Украина-Орусия согушу: Киев согушту мындан ары уланта алабы?

графика

Анастасия Зануда, BBC News Украина

Орусиянын Украинага басып киргенине үч жыл болду. Согушта кайсы бир армия сөзсүз түрдө жеңип чыгат, бирок бул түздөн-түз экономикага көз каранды. Ушул жагынан алып караганда мындан ары Украина жалгыз өзү орустар менен согушту уланта алабы?

Президент Зеленский жакында эле Украина согуштун "жөн эле бүтүп калышын эмес, адилеттүү" бүтүшүн каалай турганын баса белгиледи. Бирок негизги өнөктөшү болгон АКШ жардамды токтотуп, келечекте колдоону азайтууну кыйытып жаткан учурда ансыз деле согуштан улам кыйраган экономика менен жашап жаткан Украинанын дагы бир жыл согушууга күчү жетеби?

Украинанын азыркы финансылык абалы

Украина Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу чоң болгону менен калкынын саны, аймагы жана экономикасы жагынан Орусиядан бир топ эле кичине. Согушка чейин орус экономикасы украин экономикасынан 10 эсе чоң деп эсептелген.

Согуш өлкөгө оор финансылык сокку урду, ал тургай советтер союзу кулагандан кийинки жылдарга салыштырганда да абал начар.

2022-жылдын февраль айынан бери өкмөт мамлекеттик кирешенин көбүн коргонууга жумшады. Ошол эле учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү сыяктуу маанилүү тармактарга каражат табуу кыйынчылык жаратууда, бюджет куржунунун тешик түбү бүтөлбөй турат.

Согуш башталган алгачкы айларда Киев тартыштыкты мамлекеттик облигацияларды сатуу жана акча басып чыгаруу менен жабууга аракет кылды. 2022-жылдын аягында украин экономикасы үчтөн бирге кыскарып, инфляция 25 пайыздан ашты.

Абалды турукташтыруу үчүн Украина эл аралык өнөктөштөрүнүн жардам сурады. Алгач жардамдын бардык түрү боюнча Америка Киевдин негизги донору жана көмөкчүсү болду. Бул өлкө аскердик, гуманитардык жана экономикалык туруктуулукту кармап турууга каржылык жардам көрсөттү.

Кийинчерээк мындай демилгени Евробиримдик колго алды. Президент Зеленский 14-февралда Мюнхен коопсуздук конференциясына бара жатканда бул тууралуу журналисттерге мындай деп айтты:

"Бүгүн согушка кеткен чыгымдын 80 пайызын Украина менен Европа жаап жатат, ал эми 20% Америка кошмо штаттарына туура келет".

таблица

Украинага берилген каржылык колдоо

  • 2022-2024-жылдары Украина чет өлкөдөн 115 миллиард доллардан ашык каражат алды, негизинен насыялар, гранттар жана карызды жоюу боюнча милдеттенмелер.
  • Евробиримдиктен 44,8 миллиард доллар, АКШдан 31,2 миллиард доллар жана Эл аралык валюта фондунан 12,4 миллиард доллар алынды.
  • АКШ 2024-жылы убада кылган 60,7 миллиард доллар аскердик жардам пакетинин 7,9 миллиард доллары Украинанын экономикасын колдоо үчүн бөлүнгөн.
  • Ошондой эле дүйнөнүн эң ири жети экономикасынын тобуна кирген өлкөлөр (G7) тоңдурулган орус активдеринен түшкөн киреше менен төлөнүүгө тийиш болгон 50 миллиард долларга жакын каражатты насыя түрүндө берүүгө (ERA) 2024-жылы жоопкерчилик алган.
  • Украина 2025-жылы союздаштарынан 38,4 миллиард доллар алууну күтүп жатат (анын 22 миллиард доллары ERA'га туура келет).

Жардам кандай таасир этип жатат?

Расмий эсептөөлөр боюнча, чет элдик жардамдын арты менен 2022-жылдагы төмөндөөдөн кийин Украинанын экономикасы 2023-жылы 5,3%, 2024-жылы 3,6% өскөн.

Украинанын өнөктөштөрү берген жардамдын арты менен өлкө өзүнүн валюта резервдерин толтуруп, улуттук валютаны туруктуу кармап келүүдө, ошондой эле мындай көмөк бюджеттин тартыштыгын жабууга мүмкүндүк берди.

Социалдык-экономикалык изилдөөлөр борборунун (CASE Ukraine) жетекчиси Дмитро Боярчуктун айтымында, согушту улантуу үчүн Украинага жылына 40 миллиард доллардай каражат керек.

"Жардам токтосо, анын арты кайгылуу болот", - дейт ал.

Фронттон алыс жайгашкан шаарларда кадимки жашоо уланып жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фронттон алыс жайгашкан шаарларда кадимки жашоо уланып жатат

Украинанын ички фронту

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын согуш мезгилиндеги экономикасы үчүн жалгыз көйгөй акча эмес, азыр энергия менен жумушчу күчү да жетишсиз болууда.

Украина согушка чейин өндүрүп келген электр энергия кубаттуулугунун жарымынан көбүн Орусия жок кылды же басып алды.

Өлкөнүн Энергетика министрлигинин айтымында, 2022-жылдын октябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин энергетикалык инфраструктура Орусиянын миңден ашуун чабуулуна кабылды.

Энергияга болгон суроо-талапты негизинен атомдук электр станциялар жаап келчү, соңку учурда мындай стратегиялык жайларга да чабуул болду. Ал эми жогору тартыштык болгондо, ал электр энергиясын импорттоо жолу менен, шамал жана күн блоктору аркылуу, ошондой эле мобилдик газ турбиналары менен жабылат.

Мунун баары жашоо-тиричиликке, наркка таасир берди, ишканалардын жана бүтүндөй тармактын чыгашаларын жогорулатты.

Украин экономикасы үчүн дагы бир чоң көйгөй – жумушчу күчүнүн тартыштыгы, ал үчтөн бирге кыскарды деп айтылып жатат. Согушта көз жумгандар менен жоготуулар, миграция жана мобилизация буга себеп.

Президент Володимир Зеленскийдин айтымында, учурда армияда 880 миңге жакын киши согушуп жатат.

Орусия Украинага басып киргенден кийин өлкө калкынын төрттөн бири үйүн таштап кетүүгө мажбур болду. БУУнун маалыматы боюнча, жети миллионго жакын украиналык качкын азыр чет өлкөдө жашайт (алардын 6,3 миллиону Европада) жана 4,6 миллиондой киши өлкө ичинде жер которгон.

Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң чоң станция деп саналат. Ал Украинанын электр энергиясынын олуттуу бөлүгүн камсыздап турган, бирок согуштун алгачкы айларынан бери Орусиянын көзөмөлүндө турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң чоң станция деп саналат. Ал Украинанын электр энергиясынын олуттуу бөлүгүн камсыздап турган, бирок согуштун алгачкы айларынан бери Орусиянын көзөмөлүндө турат

Украин экономикасы дагы канча "жашай алат"?

Украинага глобалдык жардамды башкарган Эл аралык валюта фонду (IMF) жакында өз баяндамасын жарыялап, "өлкөнүн экономикасы татаал шарттарга карабастан туруктуу бойдон калууда" деп билдирди.

Экономика иштери боюнча эксперт Дмитро Боярчуктун айтымында, согушта бардык ресурс чечүүчү мааниге ээ, ал эми экономикалык туруктуулук негизги фактор болуп саналат.

Украинанын Улуттук банкынын башчысы Андрий Пышный билдиргендей, эгерде бул өлкө согушта жеңилип кала турган болсо, дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу, качкындардын жаңы толкуну сыяктуу глобалдык маселе жаралат. Андан тышкары көптөгөн өлкө аскердик чыгымдарга көбүрөөк артыкчылык берип калышы мүмкүн.

Украина тышкы жардамга көз каранды болсо да, согуш мезгилинде экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылууда.

Алыскы өлкөлөргө азык-түлүк экспортун жеткирүүгө шарт түзгөн Кара деңиз дан келишиминен Орусия баш тартканда, Украина жана анын өнөктөштөрү Орусиянын чабуулунан сактануу үчүн Кара деңизде жаңы жол ачты.

Бул айыл чарба товарларынын экспортун согушка чейинки деңгээлге жеткирүүгө гана эмес, башка товарларды да экспорттоого Украинага мүмкүндүк берди.

2024-жылы экспорт 15 пайызга өсүп, 41,6 миллиард доллардан ашык киреше алып келди - бул ушул эле жылдагы эл аралык жардамдын суммасына барабар.

Украинанын 2025-жылга карата планы

Украинанын Финансы министрлиги 2024-жылы согушка дээрлик 52 миллиард доллар сарптаганын айтууда. Ошондо күн сайын 142 миллион долларга жакын чыгым болуп турган.

2025-жылы өкмөт коргонуу жана коопсуздукка дагы 49 миллиард доллар бөлдү, бул өлкөнүн ИДПсынын төрттөн бирине барабар.

Министрликтин айтымында, пландаштырылган аскердик эмес чыгымдар негизинен эл аралык жардамдын эсебинен жабылат, ошондой эле ички киреше булактарынын салымы да бар.

Украинанын Улуттук банкынын башчысы Андрий Пышный убада кылынган эл аралык жардам убагында келет деп үмүт кылат. Бирок АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп бул келишимдерди өзгөртүп салбайбы деген кооптонуу да бар.

"Мурдагы президент Байдендин администрациясы убада кылынган жардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн чараларды көргөнү менен, багыт 180 градуска өзгөрүп кетиши толук мүмкүн", - дейт экономист Дмитро Боярчук.