бөлөк жайга алып барып койсо, апасын сагынарын айтат.

Сүрөттүн булагы, JEWAN ABDI
Бул жердин санитардык абалы жөнөкөй. Дааратканалар менен жуунуучу кабиналар сыртта. Ичүүчү суу чоң бактардан берилгени жаш балдардын баарына жакпайт.
Лагердин ичиндеги чакан базарда оюнчук, азык-түлүк жана кийим-кече сатылат.
Ай сайын үй-бүлөлөр азык-түлүк пакеттерин алышат, жаш балдарга кийимдер таратылат. Айрымдар аралаш үй-бүлөлөрдө жашашат. ИМдин тушунда айрым аялдар бир эркек киши менен жашап, алар чогуу бала карап, үй тиричилигин да чогуу бүтүрүп жүргөндүктөн ортодо байланыш сакталып калган.
Кыйроо, бомбалоо, согуш
Жаш балдардын көпчүлүгү “Save the Children” (Балдарды коргоо) уюму иштеткен убактылуу мектептерге барат.
“Биз көптөгөн окуяларды угабыз. Алардын эч бири, тилекке каршы, жагымдуу эмес. Бирок алар үйлөрүнө барып, кадимкидей балалык күндөрүн баштан өткөрүп, коопсуз жана сак-саламат жашайт деген үмүттөбүз”, - дейт аталган уюмдун Сирия боюнча офисинин өкүлү Сара Рашдан.
“Биз көптөгөн адамдардын жүрүм-туруму өзгөргөнүнө күбө болдук. Алар кыйроонун, бомбалоонун жана согуштун сүрөттөрүн тартканын көргөнбүз… бирок азыр алар бакыттын, гүлдөрдүн жана үйлөрдүн сүрөттөрүн тартып жатканын көрүп жатабыз”.
Бирок, бул жаш балдар кантип чыгып кетери же алардын келечеги кандай болору бүдөмүк.

Сүрөттүн булагы, JEWAN ABDI
Батыштагы айрым мамлекеттер ИМдин чет элдик согушкерлеринин аялдарын коопсуздукка коркунуч жаратат деп жатышат.
Аялдардын көпчүлүгү коопсуздук үчүн коркунуч экенин четке кагышат. Ошентсе да ИМден жабыр тарткандар жөнүндө талкуу кылгандан тартынып турушат. Мисалы, аталган топ миңдеген язиди аялдарды күңгө айлантып келгени бар эле.
Аялдардын арасында ИМдин эч кандай зордук-зомбулук пропагандасын көрбөдүм деп айткандар көп. “Халифатта” жашаса да көпчүлүгү аталган топтун баш алуу, массалык өлтүрүү же тукум-курут кылганы жөнүндө кабары жок экенин айтышат.
Алардын сырткы дүйнө менен байланышы жок жана өз өлкөсүндө алар жөнүндө адамдар кандай ойдо экенин түшүнгөндөр аз.
Швеция, Германия жана Белгия сыяктуу айрым Европа өлкөлөрү кээ бир балдар менен алардын энелерин көчүрүп кетүүдө.
Бирок лагердеги абал начарлап жаткандыктан күрд бийлиги башка өлкөлөргө кайрылып, жарандарын алып кетүүгө чакырууда.
“Бул эл аралык маселе, бирок эл аралык коомчулук аны чечүүдө өздөрүнүн жоопкерчилигин жана милдеттерин аткарбай жатышат”, - дейт Омар. “Эгер ушундай улана берсе, анда биз күчүбүз жетпеген катастрофага туш болобуз”. (EA)












