Кыргыз - кытай алакасы: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер кабарчысы
Бүгүн Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышып, сөз сүйлөдү. Саммиттин алкагында ШКУга төрагалык кылуу милдетти Кыргызстанга жүктөлдү. Күн мурун Кытайга иш сапар менен барган Жапаров, Тяньцзинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Эки өлкө ортосунда ондон ашык документке кол коюлду. Соңку жылдары дүйнөгө эшигин кененирээк ачып, экономикалык күчүн бекемдеп жаткан Кытай, Кыргызстан менен байланышын да жигердүү кеңейте баштады. Адистер мунун артыкчылыктары менен катар тобокелчиликтери да бар экенин белгилейт.
Бээжиндин эсеби боюнча, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2024-жылы 15% жогорулап, 22,7 млрд долларга жеткен. Бирок Кыргызстандын экспорттогу үлүшү 12% гана түзөт. Калганы Кытайдан келген импорттук товарлар.
Шинжаңдык кыргыз, ишкер Зымырат (аты өзгөртүлдү) Кытай унааларын Кыргызстанга жеткирүү менен алектенет. Социалдык баракчасына көз жүгүртсөк, соңку жылдардан бери бизнестин бул түрүн жакшы жолго коюп алганы байкалат. Зымырат Би-Би-Синин Кыргыз кызматына кыскача маек куруп, Кыргызстанга товар алып кирүү жеңилдигин, бирок кыргыз өнүмдөрүн Кытайга ташуу оор экенин белгилейт:
"Кытайдын чек арасы өтө бекем. Алардын товарларын чет өлкөгө оңой чыгарууга болот, бирок киргизүү абдан машактатуу. Бир товарды киргизүү үчүн өтө көп акча, убакыт жумшаганга туура келет. Документтерди тууралап, уруксат алуу абдан кыйын. Болбосо кыргызстандык ишкерлердин баары эле товарларын Кытайга алып барып саткылары келсе керек".

Кытайда 12 жылдан бери ишкерлик кылган Максат Муктаров Кыргызстан бул ири державага товар экспорттоону кааласа, сертификаттоо, таңгактоо ишине өзгөчө көңүл буруп, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө аракеттениши керектигин, реэкспортко көңүл буруу зарылдыгын белгилейт.
"Кыргызстандык ишкерлер Кытай товарларын өзүбүзгө ташып эле тим болбой, ал товарларды КМШ өлкөлөрүнө, дүйнө жүзүнө сатууга ыңгайлашуусу керек. Бизде мүмкүнчүлүк бар. Мен өзүм да кыргыз катары кытай товарларын Европа өлкөлөрүнө сатып иштейм. Ошондуктан тил үйрөнүү маанилүү. Биз ортомчулук вазыйпаны жакшы аткара алабыз", – дейт ишкер Максат Муктаров.
Кытай болсо маалыматтык кампаниясын колго алуу менен дагы экономикалык өсүшүн камсыздоого бет алды. Быйыл жазында кыргызстандык журналисттерден, болгерлерден турган топ бул өлкөнү кыдырып келишти.
"Сонку беш жылда жалпы дүйнөгө таасирин тийгизген көптөгөн окуялар болуп кетти. Кытайдын негизги дүң рыногу АКШ эле, Кошмо Штаттар болсо тариф киргизип жатат. Кытай бир эле өлкөнүн көзүн карап калбай, Америкага байланбай, башка өлкөлөрдүн рыногуна чыкканга да аракет кылууда. Жөнөкөй тил менен айтсак, Кытай да өзүнө СММ жалдады. Бул өлкө мурда жарнамага сараң эле. Азыр Американын стилине салып, товарларын катуу жарнамалай баштады. Ага кошумча көп өлкөлөргө виза режимин жоюп жатат. Бир катар өлкөлөрдөн Кытайга болгерлер келип, алардын товарларын дүйнөгө таанытып жатат", – дейт Мирбек Муктаров.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
31-августта кол коюлган документтердин айрымдарына көңүл бурсак, Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясы Кытайдын Медиакорпорациясы жана "Синьхуа" агенттиги менен жаңылык, маданий жана гуманитардык жактан тажырыйба алмашып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө макул болушту.
"Синьхуа" менен келишим түзүлгөн экен. Бул Кытайдагы эң чоң мамлекеттик таасирдүү маалымат агенттиги. Бул келишимдин негизинде өз ара тажырыйба алмашуулар болот деп ойлойм. Себеби дүйнөдө маалыматтык жана соода- экономикалык согуш өкүм сүрүп жатат. Бизде Орусия маалыматтык ишин жүргүзөт. АКШнын дагы, Европа өлкөлөрүнүн дагы кызыкчылыктары бар. Ошондуктан Кытай да Борбор Азия өлкөлөрүндө өз позициясын, маалыматын жайылтып, ордун тапкысы келип жатат", – дейт Кытайда көп жыл иштеп келген профессор Венера Сайпидин.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун баамында, Кытай дүйнөдөгү эң ири экономиканын бири катары алдыга озуп баратат. Кыргызстан мындан өз үлүшүн алса болорун, бул үчүн кытайлыктардын бизнес маданиятын үйрөнүү зарыл болуп турганын айтат:
"Дүйнөлүк масштабдан алсак Кытай дале экинчи орунда. Бирок көптөгөн жараяндарды карасак, беш-алты жылдын аралыгында биринчи орунга чыкчудай болуп жатат. Албетте, технология жактан АКШ алдыда, бирок соода-сатыктагы ролу, өндүрүштүн көлөмү жагынан Кытай алдыга озуп кетти. Кытай биздин коңшубуз болгондуктан, алардын Кытайдын ушул дараметин колдонушубуз керек. Ал жактан инвестиция келиши үчүн биз бул жакта Кытайдын бизнес маданиятына – ишти кандай алып барышат, сүйлөшүүлөрдү кантип жүргүзөт, көңүл буруп, даярдык көрүшүбүз зарыл. Менимче, бул жагынан алганда Казакстан менен Өзбекстан жакшы кадамдарды жасап, жыйынтыктар боло баштады. Бизде да жылыш бар, бирок көбүрөөк аракет керек".
Чынара Эсенгулдун пикиринде, ошол эле маалда Кыргызстан дүйнөлүк тенденцияларга көңүл буруп, Европа, Орусия, Кытай менен тең салмакта мамиле түзгөнгө аракет кылышы абзел. Саясат талдоочу ири мамлекеттер өздөрүнүн шарттарын кое беришерин, буга туруштук берүү – дипломатиялык чеберчиликтен жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ынтымагынан көз каранды экенин белгилейт:
"Жалгыз болсок, ири державалардын тузагында калып калышыбыз толук мүмкүн. Бирок Борбор Азиядагы беш мамлекет биримдикте болсо, анда Орусия болобу, Кытай болобу, Батыш мамлекеттери болобу тең ата мамиле түзгөнгө шарт түзүлөт. Борбор Азия мамлекеттеринин ынтымагы бекемделсе, дүйнөлүк саясаттагы ролубуз, ордубуз чоңураак болот".
Кыргызстан үчүн азыркы эң маанилүү долбоор – "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу. Жаңы темир жол ачылса, Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Иран, Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Европага түз чыга алат. Бул долбоор өлкөнү транзиттик көпүрөгө айландырып, транспорттук көз карандысыздыкты арттырары айтылууда. Курулуш иштери 2024-жылы декабрда башталган.
Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында Кыргызстандын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет катка кол коюлганы белгилүү болду.
Темир жолдон тышкары да эки өлкө ортосунда бир катар чоң долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында энергетика, ирригация, жолдорду оңдоо жана өнөр жай ишканаларын ачуу багытындагы кызматташуулар бар.
Кытай инвестициялары Кыргызстанда ГЭСтерди модернизациялоого жана соода-логистикалык борборлорду курууга да багытталууда.
Бирок аналитиктер Кытайдан насыя алуу жана ири долбоорлорду каржылоо тармагында этият болууну сунуштайт, ансыз да Кыргызстандын тышкы карызынын чоң бөлүгү Кытайга туура келет.












