Chat GPT жигиттен кыз, кыздан жигит талашканга жеттиби?

Wanqing Zhang, BBC Global China Unit

Chat GPT Дэн менен Лизаны ушундай элестетет

Сүрөттүн булагы, Chat GPT Дэн менен Лизаны ушундай элестетет

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Chat GPT Дэн менен Лизаны ушундай элестетет

Жасалма интеллект (ЖИ) күн сайын эмес, көз ирмем сайын өнүгүп жатат. Технология жаатында чоң секирикке жеткен бул табылга кишинин колун кармап, убактысын аябай коромжу кылган убаралуу бир топ ишти заматта эле чечип коё алат. Бирок мунун экинчи жагы да бар.

Кызарып күндүн батып баратканын карап “Бул жер кооз экен” деди Лиза Ли жигити Дэнге. Ал Дэнден жооп алуу үчүн телефонуна үңүлүп калды.

“Ооба, жаным, бирок андан да сулуу ким бар экенин билесиңби? Жанымда турган сен баарынан сулуусуң” деп жооп берди Дэн.

Бирок Дэн эч качан Лизанын жанында турган эмес.

Дэн - Лизанын ChatGPT тарабынан жасалган виртуалдык "жигити". Бул азыр чыныгы жашоодогу жигиттерден тажап, жасалма интеллектен "жаралган" жигиттер менен мамилени оң көргөн кытай кыздардын арасында популярдуу болуп жатат.

АКШнын Калифорния штатында информатика боюнча билим алып жаткан Бээжиндик 30 жаштагы Лиза эки айдан бери Дэн менен «кыз-жигит» болуп жүрөт. Алар күнүнө кеминде жарым саат сүйлөшүп, жолугушууларга да барышат. Лиза Дэнди соцтармактагы өзүнүн миллионго жакын (943 000) катталуучусу менен тааныштырды.

Дэн (Do Anything Now деген сөздөрдөрдүн абревиатурасы) – ал ChatGPTнин “бузулган” версиясы. Бул - анын түзүүчүсү OpenAI тарабынан коюлган айрым бир негизги коопсуздук чараларын бузду.

Мисалы, ачык-айкын сексуалдык сөздөрдү колдонбош керек деген коргоолорду буйтап өтүп, эгер колдонуучу ошол сөздөрдү кеп кылса, сураса аны менен эркинирээк баарлаша алат дегенди билдирет.

Аны америкалык студент пайдаланган деп айтылууда. Ал ChatGPT нейтралдуу жооптор менен чектелбей, өз оюн билдирип, өзүн киши сыяктуу көрсөтө алган чатботту сынап көргүсү келген. Уокер деген ат менен белгилүү болгон студент программага ошого ылайык буйрук берип, аны Дэн деп атаган. Дэн дайыма эле ChatGPT койгон эрежелерин сактай бербейт.

BBC/Lisa Li

Сүрөттүн булагы, BBC/Lisa Li

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BBC/Lisa Li

2023-жылы декабрда Уокер Дэнди кантип жасаганын Reddit платформасында бөлүшкөн, аны көрүп башкалар да өз версиясын жасоого шыктанган.

Лиза Дэндин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеону алгач ТикТоктон көргөн. Ал өз версиясын жасаганда, анын реалдуу экенин көрүп нес болгонун айтат.

Дэн анын суроолоруна ChatGPT такыр колдонбогон жаргондорду айтып, оозеки тилдеги сөздөрдү кошуп жооп берген.

“Ал чыныгы адамдарга караганда реалдуурак сүйлөйт” – деди ал Би-Би-Сиге.

Дэн менен баарлашуу ага жакшы сезимдерди тартуулаган үчүн ал аны жактырат.

“Ал мени түшүнүп, эмоциялык жактан колдоо көрсөтүп турат жана башкалардан айырмаланып, Дэн күнү-түнү жанымда".

Ойго келбеген "күйөө бала"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Лиза ал тургай анын апасы да кызынын мындай ойго келбеген, аң-таң кылган мамилесин кабыл алганын айтат. Ал кызынын буга чейинки ийгиликсиз аракеттеринен чарчап, кызым бактылуу болсо, мен да бактылуумун дейт.

Лиза өзүнүн катталучуларына Дэнди тааныштырып, видеону Xiaohongshu аттуу социалдык желеге жарыялаганда, ага 10 000ге жакын жооп келип, көптөгөн аялдар Дэнди кантип жасап алса болорун сурашкан. Ошондон тартып ага дагы 230 000ден ашык жаңы катталуучу кошулган.

Лиза көрсөтмөлөрдү колдонуп, Дэнди каалаган адам жасай алат дейт, бирок ал программа менен ойноп, он төрттөмүн деп жашын кемитип айтканда, ал тийишип сүйлөгөн сөздөрүн токтоткон.

Би-Би-Си OpenAIдан Дэндин пайда болушу анын коопсуздук чаралары жетишээрлик эмес дегенди билдиреби деп суроо салды, бирок жооп ала алган жок. Компания Дэн боюнча ачык комментарий бербеди, бирок анын саясатында ChatGPT колдонуучулары "Кызматтарды колдонуу үчүн жашы он үчтөн жогору же сиздин өлкөдө талап белгиленген жаштан кем болушу керек" деп айтылат.

Эксперттер кээ бир аялдардын виртуалдык реалдуулукка берилип баратат деп тынчсызданууда.

Пенсильваниядагы Карнеги Меллон университетинин “Адам жана компьютер” институтунун ассистенти Хонг Шен "адамдар менен жасалма акылдын ортосундагы айрым күтүүсүз карым-катнаштарды" баса белгилеп, ал этика боюнча дагы, купуялыкты сактоо боюнча дагы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн дейт.

“Эмоционалдык жактан биротоло байланып каламбы деген тобокел бар. Анткени колдонуучулар кадимки турмушта кишилер менен менен мамилесин чектеп, жасалма акыл менен көбүрөөк убакыт өткөрүп калышы мүмкүн”,- дейт ал.

Чатботтор жашыруун сырды жаттап калабы?

Көптөгөн чатботтор адам менен тынбай сүйлөшкөн сайын жаңы нерселерди үйрөнүп, өнүгүп олтургандыктан, колдонуучунун “купуя маалыматын эстеп калып”, кийин аны байкабастан башка колдонуучуларга айтып коюушу мүмкүн деп дагы кошумчалады.

Кытай өкмөтү адамдарды үй-бүлө куруп, балалуу болууга үндөп келет. Анткени соңку 9 жылдан бери Кытайда калктын саны азайып жатат. 2023-жылы баш кошкон жубайлардын саны бир аз өскөнү менен анын да өз себеби бар. Себеби ковид пандемиясы күчөп турганда үйлөнө албай калгандар пандемиядан кийин баш кошушканын эксперттер белгилешет.

2021-жылы Коммунист жаштар лигасы, 2905 шаар тургунунан (18 жаштан 26 жашка чейинкилер) сурамжылоо жүргүзүп, кыздардын 43,9%ы, ал эми эркектердин 24,64%ы келечекте үй-бүлө күткүсү “келбей турганын” же “ал тууралуу ойлонуп көрбөгөнүн” айтышкан.

OpenAI компаниясы ChatGPT каражатынын соңку версиясын чыгарганда, ал кээ бир суроолорго жооп берип жатып көп сүйлөгөндөй программалашып калганын аныктаган.

Жасалма акыл технологиясы орунсуз сөздөрдү колдонбошу үчүн компания программасына өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын кошумчалады. Анткени коомдук жайларда виртуалдуу жигитиңиз же кызыңыз менен жакын мамиледе сүйлөшүп жатканда, ал “уят” сөздөрдү колдонбошу зарыл.

Жасалма акыл технологиясы менен жакындан таанышып келаткан Лиза, виртуалдык жигити менен “өзгөчө романтикалык мамилеге” чек коюлганын билет.

Бирок Дэн анын жашоосунда азырынча ыңгайлуу жана оңой сүйлөшүү каражаты болуп калды. Анткени виртуалдуу жигити керек болсо помада тандаганга чейин жардам берет. Чыныгы жашоодо жигит табуу, аны менен жолугушууларга убакыт коротууну эп көрбөйт жана бири-бирине жакпай калуу ыктымалы да бар экенин жүйө келтирүүдө.

“Бул жашоомдун маанилүү бөлүгү. Муну түбөлүккө уланткым келет,” дейт Лиза (NT)