Трамп Украинага бериле турган жардамды токтоттубу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө жетекчилиги "тынчтыкка умтулаарын" көрсөткөнгө чейин деген жүйөө менен Украинага аскердик жардам жөнөтүүнү токтотуу боюнча тапшырма берди. Бул Трамп менен Украинанын президенти Володимир Зеленский Ак үйдөгү Овалдык кабинетте кайым айтышкандан көп күн өтпөй эле чыккан чечим болду.
"Президент тынчтыкты көздөй турганын так түшүндүрдү. Бизге биздин өнөктөшүбүз дагы ушундай максатты жактаганы маанилүү. Биз көйгөйдү чечүүгө жол ачаарына ынануу үчүн өзүбүз тараптан берилген жардамдарды токтотобуз жана жардамдарыбызды кайрадан карап чыгабыз",- деди Ак үйдүн расмий өкүлү. Бул тууралуу америкалык жана дүйнөлүк маалымат каражаттары расмий өкүлдүн айткандарын цитатата кылып жазып жатат.
Трамп өзү бул чечим боюнча азырынча комментарий бере элек жана Ак үйдүн расмий маалыматы дагы келип түшө элек.
Дональд Трамп 3-март күнү Украинага берилчү жардамдарды токтотууга камынып жатасызбы деген суроого жооп берип жатып, "Мындан аркысы кандай болорун көрө жатабыз" деген.
Bloomberg басылмасы менен Fox News кабарлагандай, жардам берүүнү токтотуу Трамп Украинанын жетекчилиги тынчтыкка умтулаарына толук ынанганга чейин уланат.
"АКШ Украинанын жетекчилиги тынчтыкка умтулаарын чын ыкыластарынан көрсөтүп, ага Трамп толугу менен ынанганга чейин Украинага аскердик жардамдар толугу менен токтотулат",- деп Ак үйдүн өкүлү айтканын Bloomberg басылмасы цитата катары жарыялады.
"Бул жардамдарды толугу менен токтотуп салуу эмес, бул тыныгуу",- деди Fox News. Маалымат каражаты администрациянын өкүлүнө шилтеме берип билдирди.
Bloomberg алган маалыматка караганда, бул чечим Украинага жете элек жана Польшада транзитти күтүп турган жалпы аскердик жабдууларга, курал-жаракка дагы тишелүү.
Чечимди аткаруу жана көзөмөлдөө милдети Пентагондун башчысы Пит Хегсетке тапшырылганы кабарланууда.
3-марттын кечинде Wall Street Journal басылмасы америкалык азыркы жана мурунку чиновниктерге шилтеме берип, Трамптын администрациясы Украинаны курал-жарак менен жабдууну каржылоону токтотуп жана американын запасында турган жардамдарды "тоңдурууну" карап жатканын билдирген. Бул Украинанын орусиялык күчтөргө каршы туруусуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Мунун фонунда Ак үй тарабынан соңку аптада чет элдик жаңы жардамдарды жеткирүүнү каржылоо дээрлик токтогонун басылма жазды. Ошол эле учурда Украинаны курал-жарак менен камсыздоочу башкы каналдын биринин жабылышы Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышуусу болгон учурга туш келип олтурат.

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинага бериле турган көмөктү тышкы жардамдарга тыюу салган тизмеге кошпоо тууралуу буйруука кол койгон, бирок Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу кызматкерлеринин бири Питер Марокко Киевге жардамдарды жеткирүүнү чечүү боюнча Пентагагонго жолдой турган тиешелүү катты жиберген эмес, деп билдирди Wall Street Journal басылмасы.
Америкалык аткаминерлердин сөзүнө караганда, жаңы жеткирүүлөр токтой турган болсо азыркыдай темп менен алганда Украинанын Орусия менен согушка деген курал-жарагы жылдын жарымына чейин гана жетет. Бул Трамп Ак үйгө кайрылып келээр алдында Жо Байдендин администрациясы Киевге курал-жарак жеткирүүнү кескин көбөйткөнүнүн натыйжасы болуп саналат деп белгиледи Wall Street Journal.











