Өспүрүм курактагы балдарга автономия берели

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Асылбек Жоодонбеков, педагог
Бул макалада ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамиле, өспүрүм курактагы балдардын негизги өзгөчөлүктөрү, өспүрүм жашындагы балдарда кездешкен көйгөйлөр, муундардын ортосундагы айырмачылыктар жана ата-энелик кылуунун маанилүү аспектилери тууралуу кеп козголот.
Өткөн жуманын башында, Токмок шаарында ата-энелер менен балдар темасында баарлаштык. Азыркы балдардын кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңар? Алар 15-20 жыл муруңку жаштардан эмнеси менен айырмаланат деген суроого:
“Алар абдан өзүмчүл келишет, дайыма иштин жеңилине качырышат, ошону менен бирге өз укуктарын абдан жакшы билишет. Көңүлдөрү бир жерге токтобойт. Гаджеттерди жакшы колдонушат жана колдорунан түшүрүшпөйт. Мурунку балдарга салыштырганда аябай эле назик жана сабырсыз келишет. Акчага жакын, бай жашоону көздөшөт. Бир четинен өтө зирек, акылдуу, талапчыл” - деген жооптор айтылды.
Өз кезегинде өспүрүм курактагы балдар менен баарлаша келгенде, алар ата-энелери тууралуу төмөнкүлөргө токтолушту:
“Позитивдүү өрнөк көрсөтүп, дайыма колдоого алышарын, сырдашып, дос катары мамиле кыла билгендигин. Бирок, көпчүлүк учурда, алардын ишине ыксыз кийлигише бергендигин, өз оюн таңуулагандыгын, өз балалыгын даңазалап, алардын чоркоктугун сындагандыгын, зарыл болуп, болбосо да иш таап тургандыгын, смартфон кармасаң эле пайдасыз бир нерселер менен алектенип жаткандай кабылдашкандыктарын, санаачыл, кээде ашыкча шектенгич”.
Өспүрүм курактагы балдар

Сүрөттүн булагы, esimde.org
БУУ нун классификациясына ылайык, 10-19 жаш арасындагылар өспүрүмдөр болуп, 10-14 жаш арасындагылар эрте өспүрүм куракка, 14-19 жаш арасындагылар болсо кечки өспүрүм куракка кошулат. Дүйнөдө Teenager (англис тилинен алынган) аталган 13-19 жаш арасындагы балдар образдуу ушундай айтылып калган.
Негизинен аталган жаш куракта балдар физикалык, психологиялык жана эмоционалдык өзгөрүүлөргө учурап, жетилип жаткандыктары көзгө даана учурайт. Мындай процесстердин болуп жаткандыгынын өзү, балдардын толук кандуу калыптанып жаткандыгынын белгиси болуп саналат.
Ал куракта физикалык өсүүдөн тышкары, балдардын психикасында, эмоционалдык абалдарында өзгөрүүлөр байкалат. Кээде өзүн кичинекей баладай алып жүрсө, кай бир учурда таптакыр оюңузга келбеген, өзүн чоң кишидей сездирген сөздөрү, сезимдери, жүрүм-туруму менен улууларды таң калтырышы ыктымал.
Алар тинейжер курагына келгенге чейин ата-энесинин, чоңдордун айтканынан чыкпастан талаптарын так аткарып келишкен. Эми алардын турмуштук жагдайларга карата өз пикири, мамилеси пайда болот. Кээде сиздин кыжырыңызды кайната турган, сиз күтпөгөн чечимдерди кабылдайт. Алар ушул куракта чечим чыгарууда логикага эмес, сезимдерине, эмоциясына таянышат, атүгүл айрым учурларда протесттик жүрүм-турумдарын байкоого болот.
Доор алмашат, кызыкчылыктар өзгөрөт, муун жаңырат
Азыркы күндө дүйнөдө Уильям Штраус жана Нил Хау аттуу америкалык изилдөөчүлөрдүн “Муундар теориясы” деп аталган эмгеги кеңири жайылып, ага ылайык болжолдуу жыйырма жыл аралыгында төрөлгөндөр дүйнө таанымы, кызыкчылыктары боюнча бир муунга кирет. Ал муундун өкүлдөрүндө өздөрүнө таандык өзгөчөлүктөр даана байкалат. Мисалы, 1960-1980 жылдары туулгандар (Х мууну) үчүн стабилдүүлүк, дайымкы иштеген иши, телевизор, коллективдүү эмгек маанилүү.
1980-2000 жылдарда төрөлгөн муундун (Y мууну, миллениалдар) кызыкчылыктары башка. Алар технология өнүккөн, ар кыл мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болгон мезгилинде чоңоюшкан жана онлайн иштөөнү жактырат, дүйнө кезишет, эки-үч жогорку билими бар. Офисте иштөөнү жактыра беришпейт. Бир жерде көпкө кармалбайт.
Ал эми 2000-жылдардан кийин төрөлгөн зет (Z, зумерлер) мууну дагы көбүрөөк онлайнда, тагыраак айтканда иштеринин дээрлик көпчүлүгүн онлайн бүтүрүшөт. Алардын реалдуу жана интернет дүйнөсү бар.
Аң сезимдүү ата-энелик
Адам баласынын аң сезими өсүп, жашоонун жакшырышы менен ар бир кадамга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо чакырыктарынын, өрнөктөрүнүн күч алып бараткандыгын байкоого болот. Азыркы тапта өнүккөн өлкөлөрдө, маалыматтуу инсандарда аң-сезимдүү ата-энелик (Conscious parenting, осознанное родительство) деген түшүнүк калыптанып, ата-энеликке өзгөчө жоопкерчилик менен караган жаштардын саны өсүүдө.
Ошол эле мезгилде жаштар арасында аң сезимдүү ата-энелик туюму өрчүгөндүктөн, бала күтүүнү пландаштыруу үй-бүлө куруу курагынын жогорулап жаткандыгын көрүүгө болот.
Жакында “Балдарды жетилтүүдөгү атанын орду” деген темада жергиликтүү басылмалардын талкуусуна катышканыбызда жаш аталардын маалыматтык, психологиялык жана эмоционалдык даярдыктарын, жубайларына аяр мамиле кылгандыктарын көрүп кубанычка бөлөндүк.
Өспүрүм курактагы балдар менен ата-эне мамилеси
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогоруда айтылып өткөндөй, ар бир муундун жашап өткөн мезгили социалдык, технологиялык, маалыматтык, демографиялык шарттарга карата өзгөчөлөнүп турат.
Кыргыз коомчулугунда муундардын ортосундагы ажырым, көз караштардын палитрасы көзгө даана урунат. Мындай шартта балдар менен ата-энелердин ортосунда мамилелер кандай чечилүүдө? Алардын мамилесинде кандай өзгөчөлүктөр байкалат? Окумал, маалыматтуу жаштардын арасында аң-сезимдүү ата-энелик жолуна түшкөндөрдүн саны артып бара жаткандыгы кубандырбай койбойт. Алар ата-эне болууга жоопкерчиликтүү мамиле кылгандар. Дайыма изденүүдө болгондор. Педагогика, психология, социология жана башка жааттарда онлайн жана оффлайн семинарларга катышып, интернет аркылуу педагогикалык сабаттуулугун арттыргандар.
Өздөрү менен кошо балдарын да таанып билип, заман талаптары мене кошо жарышкандар. Булардын пайыздык көрсөткүчү абдан аз.
Ошол эле мезгилде, дагы деле билим берүү мекемелери, бала бакча, мектеп жана башка окуу жайлар балдардагы зарыл сапаттарды калыптандырышы керек деп, жүктү аларга оодарып, дагы деле союздагыдай мамлекетке үмүт арткандардын саны да аз эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өспүрүм курактагы балдарга автономия берели
Өспүрүм куракта балдар өздөрүн тапкысы келет. Алар өздөрүнө суроо беришет. Мурун бардык нерсени ата-энесинен сураса, эми анын маалымат булагы - чөйрөсү, достору, кумир туткан адамдары болушу мүмкүн.
Барган сайын ата-эненин авторитети азаят. Бала ата-энесиндеги кемчиликтерди байкай баштайт. Алардын да катардагы адамдардын бири экендигин аңдайт. Чөйрө менен көп убакыт өткөрүп, жаңы нерселерди байкап, мурун батына албай жүргөн нерселерин жасап көргүсү келет.
Эгерде үй-бүлөдөгү фундаменталдык баалуулуктар бекем болсо, өз ара түшүнүүчүлүк болсо анын дүйнө таанымына каршы келген, сырткы терс нерселерден тез эле алыстайт.
Буга чейин жасап жүргөн ишинен баш тартып, жаңы нерселер менен алектене башташы мүмкүн. Мындай жагдай ата-эненин тынчын албастан баланы кубаттоого түртүшү зарыл. Себеби бала өзүн издеп жатат. Өзүнө суроолорду бере баштады. Издене баштады. Дал ушул чакта баланын тандоосуна маани берүү зарыл. Алар менен достордой сүйлөшүп, айрым учурларда аралыктан байкоо салып, демилгелерди көтөрсө колдоого алуу максатка ылайык келет.
Балдардын каалоолорун, чечимдерин колдойлу
Баланы өспүрүм курагында аны өзгөчөлүктөрү менен кабылдоо туура болот. Бул убакытта балага максималдуу автономия берүү зарыл. Ансыз деле бул курак баланын өзү үчүн карама-каршылыктарга, сыноолорго толгон, өз ичине батпай турган мезгили.
Ушул учурларда кээ бир ата-энелер балдары аркылуу өз амбицияларын ишке ашыргылары келет. Бул жагдай бала жана ата-эне үчүн дагы кооптуу, себеби таңууланган нерсе адамга бактылуулук сезимин алып келиши күмөн.
Ал эми адам баласында канааттануу болбосо эртеби-кечпи бардыгына кол шилтеп коюусу толук ыктымал. Ар бирибиз уникалдуубуз. Сиздин балаңыз жана кызыңыз болгонуна карабастан анын кызыкчылыктары да ата-энесиникинен кескин айырмаланышы мүмкүн.
Идеялдуу адам жок. Кандай болсок, балдарыбызга ошондой көрүнгөнүбүз оң. Айрым кемчиликтерибизди моюнга алып, ката кетирсек аны кабылдоо, зарыл учурларда кечирим сурай билүү да күчтүү ата-энелерге мүнөздүү сапаттардын бири.
Улуу муундун өкүлдөрүнүн: “Биздин бала кезде мындай эле. Тигиндей иштерди кылчу элек. Силер эч нерсеге жарабайсыңар” сымал дооматтары, мыскылдары орунсуз. Анткени балалыгыңыз өткөн мезгилден, тагыраак айтканда 30-40 жылдан бери далай суулар акты, жашоо образынан тартып, чөйрөбүз, тамак-аш, дүйнө тааным жана башка толгон токой тармактар өзгөрдү. Биздин балдар айрым нерселерде чоркок болгону менен өз замандарына ылайык зарыл көндүмдөргө, жөндөмдүүлүктөргө эгедер.
Балдарыбызды кичинекей кезинен тартып, калыпка салуу үчүн эмес, алардын ички мүмкүнчүлүктөрүн көрө билген, өзүн-өзү реализация кылууга көмөктөшкөн, шыктандырган устаты бололу.
Келиңиздер, балдарыбызга өз оюбузду таңуулабастан, чечимдерди сунуштаган, сөз менен эмес жашоо өрнөгүбүз менен жол көрсөткөн, буйрукчул эмес кызматташкан, алардын чечимдерине, тандоолоруна түшүнүү менен мамиле кылган зирек ата-эне бололу.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












