"Өлүмдүн негизги себеби". Жаштарды азгырган электрондук тамеки

Ныяз Ташматов, Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчылары

Адистер электрондук тамекиге кадимки чылымдай эле олутуу кароо керек дешет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

31-май тамеки тартууга каршы күрөшүү күнү. Быйыл бул күн "Балдарды тамеки өнөр жайынын зыяндуу таасиринен коргоо" деген ураандын астында өтүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан дагы жаштарды азгырган электрондук тамекиге тыюу салуунун жолдорун издеп жатат.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын чылым чеккендердин саны көбөйүп жатканы тууралуу адистер коңгуроо кагып келишет. Өзгөчө соңку жылдары вейпинг деп аталган элкектрондук тамеки тартуу адаты өзгөчө жаштар арасында кадыресе көрүнүшкө айлана баштады.

Муну Бишкектеги мектептердин биринде окуган Бекнур Маматов дагы ырастайт. Ал электрондук тамекини биринчи жолу 12 жашында классташтары менен чогуу мектепте тартып көргөнүн жашырбады. Ошондон бери үзбөй чегип келет жана аны сатып алуу окуучулар үчүн оорчулук деле эмес дейт:

"Дүкөнгө кирип эле сатып аласың же башка бирөөдөн алып бериңизчи деп суранасың. Андан кийин достор менен шашпай олтуруп тарта бермей. Анын эч кандай кыйынчылыгы жок".

Бекнур азыр тамекинин бул түрү ден соолугуна терс таасир тийгизе баштаганын сезип, демиге баштаганын айтат. Бирок кумары күч болгондуктан таштай албай жатканын жашырган жок.

Соңку жылдары электрондук тамеки саткан дүкөндөр көбөйүүдө

Биз Бекнур менен чогуу Бишкектеги электрондук тамеки саткан дүкөндөргө кирип, балдарга тамеки сатпоо боюнча эрежелер канчалык сакталып жатканына кызыгып көрдүк көрдүк.

Тилекке каршы сатуучулар өспүрүмдөрдүн жашын сурабастан, акчасын алып, сураганын кармата саларына күбө болдук.

“Көрдүңөр го, документ боюнча сөз да болгон жок, тескерисинче кеңеш берип, мунусун сатты. Башка кыз киргенде ага да дароо кеңеш бере баштады. Жадагалса паспортун да сурабады. Менимче паспорт сураган учур сейрек, сурап калса бүгүн документимди албай калыпмын десең сата берет", – деди Бекнур.

Жогорку Кеңеш 25-январда кабыл алган мыйзамга ылайык, 18 жашка чыга электерге тамеки саткан адамдарга салынуучу айыптын өлчөмү көбөйтүлгөн. Бирок ал мыйзамдын аткарылышын эч ким көзөмөлдөбөйт өңдүү.

Тамеки чегүү өлүмгө алып келет

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, тамеки чегүү –– Кыргызстандагы өлүмдүн жана майыптуулуктун негизги себептеринин бири.

Өлкө боюнча жаш курагы 30дан ашкан алты миңден ашуун адам тамеки чегүүдөн келип чыккан оорулардан каза болот.

"Азыр элдин баары эле уран иштетүү онкологиялык ооруларга алып келет деп айтып жатышат. Онкологиялык ооруларды пайда кылуу көрсөткүчү боюнча биринчи орунда тамеки турарын изилдөөлөр көрсөтүүдө. Урандан корккондон көрө тамекинин зыяндуулугунан коркуу керек", - дейт министрдин орун басары.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кызматкери Алина Алтымышеванын белгилешинче, чоңдор арасында тамеки чегүү көрсөткүчү акырындык менен төмөндөп жатат, бирок жаштардын тамекиге азгырылып баратканы тынчыздана турган маселе.

Тамеки чыгарган компаниялар болсо ар кандай жарнамалар аркылуу өз продукцияларын жаштар арасында жайылтууга жан үрөп жаткандай. Мындан улам айрым өлкөлөрдө өспүрүмдөр арасында электрондук тамекини чегүү чоңдорго караганда жогору.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн канча пайызы электрондук тамекиге азгырылганы боюнча беш жылдан бери изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Мунун өзү тамекинин зыяндуулугун жаштарга түшүндүрүү иштери чабал экенинин көрсөтүп турат.

ДССУ тарабынан 2019-жылы жүргүзүлгөн соңку сурамжылоодо мектеп окуучуларынын үч пайызы электрондук тамекини колдонуп көрүшкөнүн айтышкан. Бирок ал кезде кыргыз жаштарынын арасында электрондук тамеки мода боло элек эле.

Электрондук чылымга тыюу ишке ашабы?

Электрондук тамекилер

Вейпингге тыюу салуу маселеси сонку жылдары байма-бай көтөрүлүп келет. Буга чейин Жогорку Кенештин трибунасында депутат Эрулан Кокулов жаш балдар арасында электрондук тамекиге азгырылгандар көп болуп жатканын айтып чыккан.

Кокулов кесиптеши Шайырбек Ташиев менен бирге электрондук чылымга таптакыр тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышып, коомдук талкууга чыгарышкан. Документ учурда парламенттин тиешелүү комитеттерине келип түшкөнү белгилүү болду.

Андагы долбоордо электрондук тамеки чеккендерге 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салуу, саткан жарандарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып чегерүү сунушталууда.

Мындан сырткары Кыргызстандын аймагына электрондук тамеки алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн. Мыйзам бузгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айыпка жыгуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Дүйнөлүк уюмдун эскертүүсү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамекинин бул түрү да ден соолукка олуттуу зыян экенин эскертет
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 14-декабрда бардык өлкөлөргө кайрылып, электрондук тамекиге кадимки чылымдай эле олутуу кароого жана ага тыюу салууга үндөгөн. Алардын белгилешинче, адаттан тыш жарнаманын айынан, 13-15 жаштагы балдар электрондук тамекини чоңдорго караганда көбүрөөк тарта баштаган.

“Жаш балдарды азгырышып, жаш кезинен эле электрондук тамеки чегүүгө үйрөтүшүп, никотинге көз каранды кылышууда", – деди уюмдун директору Тедрос Гебрейесус.

Айрым окумуштуулар менен активисттер электрондук тамеки же вейпинг аркылуу чылым чегүүдөн келип чыккан оору же адам өлүмүн кыскартууга болот дешет. Муну жарнама дегендер да бар.

ДССУ дагы бул сунуштар менен макул эмес. Алар жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, электрондук тамекилер чылым чегүүнү токтотууга жардам бербейт. Тескерисинче рак илдетин пайда кылып, жүрөк жана өпкөгө коркунуч туудуруп, өспүрүмдөрдүн мээсиинин өрчүшүнө терс таасир этет. Анан да “бешиктен бели чыга элек” балдарды никотинге көз каранды кылып коеру айтылат.

ДССУ, сабак учурунда, көчөдө же автобус күтүп жаткан учурда тамеки тартууга жана вейпингге тыюу салууга чакырууда.

Уюмдун маалыматына караганда, 10 адамдын тогузу 18 жашка чейин тамеки тартууну үйрөнсө, кээ бирлери 11 жашында тарта баштайт.

Изилдөөлөр эмне дейт?

Баш кеңсеси Британиянын Ливерпуль шаарында жайгашкан Inter Scientific лабораториясы жаш балдар арасында мода болгон электрондук тамекилерди текшерүүдөн өткөрүшкөн.

Жыйынтыгында никель уруксат берилген чектен 9,6 эсе хром 6,6 эсе көп экени аныкталган. Коргошун дагы көп болуп чыккан. Бул химиялык элементтер суюктукту жылытып, түтүнгө айлантууда кызмат аткарат.

ДССУ изилдөө жүргүзүп, электрондук тамекилер чылым чегүүнү токтотууга жардам бербей турганын аныктаган

Сүрөттүн булагы, Official

“Биз тамекидеги суюктуктун курамынан темирди өзүнчө бөлүп алдык. Тамекинин ичиндеги суюктук темир менен аралашып, электрондук тамекинин ичине кирип кетиши мүмкүн. Жылытуучу элемент болгондон кийин биз аны адатта суюктуктан чыгарын көрө албайбыз”, – дейт лаборатория дарыгери Дэвид Лоусон.

Дарыгердин айтымында, нормадан ашыкча каражаттар бара-бара мээнин жабыркашына алып келет. Кээ бир заттар жогорку деңгээлде болгондуктан тынчсызданууну жаратат. Бирок балдар бул тобокелчиликтерди эске ала беришпейт.

Мындан башка зыяны мыйзамсыз импорттолгон электрондук тамекилерде кездешет. Электрондук тамекидеги суюктукка колдонулган диацетил заты көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган. Анткени ал өпкөнүн өнөкөт ооруларын пайда кылат.