Түндүк Корея лидеринин мураскер болуусу ыктымал болгон кызы тууралуу эмне белгилүү?

 Ким Чен Ын Пекинге кызы Ким Чжу Э менен келген

Сүрөттүн булагы, Xinhua

Сүрөттө көрүнүп тургандай, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пекинге кызы Ким Чжу Э менен келген. Анда Түндүк Корея лидеринин поездден түшүп жатканын жана анын "эң ыктымал мураскери" аталган кызынын жанында коштоп баратканын көрүүгө болот. Кыз атасынын артында туруп, расмий өкүлдөрдүн тосуп алуу аземине күбө болууда.

Кимдин зооттолгон поезди шейшемби күнү Кытай чек арасын кесип өткөн. Ал Пекинге шаршембиде өткөн "Жеңиш күнү" парадына катышуу үчүн келип, анда Кытай төрагасы Си Цзиньпин, Орусия президенти Владимир Путин жана башка дүйнө лидерлери менен жолугушту. Бул анын биринчи ирет көп тараптуу дипломатиялык жыйынга катышуусу болду.

Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы (NIS) буга чейин Кимдин кызын анын "эң ыктымал мураскери" деп атаган.

Ким Чжу Э тууралуу учурда эмне белгилүү жана келечекте ал чындап эле атасынын ордун баса алабы?

Ким Чжу Э алгачкы жолу эл алдына 2022-жылы чыккан. Бул сүрөт ал атасы менен 2023-жылдын февралында Корей эл армиясынын 75 жылдыгына арналган банкетке келгенде тартылган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чжу Э алгачкы жолу эл алдына 2022-жылы чыккан. Бул сүрөт ал атасы менен 2023-жылдын февралында Корей эл армиясынын 75 жылдыгына арналган банкетке келгенде тартылган

Ким Чен Ын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды жашырып келет. Маселен, анын жубайы Ли Соль Чжу коом алдына алгач ирет 2012-жылы гана чыккан.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, алар 2009-жылы баш кошуп, 2010-жылы балалуу болушкан. Алар баш кошкондон кийин бир нече жыл өткөн соң жарык дүйнөгө келген Ким Чжу Энин апасы дагы Ли Соль Чжу экени айтылып жүрөт.

Ким Чжу Э жөнүндө алгачкы маалыматтар 2013-жылы мурдагы америкалык баскетболчу Деннис Родмандын Түндүк Кореядагы чуулгандуу сапарынан кийин пайда болгон.

Ал деңиз жээгинде Кимдин үй-бүлөсү менен эс алып, алардын баласын көтөргөнүн айтып, анын аты Чжу Э экенин жарыялаган.

2024-жылдын январь айы, Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э ракеталык жабдууларды чыгаруучу заводду кыдырып жүрүшөт

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2024-жылдын январь айы. Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э ракеталык жабдууларды чыгаруучу заводду кыдырып жүрүшөт

"Атүгүл Түндүк Кореянын маалымат каражаттары анын ким экенин, аты-жөнүн, жашын ачык айтпастан болгону Ким Чен Ындын кызы экенин гана тастыкташат. Башка эч нерсе белгилүү эмес",- дейт Түштүк Кореянын Кукмин университетинин Түндүк Корея боюнча адиси Федор Тертицкий.

Анын баамында, Ким Чжу Э азыр 10–13 жашта болушу мүмкүн.

Өткөн жылы жабык брифингдин жүрүшүндө Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы (NIS) саясатчыларга Ким Чжу Энин мектепке барбаганын, Пхеньянда үйдөн билим аларын маалымдаган.

NIS ал ат мингенди, сууда сүзгөндү жана лыжа тебүүнү жакшы көрөөрүн дагы айткан.

Кийинчерээк брифингдин катышуучуларынын бири журналисттерге Ким Чен Ын кызынын ат минүү чеберчилигине өзгөчө ыраазы экенин кошумчалаган.

NIS анын эл алдына көрүнбөгөн улуу агасы жана кичүү дагы бир бир тууганы бар экенин билдирген.

Январь, 2024-жыл. Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен Пхеньяндын жанындагы Кванчон канаттуулар фабрикасында

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Январь, 2024-жыл. Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен Пхеньяндын жанындагы Кванчон канаттуулар фабрикасында

Алгачкы ирет эл алдына чыгуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ким Чжу Э 2022-жылдын ноябрында атасы менен кошо ракетанын сыноосуна катышып, алгачкы жолу эл алдында чыккан. Ошондон кийин ал бир нече ирет аскердик да, жарандык да иш-чараларда атасын коштоп жүргөн.

Жакында эле Пхеньяндагы "1-май" стадионунда жаңы жылды белгилөө маалында атасы экөө бири-бирин беттен өпкөн.

2023-жылы декабрда алар өлкөнүн эң өнүккөн алыс аралыкка учуучу ракетасы болгон "Хвасон-18" континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурууга катышты.

Ошол эле жылдын ноябрында "Маллигён-1" чалгындоо спутнигин космоско учурганда да атасынын жанында болду. Пхеньян бул спутник Ким Чен Ынга Ак үйдү көрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп жарыялаган.

2023-жылдын февраль айында "Эркин Азия" радиосу Түндүк Кореянын өкмөтү Ким Чжу Э аттуу жарандардын аттарын өзгөртүүгө буйрук бергенин, бул башкаруучу үй-бүлө үчүн стандарттуу практика экенин билдирген.

Байкоочулар ошондой эле азыр Ким Чжу Эни мурдагыдай "сүйүктүү" деп эмес, "урматтуу" кыз деп айта башташканын белгилеген. "Урматтуу" деген сөз Түндүк Кореяда эң жогору даражадагы адамдарга гана айтылат.

Маселен, Ким Чен Ын болочок лидер статусун алгандан кийин гана аны "урматтуу жолдош" деп айта башташкан.

2023-жылдын май айы. Ким Чен Ын жана Ким Чжу Э Түндүк Кореянын аскердик чалгындоо спутниктери боюнча программасын талкуулоо учурунда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ким Чен Ындын мураскериби?

Түндүк Корея өтө эле жабык өлкө болгондуктан, Ким Чжу Энин атасын коштоп жүргөнү сырттан караган адамга түшүнүксүз болуусу мүмкүн.

Өлкөдө жарандарга Кимдердин үй-бүлөсү ыйык династиядан чыккан деп түшүндүрүлүп, мамлекетти башкаруу укугу аларга гана берилген деп айтылып келет.

Айрым талдоочулар Ким Чен Ындын кызды бала кезинен эл алдына чыгарып жатканын анын келечекте мыйзамдуу мураскер катары кабыл алынышына жол ачуу аракети катары баалашууда.

Бирок бул жакын арада боло турчу иш эмес. Ким Чен Ындын ден соолугу начарлап кетти деген маалыматтар маал-маалы менен чыгып жатканы менен, ал эч кандай тастыкталган эмес.

Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э Пхеньяндагы Ким Ир Сен аянтында өткөн Корей эл армиясынын 75 жылдыгына арналган аскердик парадда

Сүрөттүн булагы, KCNA/EPA-EFE/REX/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э Пхеньяндагы Ким Ир Сен аянтында өткөн Корей эл армиясынын 75 жылдыгына арналган аскердик парадда

Же болбосо Ким Чен Ын кызы менен эл алдына чыгуу аркылуу өзүн камкор үй-бүлө башчысы катары көрсөткүсү келип жаткан болушу мүмкүн. Бул өзгөчө терең патриархалдык коом үчүн маанилүү.

"Мурдагы лидерлер Ким Ир Сен менен Ким Чен Ирдин тушунда да аларды "улут атасы" катары көрсөткөн пропагандалар көп болчу. Ошондуктан Ким Чжу Эни атасынын жанында көрсөтүү да ушул символизмдин бир бөлүгү деп ойлойм", — дейт Оксфорд университетинин Саясат таануу бөлүмүнүн окутуучусу, Корей жарым аралы боюнча эксперт Эдвард Хауэлл.

1948-жылы Түндүк Корея түзүлгөндөн бери өлкөнү Кимдердин тукумунан чыккан эркектер башкарып келген. Эгер Ким Чжу Э бир күнү атасынын ордун басса, анда бул мамлекетти жетектеген биринчи аял болуп калат.

"Бирок Кимдердин тукумунан чыккан адамдын бийликке келиши Түндүк Корея үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан, ал аял болсо да, Кимдердин үй-бүлөсүнө таандык эмес бирөөдөн көрө артык деп эсептелет", — деп белгилейт Хауэлл.

Январь, 2024-жыл. Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен Пхеньяндын жанындагы Кванчон канаттуулар фабрикасында

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Январь, 2024-жыл. Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен Пхеньяндын жанындагы Кванчон канаттуулар фабрикасында

Хауэллдин пикиринде, Ким Чен Ындын мураскери катары каралуучу дагы бир талапкер бар — анын карындашы Ким Ё Чжон. Анын ысымы алгачкы жолу 2014-жылдын март айында мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу ачыкталган. Учурда Түндүк Кореянын Эмгек партиясында жогорку кызматты аркалап келет.

"Ал Ким Чжу Эден бир кыйла улуу жана Түндүк Кореянын саясий чөйрөсүндө алда канча чоң тажрыйбага ээ",- дейт Хауэлл.

"Ошондуктан мураскер кызы болобу же карындашы болобу, эң башкысы — алардын фамилиясы Ким болгонунда",- деп кошумчалады ал.

Түштүк Кореянын улуттук чалгындоо кызматы (NIS) да "ар кандай мүмкүн болгон сценарийлерди" караштырып жатканын, анткени "көптөгөн белгисиз жагдайлар бар" экенин маалымдаган.

2023-жылдын март айы. Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э белгисиз жайда өткөрүлгөн ракеталык машыгууга көз салып жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2023-жылдын март айы. Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э белгисиз жайда өткөрүлгөн ракеталык машыгууга көз салып жатат

Федор Тертицкийдин пикиринде, Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни эл алдына чыгарып, аны "мүмкүн болчу мураскер" катары көрсөтүү менен коомдун жана саясий элитанын реакциясын байкап жатат. Айтымында, Түндүк Кореяда адатта мураскер расмий бекитилгенден кийин гана мындай кадам жасалып келген.

Ал азырынча Ким Чен Ындын мураскери тууралуу сөз кылууга эрте экенин белгилейт.

"Эгер ал атасы сыяктуу эле 70ке чамалап дүйнөдөн кайтса, анда бул 2054-жылга туура келет. Ошол убакка чейин Түндүк Корея азыркы түзүлүшүндө сакталып калат деп ойлосок да, коом азыркыдай болбой өзгөрүп кетиши ыктымал", — дейт ал.

"Мындан тышкары, жалпы гендердик теңчиликти таануу менен өлкөнү аял кишинин башкаруусуна макул болуу эки башка нерсе экенин да эске алуу керек", — деп кошумчалайт Тертицкий.