"Геноцид унутулбашы керек": Езиддер жихадчылардын колунан ажал тапкандарды жерге берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирактын түндүгүндөгү езид коому өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун жоочуларынын колунан ажал тапкан 104 кишинин сөөгүн жерге берди.
Езиддер аз сандагы байыркы эл жана этникалык жактан күрддөргө тектеш. Негизинен Ирактын түндүгүн байырлайт. Мурдагы постсоветтик жана айрым Европа өлкөрүнүн аймагына тараган.
2014-жылы Синжар тоосунда ысык аптапка какталып, тамак-ашсыз жана суусуз он миңдеген езиддер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун запкысына кабылганына бүт дүйнө күбө болгон. Экстремисттик топтун Ирактын түндүгүнө кириши менен езиддердин эркектери массалык түрдө өлтүрүлүп, аялдар жана балдар туткундалып, сексуалдык кулчулукка тартылышкан. БУУ бул окуянын геноцид деп тааныган эле.
Надия Мурад 21 жашында экстремисттик топтун жоочуларынын колуна түшүп, үч айлык кордук жана зомбулуктан кийин качып чыккандардын бири. Мурад согуш маалындагы ошол кылмыштар жана курмандыктар унутулбашы керек деп эсептеп, аны бүт дүйнө коомчулугуна айтып чыккан. Азыр дагы ушул боюнча иш алып барат. Бул ишмердүүлүгү үчүн Нобелдин 2018-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болду.
Массалык кыргын болгон жердеги кишилердин өздүгүн аныктоо иштери дале уланууда. Бул аптада өздүгү аныкталган 104 кишинин сөөгү Синжар тоосунун этегиндеги Кочо кыштагындагы көрүстөнгө коюлду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алардын баары "2014-жылы Хаири Али Ибрагим кыргынында өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун жоочуларынан колунан ажал тапкан" деп айтылат документтерде.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул кыштакты басып алышкандан кийин жихадылар эркектерге шарт койгон дейт езид активисттер: исламды кабыл ал же өлөсүң.
Бейшембиде Багдаддагы белгисиз жоокердин эстелигинин жанында каза тапкандарды эскерүү иш чарасы өттү. Ушундан соң сөөктөрдүн калдыктары маркумдардын кичи мекенине жөнөтүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бул курмандыктарды эскерүүгө жасалган биринчи кадам болду. Бирок геноцидден аман калган башка курмандыктарга, аялдарга жана балдарга компенсация берүү өткөөл мезгилдеги сот адилеттүүлүгүнүн бир бөлүгү болушу керек", - деди езид укук коргоочусу Мирза Диннай.
Өткөөл мезгилдеги сот адилеттүүлүгү - акыйкатты калыбына келтирүү боюнча салттуу сот тутумуна кошумча колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Адам укуктары массалык түрдө бузулган өлкөлөрдө колдонулат. Буга эң белгилүү мисал, апартеидден кийинки Түштүк Африка Республикасы.
Езиддердин дини - байыркы ирандык ишенимдин элементтерин жана иудаизм, христианчылык, ислам, зороастризмдин аспектилери аралашкан дин.
Диндин радикалдуу агымын карманган "ИМ" жоочулары үчүн алар бутпарастар деп эсептелген. Ошондон аларга запкы көрсөтүп, куугунтукташкан. 2014-жылга чейин Иракта 550 миңдей езид жашаган болсо, кийин 360 миңдейи өлкөдөн качып чыгып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн жылдын апрелинде Германиянын Франкфурт шаарында "ИМ" аскер башчыларынын бири делген 37 жаштагы кишинин соту башталды. Прокурорлор ага геноцид, адам сатуу сыяктуу айыптар тагылганын ырастаган. Тергөө маалыматына караганда ал эзид аялды жана анын беш жашар кызын кулчулукка саткан. Ал эми Германия жараны болгон жубайы Мюнхенде соттолуп жатат.








