Трампты кайтарууга "темир иттер" кошулду

Күзөт кызматына алынган "темир ит"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШнын жашыруун кызматынын курал-жарагынын катарына Boston Dynamics компаниясы чыгарган робот-иттер биринчи жолу кошулду.

Андай "иттердин" бири Флоридадагы Палм-бич шаарчасында жаңы шайланган президент Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясынын аймагын күзөтүп жүргөн маалында байкалды.

Төрт аяктуу күзөтчүнүн каймана аты Спот. Анын аты оюндан алынган. Англис тилиндеги "spot" зат атооч катары "чекит", "так" дегенди түшүндүрсө, этиш катары "тап", "изине түш" дегенди туюндурат.

Бул "иттин" жүрө турган жолдорун алдын ала мерчемдеп, толугу менен автоматтыштырып койсо да болот же аралыктан туруп башкарса да болот.

Мындай ар бир роботко "сылаганга болбойт" деген эскертмени жазып коюшкан.

"Ал сылап жибергидей деле сүйкүмдүү көрүнбөйт. Мындай итти кимдин сылап жибергиси келеээрин билбейм",- дейт Калифорниядагы Менло жеке менчик коллежинин саясат таануучусу Мелисса Мичелсон.

Споттун курорттун айланасын күзөтүп жүргөнү тартылган видео TikTok тармагында желдей тарап, ар кандай реакцияны жаратты. Айрымдары "сонун экен го", "укмуш" десе, дагы бирлери "шумдугуң кургур" деп жатат.

Америкада кечкисин чыга турган комедиялык шоулардын баарында бул видео тамашанын темасына айланды, бирок анын миссиясы күлдүрө турган иш эмес.

"Биздин эң негизги приоритет шайланган президенттин коопсуздугун камсыздоо",- деп айтылат АКШнын коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Энтони Гульельм Би-Би-Сиге жиберген билдирүүдө.

Соңку бир нече айда АКШдагы шайлоого чейинки үгүт кампаниясы маалында Трампка эки жолу ачык эле кол салуу аракети болду.

Биринчи ирет июль айында Пенсилваниядагы шайлоочулар менен жолугушуу маалында болсо, экинчи жолу сентябрь айында Мар-а-Лагодогу гольф аянтында болду.

Би-Би-Синин механикалык итти Трампты кайтарууга пайдалануу, анын ичинде мындай ит жеке менчик резиденциянын аймагында качан пайда болду деген так суроосуна Жашыруун кызмат "оперативдүү коопсуздукка кам көрүү" деген жүйөө менен жооп берүүдөн баш тартты.

Boston Dynamics компаниясы дагы Жашыруун кызмат Спотту пайдаланып жатканын гана ырастап, бирок так суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Үгүт учурунда атылган ок Трамптын кулагын шылып өткөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Робот-иттерди дал ушул учурда алууга жашыруун кызматты эмне мажбурлады?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Учурда Talon Companies тобунун коопсуздук маселелери жана тобокелдиктерди башкаруу тармагын жетектеп жаткан, мурун жашыруун кызматтын ушул бөлүмүндө кызмат өтөп кеткен Рон Уильямстын пикири боюнча, Трампка кол салуудан кийин агенттик шашылыш түрдө "технологияларын жаңылап жана тең салмактай баштады".

Мар-а-Лагодогу резиденцияда аймактын көп бөлүгү ачык асман алдында эле тургандыктан төрт буттуу күзөтчүлөргө болгон зарылдык эбак эле бышып жетилген маселе болчу деп эсептейт Уильямс.

"Алар кишилерге караганда көп аймакты кайтара алышат",- деп түшүндүрдү ал. Ошондой эле мындай иштерге иттерди пайдалануу барган сайын көбөйө берери талашсыз деген ишеничин да айтты.

Бир эле жашыруун кызматта эмес. Уильямстын сөзүнө караганда, Boston Dynamics чыгарган механикалык иттерди бүт дүйнөдө аскерий тармакта жана укук коргоо органдарында кеңири колдонушат.

Компаниянын жарнамалык материалдарында көрсөтүлгөндөй, жазында Спот иттеринин бирин Пенсильваниядагы сапер кызматы алып, күмөндүү баштыктарды текшерип, аларда жарылуучу заттардын бар-жогун аныктоого пайдаланган.

Өткөн жылы кээ бир шаардыктардын "полиция өз ыйгарым укуктарын утопиялык деңгээлге чейин жеткирип алды" деген даттанууларына карабай, Нью-Йорктун полиция департаментинин штаттык иш тартибинде механикалык иттер пайда болгон.

Kyiv Post басылмасы Boston Dynamics чыгарган иттер Украинадагы согушта дагы пайдаланылат, алар чалгындоо иштеринде Украинанын куралдуу күчтөрүнө жардам берет деп билдирди.

Төрт аяктуу чалгынчы

Спот өзүнүн шамдагайлыгы жана ээн-эркин бурула алгандыгы менен белгилүү. Робот ит тепкичтерден чыгып-түшүп, абдан кууш жерлерге батат жана жада калса бекилбеген эшиктерден бери ачып жибере алат.

Ал кымбаттыгына карабай (бир даанасы 75 миң доллардын айланасында), олуттуу коркунучтарды алдын ала аныктай алгандыгы менен атайын кызматтарды кызыктырып келет.

"Байкоо жүргүзүү технологиялары мене жабдылып жана көптөгөн алдыңкы сенсорлор менен камсыздалган. Муну баары бизге коргонуу операцияларын жүргүзүүгө жардам берет",- деп билдирди жашыруун кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гульеми.

Boston Dynamics компаниясы өз сайтында Спот тегерек-белиндеги ландшафтты талдап чыгып, "мээсинде" ошол жердин үч өлчөмдүү картасын түзө ала турган бир нече камера менен жабдылганын жазган.