Бишкек: карылар үйүндөгү нааразылык, улгайган кишилерге ким кол көтөрдү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкектеги карылар үйүнүн айрым кызматкерлери директорун кызматтан алуу талабы менен Башкы прокуратурга кайрылган. Алар карыяларга кол көтөрүп, дааратканага камап жазалаганын айтышкан.
Карылар үйүндө баш калкалап жаткандардын айрымдары жаңы директор келгени социалдык мекемеде мамиле начарлап, тамак-ашы жакшы болбой калганына даттанууда. Бирок аталган жайдын жетекчилиги Би-Би-Сиге мунун баары курулай доомат деп билдирди.
Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан “карылар үйү” деп таанылган интернатта баш аягы 200 чамалуу пенсионер баш калкалайт. Биз алардын айрымдары менен сүйлөштүк. Жеке коопсуздугунан улам аты-жөнү, жаш курагы айтылбайт.
Бөлүп мамиле кылат
“Бул интернатта азыр атмосфера абдан жаман. Жетекчилик бизди “өзүмө караштуулар анан бөтөндөр” деп өгөйлөйт. “Өзүнүкү эместерге” кысым көрсөтөт, мисалы, дүкөнгө же дарыканага чыгып келсең сөзсүз текшерип, баштыктарды аңтарып, анан киргизет. Ал эми өздөрү кетип баратканда, мүшөктөр, коробкалар менен ташынып кетип жатканын көрөсүң. Адамдар бири-биринин артынан аңдыйт, ким кимге айтып коёт экен деп турушат. Андыктан бизде абал өтө оор”, - деди карыялардын бири.
Анын айтымында, жетекчилик “өзүмдүкү” деген карылар менен кызматкерлерди өз кызыкчылыгына колдонот экен. Аларды башкалардын артынан аңдууга коюшу мүмкүн. Ушул сыяктуу бир топ маселеси бар экенин даттанды.
“Төрүнөн көрү жакын болуп турган улгайган кишилерге жакшы мамиле болбой жатат”,- деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин интернаттын айрым кызматкерлери директордун үстүнөн Башкы прокуратурага даттанган. Алар инвалид карыларга директор кол көтөрүп, муздак дааратканага камап жазалаганын айтышкан. Өздөрүнө карата мазактаган мамиле жасалаарын жазышкан. Мисалы, айрым кызматкерлерди директору сөгүп сүйлөйт экен.
“Бул мекемени караган орган эмнеге көңүлкош болуп жатканы бизге түшүнүксүз. Мындай мекемени башкарууга кеминде беш жылдык тажрыйбасы болушу керек деген талап бар экен. Бул киши болсо эч жерде жетекчилик кызматта турбаптыр. Кыскасы, бул жерде мыйзамга каршы иш-аракеттерди каалагандай жасап жатат”, - деди Би-Би-Си менен маектешкен карыя.
Эски жаңы директорлор соттошууда
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Интернаттын жетекчиси менен мурдакы директору соттошууда. Мурдакы жетекчи Эркингүл Абдылдаева карылар үйүн дээрлик тогуз жыл башкаргандан кийин 2019-жылы октябрда кызматтан алынган. Ага бирөөнүн арызы себеп болгон. Ордуна ошол жылы орун басар болуп келген Адилет Козубаев коюлган.
“Кызматтан негизсиз алындым” деген Абдылдаеванын доосун соттун эки инстанциясы канааттандырды. Экөө тең кызматына кайра коюлсун деген чечим чыгарган. Соттун чечими күчүнө кирчү мөөнөтү келгенине карабай, карантин, экинчи тараптын “жогорку инстанцияга кайрылабыз” дегени шылтоо болуп, эч өзгөрүү болбой турган экен.
“Бишкек шаардык соттун өкүмү 9-мартта чыккан. Соттун чечимин аткаруу кагазы 24-мартта колубузга тийген. Чечимди аткарууга он күн мөөнөт берет экен. Бирок карантин болуп калды. Мени келет экен дегенден бери Социалдык өнүктүрүү министрлиги дайындаган азыркы директор кайра мага каршы ушактарды чогултуп, кир ыкмалар менен күрөшүп жатат”, - деди Э.Абдылдаева.
Абылдаеванын айтымында, карылар үйүндөгү кол көтөрүү боюнча арыз-даттануулар милицияга жиберилген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Интернаттын жетекчилиги жалаа жабылып жатат дейт
Директор Адилет Козубаев 2020-жылдын январында кызматына киришкен. Интернатта саналуу адам гана ага каршы чыгып жатканын айтып, “биз ага моюн бербей иштей беребиз” деди.
“Жамааттын ичинен бир-эки киши гана ошентип даттанышкан. Нааразычылыгы жеке мааниде. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин комиссиясы, прокуратура келип текшергенде тиешелүү документтерди бергенбиз. Мыйзам чегинде жооп бергенге даярбыз”, - деген директор интернатта жашагандарга кол көтөргөнүн мойнуна алган жок.
“Баарыбыздын 80-90 жаштагы атабыз, энебиз бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ура турган мен эмесмин. Видео байкоолор бар. Ошол адамдардын атынан сүйлөп жаткандарга да далилдеп бергенбиз, комиссия келип көргөн, биз андайга барбайбыз. Карылардын батасын алып эле иштеп жатабыз. Булардын баары жалган жалаа”, - деди Козубаев Би-Би-Сиге маегинде.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги териштирүү жүрүп жатканын, карантин бүтсө, журналисттер менен көзмө көз жолугуп, кенен материал берүүгө даяр экенин билдирди.
Азиза Марат кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы












