Трамп Зеленскийден тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча кат алганын жарыялады

Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстин эки палатасына жасаган кайрылуусунда Украинанын президенти Володимир Зеленскийден тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр экенидигин билдирген кат алгандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, Орусия тараптан дагы тынчтыкка даяр экендиги тууралуу белги алган.

"Бүгүн мен Украинанын президенти Володимир Зеленскийден маанилүү кат алдым. Катта Украина туруктуу дүйнөнү орнотуу үчүн тез арада тынчтык сүйлөшүүлөрүнө келүүгө даяр, биздей эч ким тынчтыкты эңсебейт деп жазылган",- деди Трамп.

Анын айткандарына караганда, Зеленский пайдалуу кен байлыктарды казып алуу боюнча макулдашууга "ылайыктуу учурда ар дайым даяр" деп билдирген.

Трамп кат үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Биз ошол эле учурда Орусия менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын дагы тынчтыкка даяр экендиги тууралуу өтө ынанымдуу белгилерди алдык",- деп кошумчалады президент.

Володимир Зеленский Трамп менен Овалдык кабинеттеги кайым айтышуусу боюнча комментарий берип жатып, сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген эле. Ал ошондой эле мурда дагы кен байлыктар боюнча келишимге кол коюуга даяр экендигин айткан.

"Мен Украинадагы кандуу согушту бүтүрүү үчүн бел чечпей иштеп жатам. Миллиондогон украиналык жана орусиялык жөн жерден эле өлүп же жарадар болуп, ушул ырайымсыз, аягы көрүнбөгөн конфликттин азабын тартышты. АКШ Украинанын коргонуусун колдоого алуу үчүн миллиарддаган долларды сарптады",- деди Дональд Трамп.

"Силер мунун дагы беш жылга созулушун каалайсыңарбы?",- деп суроо салды Трамп. Ал муну менен эле тим болбой АКШ Украина үчүн Европадан кыйла көп каржы жумшады деген сөзүн дагы бир жолу кайталады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Тилекке каршы Европа Украинаны коргоого караганда Орусиянын мунайы менен газын сатып алууга көп каражат жумшады. Бул жөнүндө дагы ойлонгула",- деди Трамп.

АКШ президенти Украина тууралуу сөзүн баштаганда залдагы бир топ демократ ордун таштап чыгып кетти.

Трамп Украинага берилчү аскердик жардамдын токтогону тууралуу ооз ачкан жок.

Бул Дональд Трамптын Ак үйгө кайрылып келгенден кийинки Конгресстеги биринчи кайрылуусу. Бул салтка айланган иш-чара. Анда президент ишин баштаган бир нече апта боюнча алгачкы жыйынтыктары тууралуу айтып берет. Трамп кызматына расмий киришкенине 44 күн же болбосо алты аптадан ашты.

Трамп 2017-жылы алгачкы ирет Конгрессте туура бир саат сүйлөгөн эле, бул ирет 1 саат 40 мүнөт сүйлөдү. Бул президенттердин Конгресстеги кайрылууларынын тарыхындагы эң узак сөзү болуп калды.

Ал сөзүн баштаардан мурда "Америка кайрылып келди" деди.

Анын сөзүнө караганда, учурдагы администрация башка бир дагы администрация жылдап кыла албаган ишти саналуу эле аптада аткарып салууга үлгүрдү.

"Америкалык кыялды токтотууга болбойт жана биздин өлкөбүз дүйнө эч качан көрбөгөн жана мүмкүн эч качан көрбөй турган укмуштун кыл четинде турат", - деп билдирди Трамп.

Демократиялык партиянын өкүлдөрү Трампка карата протест кылып, ышкыра башташты. Андан улам Өкүлдөр палатасынын төрагасы Майк Жонсон баарын тартипке чакырып, эгерде кимдир бирөө баяндамага тоскоол боло турган болсо, залдан чыгарылат деп коркутту.

Демократиялык партиядан Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон Эл Грин ордуна отуруудан баш тартканда, Жонсон "бул мырзаны залдан чыгарып салгыла" деп талап кылды. Андан соң Трамп сөзүн улады.

АКШ Конгресси

Сүрөттүн булагы, Reuters

Анын сөзүн республикачыл тарапташтары бир нече жолу ордуларынан тура калып, шатырата кол чаап кубаттады, ошол эле учурда демократтар ордунан козголгон жок.

Трамптын кайрылуусунун көп бөлүгү ички саясатка, ички маселелерге арналды. Ал негизинен бизнесмен Илон Маскка ыраазычылыгын билдирип, ал жетектеген департаменттин (өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун көзөмөлдөө - DOGE) жетишкендиктерин узакка чейин санап берди.

Илон Маск

Сүрөттүн булагы, Reuters

Эл аралык башка темалар тууралуу сөз кылып жатып, Трамп кайрадан Панама каналы тууралуу кеп козгоду. Ал мурда Панама каналын Американын көзөмөлүнө алуу тууралуу убада кылган эле.

"Менин администрациям Панама каналын кайтарып алат жана биз ал боюнча иштерди жүргүзө баштадык",- деп билдирди Трамп.

Ал жакында эле гонконгдук компания менен америкалык консорциумдун ортосунда түзүлгөн келишимди эске салды. Анда америкалыктар Панама портуна жакын жайгашкан эң маанилүү эки портту көзөмөлгө ала турган болду.

Трамп ошондой эле гренландиялыктарга кайрылып, эгерде алар АКШнын курамына кирүү тууралуу чечим кабыл алыша турган болсо, ал андайды кош колдоп кубаттай турганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Гренландия АКШнын эл аралык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл.

"Ушундай же болбосо биз буга башкача жетишебиз",- деп кыйытты Трамп.

Бул арктикалык аймакты алуу боюнча Трамп өз каалоосун президент болуп келгенге чейин эле билдирген жайы бар. Гренландиянын бийлиги жакында эле Трамптын бул сөзүн сындап, аймак сатылбай тургандыгын билдирген.