Польша Россиянын пайдасына иштеген тыңчыларды кармады

Сүрөттүн булагы, abw.gov.pl
Польша Россиянын пайдасына тыңчылык кылды деген шек менен эки адамды кармады. Польшанын атайын кызматынын өкүлүнүн айтымында, кармалгандардын бири Россиянын, экинчиси Беларустун жараны. Аларды Польша-Беларус чек арасында аскерлердин жүрүштөрү жөнүндө маалымат чогултушкан деп айыпташууда. Эгер алар тыңчылык боюнча күнөөлүү деп табылса, он жылга түрмөгө кесилет.
Варшавадан Би-Би-Си кабарчысы Адам Истон билдиргендей, Россия Украинага басып киргенден берки эки айдын ичинде Польшада Кремлдин пайдасына тыңчылыкка шектелип камалган адамдар көбөйдү. Ушул айда эле Россия менен Беларустун кеминде беш жараны кармалды.
Мартта Польша Россиянын чалгын кызматына иштеп атат деген шек менен 45 орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жиберген.
Польша Евробиримдикте Украинанын таламын эң көп талашкан өлкөлөрдүн бири, Украинадан абдан көп сандагы качкындарды кабыл алды жана анын армиясына танктарды жиберди.
Дипломаттык статуска жамынган тыңчылар
Польша Россиянын дипломаттарын айыптап чыгарып атканда, өлкөнүн ички коопсуздук агенттиги (ABW) “Россиянын Польша республикасына жана анын союздаштарына саясатына байланыштуу, ошондой эле Россиянын Украинага каршы агрессиясын эске алып”, дипломатиялык статуска жамынган тыңчыларды чыгарып жатканын кабарлаган.
Агенттиктин маалыматы боюнча, орус дипломатиялык миссиясындагы адамдар “Польшанын жана анын эл аралык өнөктөштөрүнүн туруктуулугуна каршы Россиянын чалгындоо долбоорлоруна” катышып иштеп келишкен. Россиялык агенттердин ишмердиги “Польшанын кызыкчылыгы менен коопсуздугуна коркунуч туудурат”.
ABW дипломаттардын Россиянын атайын кызматы менен байланышы бар экенин 17-мартта тыңчылык боюнча кармалган Польшанын жаранынын ишин иликтөө учурунда билишкен. Ал Варшавада ЗАГСта иштеп, “Польшанын баш калаасынын архивдерине жолу ачык болгон”.
“Тинтүүлөр убагында толтура далилдер алынды, анын баары азыркы учурда иликтенип жатат”,-деп билдирген ошондо Польшанын атайын кызматы.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Польшанын орус дипломаттарын чыгарып жибергени “жоопсуз калбай турганын” билдирген эле.
Варшавадагы Россиянын элчилигинде жүздөй адам иштейт. Буга дипломаттардын үй-бүлөсү да кошо кирет. Польшада Россиянын элчилигинен тышкары Краковдо, Познанда жана Гданскиде башкы консулдуктары бар.
"Деградация жолу"
Өткөн жылы Россия Польшанын беш дипломатын кетирген. “Варшава биздин эки тараптуу мамилебизди бузуу жана деградация кылуу жолунда баратат”,-деп билдирген Россиянын Тышкы иштер министрлиги.
Өткөн жылы майда Ички коопсуздук агенттиги 43 жаштагы бир адамды Россиянын пайдасына тыңчылык кылды деп айып коюп кармаган. Польшанын бийликтеринин маалыматына караганда, ал Россиянын атайын кызматына армия, юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды жиберип турган.
Андан мурда Россиянын элчилигинин үч кызматкерин кетирген. Россия жооп кылып Польшанын беш дипломатын чыгарып жиберген.
Россиянын дипломатиялык миссиясынын кызматкерлерин ар кандай себептер менен кетирип жаткан учурлар АКШда, Болгарияда, Чехияда жана Словакияда да болду. (КС)












