"Pfizer" вакцинасын сайдырган кыргызстандыктар эмне дейт?

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Буга чейин Бишкектеги ооруканалардын биринде "Спутник V" вакцинасынын 900дөй дозасы муздаткыч суурулуп калып, жараксыз болуп калган эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин Бишкектеги ооруканалардын биринде "Спутник V" вакцинасынын 900дөй дозасы муздаткыч суурулуп калып, жараксыз болуп калган эле

Кыргызстанга Америкада өндүрүлгөн "Pfizer" вакцинасы алгачкы ирет келди. Бул вакцина -70 градуста сакталышы керек болгондуктан ага атайын муздаткыч жок буга чейин кол жетпей келген. Эмдөө борбору бул вакцинанын айрым бир пункттарга таратылып берилген бөлүгү бир эле күндө жок калганын, аны сайдырууну каалоочулар көп болгонун айтууда.

Кымбат жана эң натыйжалуу деп эсептелген бул вакцинаны алгачкылардан болуп сайдырган айрым адамдарды кепке тарттык. Белгилүү алып баруучу Эркин Рысулбеков Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан катталбаган вакциналарга ынанбай, бир топ убакыттан бери "Pfizer" вакцинасын күтүп жүргөнүн айтууда. Ал аталган вакцина келээри менен тааныштары чогулуп эмдөөдөн өтүшкөнүн Би-Би-Сиге айтып берди.

"31-октябрь күнү топтолуп барып алдык. Барсак кезек күткөн деле эч ким жок экен. Казакстан менен Орусия өндүргөн вакцинага анчейин ишенбей жаткам. Кайсы бир себептерден улам Кытайдыкын ала албай, "AstraZeneca" вакцинасынан кечигип калган экем. Ошондон улам "Pfizer" келсе деп абдан күтүп жаттым эле. Алдым, эч нерсе болгон жокмун. Болгону ошол күнү кечке маал ийне сайылган колумдун тарамыштары ооругандай болду. Атайын башкалардын абалын да сурап көрдүм. Алты кишинин бешөө мен сыяктуу эле сезбептир,бирөө гана 1 градуска дене табы көтөүлгөнүн айтты. Калганы жакшы. Вирус деген коркунучтан кадимкидей коопсуз сезе баштадым"

Эркин Рыскулбеков эмдөө учурунда

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркин Рыскулбеков эмдөө учурунда

Атын атагысы келбеген дагы бир шаар тургуну колу ооруксунганын, бирок, өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Каалоочулардын саны арбын экени айтылып жаткан вакцинаны сактоо шарты башка вакциналардыкынан кыйла машакаттуу. Ал үчүн өзгөчө муздаткычтар зарыл. Эми жаңыдан муздаткыч маселеси чечилгенде электр энергиясынын күйүп өчкөн көйгөйү чыкты. Кээде борбор калаанын өзундө да ар кайсы жеринде жарыксыз калдык дегендер көбөйдү. Ушундан улам кымбат-баалуу деген вакцина свет жок болуп калса жөн жерден жараксыз болуп калбайбы дегендер да чыкты. Тиешелүү мекеме сарсанаага негиз жок деп жатат.

"Бизге мындай өзгөчө муздаткычтарды алууга ЮНИСЕФ жардам берди. Биз баарын эсептеп чыктык. Негизи үч муздаткыч эле жетмек. Бирок, алда кандай болот деп дагы бирди кошумча алып койдук. Бул вакцинанын сактоо шарттарын да кенен талап көрдүк. Буюрса андай маселе чыкпайт. Анткени бул муздаткычтар ачылбай турган шартта үч күн сактап бере алат экен. Эмдөө жайларынын электр жарыгын өчүрбөсөңүздөр деп биз Энергетика министрлигине жазуу жүзүндө дагы кайрылганбыз. Андан сырткары ар кандай маселелердин алдын алуу үчүн атайын генераторлорго дагы буйрутма бергенбиз",- дейт Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев.

1-ноябрдагы статистикага караганда, Кыргызстанда ковидге каршы эмдөө башталгандан тарта 978 653 киши вакцинанын 1-дозасын алды, ал эми экинчи дозасын 751 407 киши сайдырган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1-ноябрдагы статистикага караганда, Кыргызстанда ковидге каршы эмдөө башталгандан тарта 978 653 киши вакцинанын 1-дозасын алды, ал эми экинчи дозасын 751 407 киши сайдырган

Кээ бирлердин мындай тынчсыздануусуна буга чейин Бишкектеги ооруканалардын биринде "Спутник V" вакцинасынын 900дөй дозасы муздаткыч суурулуп калып, жараксыз болуп калганы себеп болду окшойт. Териштүрүү жүрүп жатат деген менен азырынча ал боюнча атайын кеңири маалымат бериле элек.

Кыргызстанга канча доза "Pfizer" келди?

"259 470 доза келди. Бул жалпы эсеп. Муну биринчи жана экинчи доза кылып экиге бөлүп эмдеп жатабыз. Бул буюрса ушунун менен эле токтоп калбай дагы да келет. Мунун натыйжалуулугу 90-95 пайызга жеткени. Сактоо шарттарын кылдат эсептеп чыктык дебедимби, ошондон улам сактай турган шартыбыз бар деп жер-жерлерге бөлүштүрдүк",- деди Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев

Каалоочулардын саны арбын экени айтылып жаткан вакцинаны сактоо шарты башка вакциналардыкынан кыйла машакаттуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каалоочулардын саны арбын экени айтылып жаткан вакцинаны сактоо шарты башка вакциналардыкынан кыйла машакаттуу

Кыргызстанга "Sinopharm", "AstraZeneca", "KazVac","Спутник V" вакциналары алынып келинген. Бирок, ошол эле Казакстан менен Орусиянын өзүндө өздөрү өндүргөн вакцинадан күмөн санаган бир топ жарандары башка өлкөлөргө барып, ДСУ жактырган вакциналарды сайдырып жатканы коомдук сайттарга да жарыялданууда. 1-ноябрдагы статистикага караганда, Кыргызстанда ковидге каршы эмдөө башталгандан тарта 978 653 киши вакцинанын 1-дозасын алды, ал эми экинчи дозасын 751 407 киши сайдырган. 68 киши вирус жуктуруп алганы аныкталып,1 киши каза тапты, ошону менен вирус Кыргызстанда аныкталгандан тарта ковидден 2672 киши көз жумду. Адистер чыныгы сан мындан кыйла көп экенин айтышууда.