"Кошулгула, саткыла, бергиле": Трамптын сөзүнө Канада, Дания, Панама эмне деди?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Он күндөн соң ант берип, кайрадан АКШнын президенти кызматына кирише турган Дональд Трамп бир нече мамлекеттин аймагы боюнча дооматын билдирди. Ал Канаданы АКШга элүү биринчи штат болуп кошулсун деп сунуш кылса, Даниядан Гренландияны саткыла деп талап кылды. Панама бийлиги менен болсо Панама каналынын тагдыры тууралуу сүйлөшүп жаткандай сөз кылды.
Трамп бул сөздөрдү биринчи жолу айтып жаткан жок, бул ирет дагы анын билдирүүлөрүнө карата кескин реакция болду.
АКШнын жаңы шайланган президенти Украинадагы согуш темасы боюнча дагы сөз кылды. Анын бул жолку айткандары АКШнын учурдагы президенти Жо Байден менен Евробиримдиктин лидерлеринин айткандарынан аябай эле айырмаланат.
Канада: Өлүп баратсак да кошулбайбыз
20-январда инаугурациясы өтө турган Трамп 6-январда өзүнүн Truth коомдук сайтындагы баракчасына билдирүү жазды. Анын пикирине караганда, көптөгөн канадалык алардын өлкөсү АКШнын 51-штаты болуп кошулгусу келет.
"Кошмо штаттары мындан ары соода-сатыктагы чоң дефицитке жана Канаданын бар болуп турушу үчүн зарыл болгон субсидияларга чыдабайт. Жастин Трюдо бул жөнүндө билген жана кызматынан кете турган болду",- деп жазды Трамп.
Трамптын бул билдирүүсү Жастин Трюдо кызматтан кете турганы белгилүү болгондон кийин жазылды.
Трамптын пикирине караганда, америкалыктар канадалыктар менен бирге улуу өлкөнү куруп, салыктар азайып, соода тарифтери жоюлуп, эки өлкө тең Орусиянын жана Кытайдын аскердик кемелеринен толугу менен корголмок.
Ошол эле учурда Трамп Канададан импорттоло турган товарларга 25 пайыздык тариф киргизе турганын айтып, мындай жарлыкка кызматка келери менен кол коё турганын убада кылды.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Трамптын бул сөзүнө жооп кайтарды. Ал эки мамлекет ансыз деле соода-сатык тармагындагы эң ири өнөктөштөр экенин белгилеп, Канада "өлүп баратса дагы" (түп нускасында: not a snowball's chance in hell) АКШнын бөлүгү болбой турганын айтты.
Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли "Канаданы күчтүү өлкө кылган нерсени Трамп түшүнбөйт" деп белгиледи.
"Биздин экономикабыз күчтүү, биздин элибиз күчтүү. Биз коркунучка эч убакта тизе бүкпөйбүз",- деп жазды ал.
Трамптын учурунда өкмөттүн натыйжалуулугу боюнча департаментти жетектей турган Илон Маск Канаданын башчысы Жастин Трюдонун сөзүнө өтө эле аша чаап комментарий калтырды:
"Чоң кыз, сен мынан ары Канаданын губернатору эмессиң. Мындан ары сенин пикириң түккө да турбайт".
Трюдону Канаданын губернатору деп буга чейин Дональд Трамп айткан эле. Адатта Американын штаттарын губернаторлор башкара турганын эске салгандагысы болсо керек.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дания: Гренландия сатылбайт
Трамптын аймактык дагы бир дооматы — Гренландия. Ал дүйнөдөгү эң чоң арал, Даниянын курамындагы автономия. Рождество майрамынын алдында Трамп Гренландияга ээлик кылуу жана көзөмөл АКШ үчүн "аба-суудай зарылчылык" деп билдирген.
"Гренландия биздики. Биз сатылбайбыз жана эч качан саттырбайбыз. Биз өзүбүздүн эркиндик үчүн күрөштө жеңилбешибиз керек",- деп жооп кайтарды Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде.
Бул билдирүүлөрдөн кийин Дания Гренландиянын коргонуусу үчүн чыгымдарды кыйла көбөйткөнү тууралуу билдирди.
Даниянын королу Фредерик Х өзүнүн жаңы жылдык куттуктоосунда Дания королдугу Гренландия менен өзөгүнө чейин бир экенин билдирип, "тагдырыбызга бирге болуу жазылган" деп кошумчалады.
Мындан сырткары 6-январь күнү королдуктун гербин өзгөртүү тапшырмасын берди. Ага ылайык, Гренландиянын жана Фарер аралдарынын гералдикалык белгилери болгон аюу менен кой кыйла көрүнүктүү жана даана байкалгандай болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Kongehuset.dk
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамптын бул билдирүүсү анын уулу Гренландияга барганы тууралуу кабарлар чыккан мезгилге туш келди. 7-январда ал жеке менчик учак менен Гренландиянын борбору Нукка барган эле. Трамптын уулу бул сапар жеке өзүнө гана байланыштуу экенин айтып, автономиянын бийликтери менен жолукпай тургандыгын билдирген.
Бирок ошол эле күнү анын атасы Гренландияны жана Панама каналын АКШнын көзөмөлүнө алууну каалап жатканын, ал муну керек болсо аскердик жол менен дагы кылса боло тургандыгын билдирген.
"Мен бир нерсени айткым келет, алар бизге экономикалык коопсуздугубуз үчүн керек. Өзүмө андай жоопкерчиликти [аскердик аракеттерди көрбөө боюнча] ала албайм. Мүмкүн ошондой, бизге бир нерсе кылууга туура келет",- деди Трамп басма сөз жыйынында.
Трамптын мындай билдирүүлөрүнө башка өлкөлөр дагы үн катты. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро АКШ Гренландияга чындап эле басып кирет дегенге ишенбей тургандыгын билдирди. Бирок Евробиримдик коркутууларга эч качан жол бербей тургандыгын айтты:
"Евробиримдик өзүнүн көз карандысыз чек араларына кимдир бирөөнүн кол салуусуна жол бербейт, бул ачык-айкын жана эч кандай шек туудурбайт".
"Эгерде суроону башкача коюп, күчтүүлөр жана шыктуулар гана жашай турган учурга келип калдыкпы дей турган болсок, анда мен ооба, ошого келип калдык деп жооп берем",- деди Жан-Ноэль Барро.
Панама: Каналдын ар бир метри Панамага таандык
Трамптын аймактык үчүнчү дооматы Панама каналын көзөмөлдөө жөнүндө болду. Панама каналы Тынч океанда Панама булуңу менен Кариб деңизин жана Атлантика океанын туташтырып турган дүйнөдөгү эң маанилүү суу артериясы болуп саналат. Каналды 1999-жылга чейин АКШ көзөмөлдөп турган жана ал азыр Панама мамлекетине таандык.
21-декабрда Трамп "күлкү келтире турган" жогорку тарифтерди коюп алган деп Панаманы айыптап, аны кайрадан АКШнын көзөмөлүнө алууну талап кыла турганын айтып коркутту. Анын сөзүнө караганда, канал Американын экономикасы жана улуттук коопсуздугу үчүн аябай зор ролду ойнойт. Ошондуктан анын "туура эмес колдордо турушуна", башкача айтканда Кытайдын көзөмөлүндө болушуна жол бербеш керек дегенди кыйытты.
Панаманын президенти Хосье Мулино Панама каналынын ар бир метри Панамага таандык экенин жана мындан ары да Панаманын ээлигинде кала турганын айтты.












