Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу кандай өттү?

Путин жана Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, ВЛАДИМИР СМИРНОВ/ТАСС

Орусиянын президенти Тундүк Кореянын лидери менен жолугуу үчүн Амур облусундагы “Восточный” космодромун тандаган. Батыш маалымат каражаттары Ким Чен Ындын Путин менен жолугушуусунда Украинадагы согушка курал - жарак берүү тууралуу чечим кабыл алынат деп күтүшкөн.

Алар телекамералардын алдында бул тууралу ооз ачышкан жок, бирок Түндүк Кореянын лидери “гегемондук күчтөргө” каршы “ыйык согушта” Путинди колдоорун жарыялады. Мындан улам снаряддарды жеткирүү ыктымалдуулугу жөнүндө эксперттердин пикирлери экиге бөлүндү.

Кремль бир күн мурун Орусиянын чек арасынан өткөн Ким Чен Ын менен Путиндин жолугар жерин жана убактысын ачыкка чыгарбай келди. Болгону, алар Ыраакы Чыгыштын кайсы бир жеринде “ушул күндөрдүн биринде” жолугушаары белгилүү болгон.

Путин Шейшемби күнү Владивостокто Чыгыш экономикалык форумуна (ЧЭК) катышкандан кийин Амур облусундагы "Восточный" космодромуна учуп барган. Ким Чен Ын ал жерге өзүнүн белгилүү чопкутталган поезди менен барды.

Алардын жолугушуусу Москва убактысы боюнча таңкы жетилерде башталды. Андан болжол менен төрт саат мурун аннексияланган Крымдагы Севастопол шаары ракеталык чабуулга кабылып, орус бийликтери кеминде эки согуштук кеме “зыянга учураганын” моюнуна алган.

Путин бул чабуул тууралуу телекамералардын алдында сөз кылган жок, ал эми жолугушуу үчүн космодромду тандаганын Ким Чен Ындын ракеталык программаларга кызыгуусу менен түшүндүрдү. Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) ракеталык сыноолору көптөн бери АКШ менен анын азиялык өнөктөштөрүн тынчсыздандырып келет.

Жолугушуу жаңы “Ангара” ракетасын куруу иштери журүп жаткан космодромдун монтаждоо жана сыноо корпусунан башталды. Путин имаратка кирердин алдында Ким Чен Ынга “Восточный” — жаңы космодром экенин айтты.

Сүйлөшүүлөрдү ММКлар кандай чагылдырышты?

Ким Чен Ын Россиянын баскынчылыгын толугу менен колдоп чыкты.

Сүрөттүн булагы, МИХАИЛ МЕТЦЕЛЬ/ТАСС

“Восточныйдан” биринчи учуруу 2016 жылы ишке ашырылган. Анын курулушу көптөгөн коррупциялык жаңжалдар менен коштолуп келди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

КЭДРдин лидерине “Ангара” ракетасын, ал ракета үчүн курулуп жаткан старттык аянтча жана “Союз-2” кораблин учуруучу комплекси көрсөтүлдү.

Ким Чен Ын көптөгөн суроолорду берип жатты – аны ракетанын күйүүчү майынын мүнөздөмөлөрү, ал сарпталгандан кийин кайда түшөрү жана ракетанын кыймылынын принциптери кызыктырды. Суроолорго Роскосмостун жетекчиси Юрий Борисов жана жердеги космостук инфраструктураны эксплуатациялоо борборунун башкы директору Николай Нестечук жооп беришти.

Экскурсиядан кийин сүйлөшүүлөр башталып, алгач делегациялардын катышуусу менен, андан кийин бетме-бет өттү. Жалпысынан сүйлөшүүлөр эки саатка созулду. Украинага каршы согуш үчүн Түндүк Кореянын снаряддары жана ракеталары берилери тууралуу Камералардын алдында эч нерсе айтылган эмес.

Бирок Ким Чен Ын Россиянын баскынчылыгын толугу менен колдоп чыкты. Ал Орусия "өз эгемендигин жана коопсуздугун коргоо үчүн көтөрүлгөнүн" айтып, Пхеньян ар дайым "президент Путиндин бардык чечимдерин" колдоп келгенин жана колдоону улантып жатканын эске салды.

“Биз империализмге каршы күрөштө жана суверендүү мамлекетти курууда ар дайым бирге болобуз деп ишенем”, - деди ал сүйлөшүүлөрдүн башында.

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, ВЛАДИМИР СМИРНОВ/ТАСС

Андан кийин түшкү тамак болду, анда камчатка крабынан жасалган пелмен жана амур балык шорпосу сунушталды. Түшкү тамакта Ким Чен Ын тост көтөрүп, кайрадан империалисттер жөнүндө сөз кылып, муну менен Путиндин риторикасын колдоду. Ал эки жылдан бери Орусиянын эгемендигине Батыштан коркунуч келди деп Украинага каршы согушту актап келет.

“Баатыр орус армиясы жана эли Жеңиштин салтын мыкты мурастап, Атайын аскердик операция журүп жаткан фронттордо жана күчтүү мамлекетти курууда баа жеткис эрдикти көрсөтөт деп терең ишенем”, - деп цитата келтирет “Интерфакс” (Орус бийлиги дагы эле Украинадагы согушту "атайын аскердик операциясы" деп атап келет).

Кечки тамакта Путин 1945-жылы советтик жана кореялык жоокерлер “катарлаш туруп талкалаган” жапон милитаристтери жөнүндө сөз сүйлөп, ошондой эле Москва менен Пхеньян “тынчтык жана туруктуулук үчүн” аракет кылып жатканын белгиледи.

Ким Чен Ын көптөгөн суроолорду берип жатты.

Сүрөттүн булагы, АРТЕМ ГЕОДАКЯН/ТАСС

Кечки тамакта да Түндүк Кореянын ок-дарылары тууралуу эч нерсе айтылган жок, бирок Ким Чен Ын “орус армиясына жана элине” “гегемонияга умтулуп, экспансиялык иллюзия менен жашап жаткан чоң балакетти жазалоодогу ыйык күрөштө жеңишке жетишүүнү” каалады.

Андан соң Ким Чен Ын жолугушуудан кеткен, бирок ал азыр Орусияда жүрөт. Путин журналисттерге Түндүк Кореянын лидери Комсомольск-на-Амуредеги жарандык жана аскердик техникалар өндүрүлгөн заводдорго бара турганын, ошондой эле Владивостокко да тийе кетерин билдирди.

Владивостокто Путин менен Ким Чен Ын 2019-жылы жолугушкан. Бул алардын биринчи жолугушуусу болгон, эми Украинага каршы согуш учурунда экинчи жолугушуу болуп өттү. КЭДРдин лидери Ковид пандемиясы башталгандан бери өз өлкөсүнөн чыга элек болчу.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Түндүк Кореянын лидерлери Орусия менен Украинанын чек арасына Түндүк Кореянын аскерлерин жайгаштыруу маселесин талкуулаган жок деп билдирди. Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусунда Түндүк Кореянын өзөктүк согуштун коркунучтары тууралуу билдирүүлөрү да талкууланган жок.

ММКлар эмнени жазышты жана эксперттер эмне дейт?

Батыш басылмалары КЭДРдин лидеринин сапары тууралуу биринчилерден болуп жарыялашты. New York Times гезити Ким Чен Ын Владивостокко Путин менен сүйлөшүү максатында, КЭДРден артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды жеткирүү маселесин талкуулоо үчүн барарын жазган.

Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Түндүк Кореяны Орусияга ок-дары менен жардам бербөөгө чакырды. "Биз буга чейин эскерткенибиздей, Орусия менен КЭДРдин ортосунда курал-жарак жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат", - деди Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Адриен Уотсон. "Биздеги маалыматтарга ылайык Ким Чен Ын бул талкуулар, анын ичинде Орусиядагы лидерлер деңгээлиндеги дипломатиялык өз ара аракеттенүү уланат деп күтөт."

Financial Times басылмасы Түндүк Корея Орусия менен курал-жарак жеткирүү келишимине кол коюуга даяр деп күткөн. Анын айтымында, Пхеньян Москвага ок-дарыларды, бир нече ракеталык реактивдик системаларды жана кыска аралыкка сокку ура турган баллистикалык ракеталарды сунуштай алат.

Украинадагы согуш үчүн снаряддар келер-келбеши боюнча эксперттер ар кандай пикирде. Кунмин университетинин (Сеул) улук илимий кызматкери Федор Тертицкий Путин менен Ким Чен Ын КЭДРден Орусияга курал-жарак жана ок-дарыларды жеткирүү боюнча макулдаша алган болушу мүмкүн деп билдирди.

“Эгерде Пекин, Москва жана Пхеньян бир пикирге келсе — Түндүк Корея саны жагынан, бир топ снаряддарды бере аларынан күмөнүм жок. Тундүк Корея аскердик өнөр жай комплексин ар дайым артыкчылыктуу багыт катары сүрөп келген, пландуу экономикада аны бир кыйла ылдам темп менен өнүктүрүүгө болот. Бирок сапатында маселе бар. Анткени Корей Элдик Армиясы 1953-жылдан бери согушка катыша элек”, - деди Тертицкий Би-Би-Синин орус кызматына.

Украина фронтунда КЭДРден ок-дарылар пайда болгондугу тууралуу биринчи маалыматтар бир жыл мурун чыккан, ок-дары аз көлөмдө гана жеткирилген, деп эскерет эксперт. Ал ок-дарыларды “Вагнер” тобу алган болушу мүмкүн деп болжолдойт. Анын пикиринде, Түндүк Корея Орусиядан азык-түлүк жардамын күтөт.

New York Times жана Associated Press анонимдүү булактарга таянуу менен Орусия Түндүк Кореяга снаряддар менен ракеталардын ордуна спутник жана суу астында жүрүүчү кемелер үчүн технологияларды жана жогорку технологиялуу курал системаларын сунушташы мүмкүн деп жазды. Тертицкий бул учурда Москва Пекиндин позициясын жетекчиликке алат деп эсептейт: “Эгерде Путин Кытай өзүнүн таасир зонасы деп эсептеген жерге Пекиндин уруксатын албай туруп кийлигише баштаса, буга Си Цзинпин катуу реакция кылат, ал эми Путинге азыр ал нерсенин такыр кереги жок. Мен (мындай жеткирүүлөр) чоң масштабда болобу, билбейм жана кытайлар эмне үчүн ага макулдугун бериши керектигин түшүнбөй турам”.

Тертицкий Россиянын КЭДР менен мамилесиндеги өз баасын толук ала элек үч факторго көңүл бурат, анын ою боюнча: “Биринчиси – сооданын дээрлик жоктугу. 2022-жылга карата эки өлкө ортосунда соода балансы катаал эмбарго кирген сыяктуу нөлгө барабар болгон. Экинчиси – Украинадагы согуш темасына КЭДРдин ичинде коомдук деңгээлде этибар кылбоо: “Түндүк Кореянын маалымат каражаттарында Пхеньян Путиндин бардык аракеттерин кантип колдойт деген темадагы билдирүүлөрдүн баары чет өлкөгө багытталган маалымат каражаттарында гана чагылдырылган. “Нодонг Синмун” деген башкы газетада (бул Советтик “Правда” сыяктуу гезитти түндүк кореялыктар өздөрү окушат) согуш тууралуу бир да кеп жок. ММКлар ички аудиторияга эч нерсе болбой жаткандай түр көрсөтүшүүдө”.

"Үчүнчү фактор - бул Россиянын КЭДР менен мамилесинде Кытайды ээрчип, өз алдынчалыгын дээрлик көрсөтпөй, Кытай Элдик Республикасын күлкүлүү деңгээлде көчүрүп алып жатканы", - деп белгилейт эксперт.

Тертицкийдин айтымында, Орусиянын Пхеньянга азык-түлүк жагынан жардам берип жатканы Кытай үчүн пайдалуу. “Түндүк кореялыктарды Кытай эмес, башка бирөө бакса, бул Кытай үчүн жакшы. Кытайлар Түндүк Кореяда абал такай туруктуу болушун каалашат – ал жерде кризистин тутанышынын кереги жок, анткени Манчжурияда качкындар көбөйөт, алардын Түндүк Корея менен чек арасы өтө узун эмеспи. Кошумчалай кетсек, эгерде Түндүк Кореянын режими куласа эки Корея биригип кетиши мүмкүн. Анда Кытайдын чек арасына америкалык базалар курулуп, АКШнын кубанычтуу жылмайган аскерлери ал жерде туруп калышы мүмкүн", - дейт Тертицкий.

Ал саммиттин жыйынтыгын мындайча көрөт: «Орусия үчүн артыкчылыктары — дипломатиялык салмактын жогорулашы: биз экономикалык таасирибиз дээрлик жок болгонуна карабастан өзүбүздү маанилүү деп көп көрсөтөбүз, өзүбүз тууралуу көп айтабыз. Ошондо баары башын ийкеп: "Ооба, Орусияны эске алуу керек, бул маанилүү оюнчу" дейт. Саммитке карата укмуштуудай кызыгуу жаралды, андыктан жетекчилерге Россиянын салмагы тууралуу көптөгөн тыянактар, аналитикалык билдирүүлөр жазылат. Минус жагы: Орусияда кээ бир адамдар жөн гана күлүп коюшу мүмкүн, анткени Түндүк Корея күлкүлүү диктатура катары таанымал.”

Июль айында Ким Чен Ын Шойгуга Түндүк Корея чыгарган акыркы үлгүдөгү куралдарды көрсөткөн.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Дагы бир эксперт КЭДРден Орусияга ок-дарылардын жеткирилишинен күмөн санайт. Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу тууралуу Сеулдагы Кунмин университетинин мугалими Андрей Ланков мындай дейт: “Бул чакан саясий спектакль, анын негизги аудиториясы Сеулда жана Вашингтондо. Мен эч кандай ок-дары жеткирүү болбойт жана бул сүйлөшүүлөрдүн баары Вашингтон менен Сеулга кысым көрсөтүү үчүн жүргүзүлүп жатат деп кесе айта алам."

Ланков Би-Би-Сиге: “Түндүк Кореянын ок-дары өндүрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жана алар өз курал кампаларынан көп санда каруу-жарак жөнөтө алышпайт. Мында суроо туулат: эгер Орусия Түндүк Кореяга аскердик технологияларды жеткире турган болсо, анда Орусия мындан эмне утат? Эч нерсе. Түндүк Корея бул технологиялардын акысын базар баасына ылайык төлөй албайт. Түндүк Корея, негизи, эч качан эч кимге эч нерсе төлөгөн эмес”.

“Бул технологияларды алган Түндүк Корея аларды үчүнчү өлкөлөргө кайра акчага сатып жибериши мүмкүн. Ал эми аймактагы абалдын жалпы начарлашы Орусиянын кызыкчылыгына туура келбейт десек болот”, - деп кошумчалады эксперт. Анын пикиринде, Москва Вашингтон менен Сеулга кысым көрсөтүү планын түзүп жатканда, Пхеньян менен сүйлөшүүлөр ошол пландын бир бөлүгү гана болуп калат. (DO)