Трамп көздөгөн минералдар. Украинада кандай кен байлык бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинада сейрек кездешүүчү жана маанилүү минералдардын ири кендери орун алган, бирок алардын көпчүлүгү азыркы тапта орус аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарда жайгашкан. Дональд Трамп буга чейин АКШ Украинага көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кылууну көздөп жатканын билдирген.
"500 миллиард долларга тете сейрек кең байлыктарды каалай турганымды айттым. Негизинен алар (Украина бийлиги) макул болушту. Бизге бир нерсе алышка туура келерин аларга айттым", – деген эле Дональд Трамп Fox News телеканалына 10-февральда берген интервьюсунда.
Ал учурда Украинанын президенти Володомир Зеленский бул сыяктуу сүйлөшүүлөр "өлкөнүн кызыкчылыктарына" дал келбей турганын, бирок Киев Вашингтон менен стратегиялык өнөктөштүктү каалаарын билдирген.
Андан бери кеп болуп келе жаткан бул жааттагы келишимге кол коюу боюнча уюштурулган иш-чара башка өңүткө өтүп кетип, бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Зеленскийдин Ак үйдө Дональд Трамп, вице-президент Жэй Ди Венске жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктаган.
Эмнеге Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар жана металлдар АКШнын көңүл борборунда туруп калды? Трамп баштаган АКШ бийлиги аларга эмне үчүн мынчалык көз артып жатат?
Сейрек кездешүүчү металлдар деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Сейрек кездешүүчү металлдар" – заманбап технологияларды өндүрүүдө жана өнөр жайда кеңири колдонулган окшош 17 химиялык элементтин жалпы термини.
Бул төмөнкү элементтер:
Sc – скандий, Y – иттрий, La – лантан, Це – церий, Pr – празеодим, Nd – неодим, Pm – прометий, Sm – самарий, Eu – европий, Gd – гадолиний, Tb – тербий, Dy – диспрозий, Ho – гольмий, Er – эрбий, Tm – туллий, Yb – иттербий, Lu – лютеций.
Бул минералдар "сейрек" деп аталат, анткени аларды таза түрүндө казып алуу кыйын. Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү металлдар көбүнчө торий жана уран сыяктуу радиоактивдүү элементтер менен бирге кездешет, аларды бөлүп алуу үчүн бир топ уулуу химикаттар талап кылынат. Дал ушул процесстен улам тоо-кен казуу ишмердүүлүгүн түйшүктүү жана кымбат ишке айландырат.
Украинада канча маанилүү минералдардын кендери орун алган?
Украинада Европа Биримдиги (ЕБ) "критикалык чийки зат" деп аныктаган 30 элементтин 21и бар. Бул дүйнөлүк запастын болжол менен 5% түзөт.
Бул элементтердин кендери кездешкен көптөгөн аймак Украинанын кристаллдык массивинин түштүгүндө, негизинен Азов деңизинин астында жайгашкан. Бул аймактардын көбү учурда Орусия тарабынан басып алынган. Ал эми залакасы тийбеген Украинанын Орто Буг аймагында, ошондой эле Киев, Винница жана Житомир облустарында келечеги бар кендери жайгашкан.

Эксперттердин айтымында, Украинанын аймагында жүздөгөн перспективдүү геологиялык объектилер аныкталганы менен, алардын айрымдарын гана иштетүү экономикалык жактан жөндүү деп эсептелинет.
"Бул эсептөөлөр болгону болжолдуу айтылган. Аныкталган кендердин экономикалык жактан пайдалуу запастар экенин далилдөө үчүн дагы көп иштерди жасоо керек", — дейт Benchmark Mineral Intelligence компаниясынын батарея үчүн чийки заттарды иштетүү бөлүмүнүн башчысы Адам Вебб.
Ал эми Украинанын башка пайдалуу кен байлыктары жөнүндө сөз кылсак, "Forbes Украина" маалыматы боюнча, алардын 70% га жакыны Донецк, Днепропетровск жана Луганск облустарында жайгашкан. Ошентип, алардын көпчүлүгү орус армиясы басып алган аймактарда калып жатат.

Сейрек кездешүүчү элементтерден тышкары, Украинада литий сыяктуу критикалык минералдардын кендери жайгашкан. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө литийдин запасы болжол менен 450 миң тоннаны түзөт.
Украинада литий казып алуу азырынча жүргүзүлө элек, бирок аны баштоо пландары бар.
Учурда Орусия кеминде эки литий кенине ээлик кылып турган кези: Донецк облусундагы Шевченко жана Бердян районундагы "Крутая Балка" комплекстүү рудалык кени.
Ал эми Украинанын көзөмөлүндө Кировоград облусундагы литий рудасынын кендери калууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамп эмнеге Украинанын минералдарына көз артып атат?

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШнын Украинадагы сейрек кездешүүчү металлдарга жана минералдарга көз артуусу көбүнчө Кытай менен болгон атаандаштыктан келип чыгууда.
Бул жаатта Кытай акыркы жылдары лидерге айланды. Азыркы күндө дүйнөлүк өндүрүштүн 60-70% жана кайра иштетүү багытынын дээрлик 90% камсыздап келүүдө.
Бул багытта АКШнын Кытайга көз карандылыгы Трамптын администрациясын улуттук коопсуздук жана экономикалык маселер жаатында тынчсыздандырышы мүмкүн. Анткени, АКШда сейрек кездешүүчү металлдар жана минералдар эң татаал өнөр жайында колдонулат – электромобиль өндүрүшүнөн баштап аскердик техникага чейин.
Трамптын кайчылаш билдирүүлөрү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп АКШда мунай жана газ өндүрүшүн кеңейтүү тапшырмасын берип, кайра жаралуучу энергия булактарынан баш тартты. Бирок ошол эле учурда экологиялык таза энергия өнүктүрүүгө керектелген маанилүү минералдарга ээлик кылууну көздөөдө. Мындай көрүнүш парадокс жаратууда дейт Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын корреспонденти Навин Сингх Хадка.
Аталган кен байлыктар электроника, аскердик жана навигациялык жабдууларында, ошондой эле жасалма интеллект боюнча илим-изилдөө борборлорунда "курулуш материал" катары колдонулат.
Буга чейин Трамп өлкөдө жасалма интеллект инфраструктурасынын масштабдуу кеңейгенин жар салган. Ал үчүн маанилүү минералдардын – негизинен жездин, кремнийдин, палладийдин жана сейрек кездешүүчү элементтердин ири запасы талап кылынат.
Ал учурда өтө маанилүү делген минералдардын камсыздоосу кыскарып, дүйнө жүзүндө таза энергияны өнүктүрүү басаңдашынын негизги себептеринин бири болуп калды.
Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) маалыматы боюнча, Кытай өкмөту ондогон жылдар бою технологияларды жана кайра иштетүү тажрыйбасын өркүндөткөн. Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча табигый графит менен диспрозийдин камсыз кылуусун 100%, кобальттын – 70%, ал эми иштетилген литий менен марганецтин дээрлик 60% көзөмөлдөйт.
Пекин ошондой эле Африка, Азия жана Түштүк Америкада ири кендерге ээлик кылуу менен дүйнө жүзү боюнча маанилүү делген металл иштетүүлөрүн катуу көзөмөлдөп келет.
"Кытайдын бул жааттагы кеңейип бараткан таасирине каршы туруу үчүн, АКШ өзүнө керектүү жана стратегиялык жактан маанилүү минералдар менен камсыз кылуу жолдорун түзүш керек", — деп Жо Байдендин тушунда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде айтылган эле.
Трамптын администрациясы минералдар жана башка кен байлыктар менен камсыздоо жолдорун Украина менен Гренландия аймактарынан карап жаткансыйт. (КВ)












