Трампка кол салуудан кийин АКШнын жашыруун кызматы сынга кабылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америкада азыркы жана мурдагы президенттердин коопсуздугу өлкөнүн Жашыруун кызматынын жоопкерчилигинде. Бирок өткөн ишембиде Дональд Трампка болгон кол салуу бул кызматтын өз милдеттерин так аткара албай калганын көрсөттү.
Америкалык саясатчылар да, коомчулук да Томас Крукс аттуу кол салууга шектелген адам чатырга чыгып, сахнада турган Дональд Трампка карай төрт жолу ок чыгаргыча коопсуздук кызматкерлери эмнени карап отурган деген сурого жооп издеп жатышат.
АКШнын тарыхында төрт президент киши колдуу болгон.
Мындан 43 жыл мурун АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейганга кол салуу болуп, өпкөсүнөн жаракат алган. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан.
Жекшемби күнкү окуядан кийин Жашыруун кызмат Америка коомчулугунда сынга кабылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анткени кол салуу тишине чейин куралданган коопсуздук кызматкерлери Трампты кайтарып жүргөн учурда болду.
Төрт айдан кийин боло турган президенттик шайлоодогу негизги талапкерди коргоодо Жашыруун кызмат олуттуу катага кантип жол бергени иликтенүүдө.
Федералдык тергөө агенттиги (ФБР), Жашыруун кызмат жана Улуттук коопсуздук органы кол салууну жана кызматкерлердин аракетин тергемей болушту.
Жашыруун кызматтын башчысы Кимберли Шейтел 22-июлда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында билдирүү жасоо үчүн чакыртылды.
The Philadelphia Inquirer гезитинин жазганына караганда, митингге келгендердин баары курал-жарагы жок экени текшериле турган металл детектордон өткөрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күбөлөр эмне дешти?

Өзүн Грег деп тааныштырган окуянын күбөсү Би-Би-Сиге маалымат берип, кол салган адам ок чыгарганга чейин чатырда сойлоп баратканын көргөнүн, бул тууралуу коопсуздук кызматкерлерине кабар бергенин билдирди.
Грег башка дагы көптөгөн адамдар полицияга бул тууралуу эскертишкенин, бирок алар эч кандай чара көрбөгөнүн айтууда.
Күбөлөр полиция менен жашыруун кызматтын агенттери кырдаалды начар көзөмөлдөшкөн жана чатырга көз жүгүртүшкөн эмес дешет.
Кол салган адам коопсуздук кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бирок кылмышкердин огунан бир адам каза болуп, дагы эки киши оор жарадар болду. Трампт кулагынан жеңил жаракат алды. Полиция азырынча окуя боюнча так маалымат берүү эрте экенин айтууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адистердин пикири
Бирмингем университетинин профессору Дэвид Данн алгачкы ок атылгандан кийин Трамп отура калып, аман калды деп эсептейт. Профессор Би-Би-Си радиосуна сүйлөп жатып, "бул жагынан Жашыруун кызмат Трампты чукул кырдаалга жакшы даярдаган деп айтууга болот" деди.
Трампты машинага Жашыруун кызматтын агенттери коштоп барышты. Ага чейин Трамп эл алдында муштуму түйүлгөн колдорун жогору карай бир нече жолу көтөргөнгө үлгүрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жашыруун кызматтын мурдагы агенти Чарльз Марино кол салууга байланыштуу көптөгөн суроолорго жооп берилиши керек дегенге кошулат.
Ал Би-Би-Сиге Жашыруун кызматтын агенттери митингдин айланасына тыкыр көз салып турууга жооптуу экенин айтты.
Америкалык NBC телеканалы маек курган талдоочулар чоң митингдер коопсуздук кызматкерлеринин жумушун кыйындатарын четке кагышкан жок.
“Ар дайым бир суроо бар: митингдин жака белин тыкыр көзөмөлдөп, ар бир кыймылга көз салып турууга болобу? Бул негизги көйгөй", – деди жашыруун кызматтын мурдагы агенти Айви Поомпурам.
BBC Verify талдоосуна ылайык, кол салган Томас Мэттью Крукс Трампка 130 метрдей жакын келген.

ФБР иликтейт
Эми бул кырсыкты иликтөөнүн негизги жоопкерчилиги Американын федералдык тергөө агенттиги - ФБРге жүктөлдү. Мекеме окуяны адам өлтүрүү аракети катары тергеп жатат. ФБРдин расмий өкүлү "Жашыруун кызмат кол салган адамды ок атканга чейин токтото албаганына таң калдым" деп билдирди.
Коопсуздукту сактоо эрежелери бузулган жокпу деген суроого ал: "Тергөө аяктаганга чейин эч кандай жыйынтык чыгаргым келбейт" деди.
Ошол эле учурда Американын ички коопсуздук агенттиги - Улуттук коопсуздук органы АКШдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин коопсуздугу баарынан маанилүү экенин эскертти.
Бул кол салуу мурдагы президенттин коопсуздук чараларына кандай таасир тийгизери азырынча белгисиз. Бирок Трамптын шайлоо өнөктүгү менен байланышы бар кеңешчи экс-президент көбүрөөк коопсуздукка муктаж экенин айтты.
Жашыруун кызматтын тарыхы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттер киши колдуу болгондон кийин макамы өзгөргөн жашыруун кызматтын тарыхына токтололу.
Жашыруун кызмат 1865-жылы АКШнын Казына департаментинин алдында жасалма акча жасагандар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Америкада 1860-жылдары рынокко жасалма акчаларды киргизүү аракеттери көп болгон.
Жашыруун кызматтын түзүлүшүнө президент Авраам Линкольндин салымы чоң болгон. Кулчулукту жоюудагы ролу менен тарыхта калган Линкольн өлтүрүлгөн учурда президенттерди коргой турган атайын коопсуздук кызмат болгон эмес. Андан мурун 1881-жылы Жеймс Гарфилд да киши колдуу болгон.
1901-жылы АКШ тарыхында үчүнчү президент Уильям Мак-Кинли өлтүрүлгөндөн кийин Конгресс Жашыруун кызматтын агенттерине президенттерди коргоо милдетин жүктөгөн. Алгачкы жылдары президентти эки гана агент кайтарган.
Убакыттын өтүшү менен вице-президенттерге, жогорку кызмат адамдарынын үй-бүлөлөрүнө жана мурдагы президенттерге да жан сакчы берилип, коопсуздук кызматкерлеринин саны да арткан.
Жашыруун кызматтын агенттери адегенде ат арабадан турган президенттин кортеждерин коштоп жүрүшкөн. 1930-жылдардан баштап президенттер автоунаалар менен жүрө башташкан. Кийин аларды ташып жүрүүгө чопкутталган машиналар берилген.
1963-жылы Техас штатында президент Жон Кеннеди өлтүрүлгөндө ал брондолбогон, үстү ачык унаада бараткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жашыруун кызматтын тарыхындагы «эң жаман күн» деп сыпатталган бул кол салуудан кийин агенттер атайын даярдыктан өтө башташкан жана кызмат элиталык өзгөчөлүккө ээ болгон.
1981-жылы президент Рональд Рейганга кол салуу болгондон 43 жыл өткөндөн кийин биринчи жолу жашыруун кызматтын агенттери Трампты октон коргоп калышты.
2024-жылга карата Жашыруун кызмат мурунку президенттердин 16 жашка чейинки балдарын кошкондо 34 адамдын коопсуздугун камсыз кылат. Ушул учурда жашыруун кызматта сегиз миңге жакын адам эмгектенет. (SA)












